Орусияда Украинадагы согушка мобилизация болгондордун жакындары автофлешмоб уюштурушту. Алар автоунааларына согуштагы күйөөлөрүн, туугандарын кайтарууну талап кылган стикерлерди чапташууда. Бул тууралуу "Путь домой" Телеграм-каналы жазды.
Анда жарыяланган сүрөттөр Ижевск, Орел, Барнаул шаарларынан, Краснодар жана Амур облустарынан келгени белгиленген.
Автоунаага чапталган сүрөттөрдө “Күйөөмдү кайтаргыла! Мен чарчадым”, - деген сыяктуу сөздөр жазылганын көрүүгө болот.
Буга чейин аталган Телеграм-каналда мөөнөтсүз мобилизацияга каршы манифест жарыяланган. Анда Украинадагы мобилизацияга тартылгандардын жакындары согуштан күйөөлөрүн, туугандарын кайтарууну талап кылышкан.
Манифесттин авторлору мобилизацияны “чоң ката” деп атап, Орусиянын президенти Владимир Путинди сынга алышты.
"Президент "резервдегилер согушка тартылбайт, “атайын операциянын” тапшырмаларын кесипкөй ыктыярчылар гана аткарат деп убада бергени эсибизде. Андан кийин жакындарыбызды Украинага алып кетишти. Убадалары куру сөз бойдон калды", - деп жазылган билдирүүдө.
Жакында эле Путин мобилизацияга тартылгандар согуш аяктамайынча үйлөрүнө кайтпастыгын билдирген.
Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылдын сентябрынан бери Орусияда “жарым-жартылай мобилизациянын” алкагында запастагы 330 миңден ашуун жаран аскерге чакырылган.
Казакстандын Караганда облусунун 34 жаштагы тургуну Алексей Шомполов Украинадагы согушка катышканы үчүн алты жылга эркинен ажыратылды.
Ал “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын катарында Орусия тарапта согушкан. Соттун өкүмү 28-ноябрда күчүнө киргенин “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Маалыматка караганда, соттун эки инстанциясы тең аны “жалданып согушка аралашканы” үчүн күнөөлүү деп тапкан. Эркинен ажыратуудан тышкары, Шомполовго 205 миң рубль айып пул салынган.
Сотто Шомполов өз күнөөсүн мойнуна алып, өкүнөрүн айтып, жеңил жаза чегерүүнү суранган.
Тергөөнүн версиясына караганда, Шомполов социалдык түйүндөрдөн Орусияда жакшы төлөнгөн жумуш тууралуу жарнама көргөн. Ал байланышкада, “Вагнердин” катарында согушка барса айына 240 миң рубль төлөп берүүнү убада кылышкан.
Шомполовдун айтымында, ал аталган компания менен келишим түзүп, Украинага жөнөтүлгөн. Май айында ал Бахмуттун тегерегиндеги кармашка катышкан. Кийин колунан жараат алып, ооруканага түшкөн. Шомполов Вагнерден 235 миң акчалай сыйлык алгандан кийин, Казакстанга кайткан. Ал Петропавловск шаарында кармалган. Сот алгачкы өкүмүн август айында чыгарган. Кийин Шомполов эки жолу доо арыз менен жогорку инстанцияларга кайрылган. Ал билбестиктен мындай кадамга барганын жүйө кылган.
Казакстандын мыйзамдарына ылайык, чет жактагы согушка аралашкандарга 7-10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Буга чейин Кыргызстанда дагы Орусиянын катарында согушка катышкандар кармалган.
Августта Орусиянын абагында отурган жеринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы менен келишим түзүп, Украинанын согуш талаасына жөнөп кеткен кыргызстандыктардын бири Бекназар Бөрүгул уулу камакка алынган.
30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулуна карата райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөттү.
Кыргызстандын мыйзамына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШ Украинага Орусиянын агрессиясына каршы турууда колдоо көрсөтүүнү улантат деген ниетте экенин билдирди. Ал мындай пикири менен 28-ноябрда, альянска мүчө 31 мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жыйынында бөлүштү.
“Кошмо Штаттар колдоо көрсөтүүнү улантарына ишенем, анткени бул АКШнын өзүнүн коопсуздугунун кызыкчылыгына жооп берет”,-деди Столтенберг.
АКШ президенти Жо Байден өткөн айда Украинага 61,4 миллиард доллар кошумча жардам бөлүүнү Конгресстен сураган. Азырынча буга айрым республикачылар каршы чыгып жатышат.
Politico басылмасы жазгандай, Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон 27-ноябрда Конгресс Украинага жана Израилге жардамды бекитет деген ишеничте экенин айткан.
Столтенберг башка союздаштарды дагы колдоо көрсөтүүгө чакырып, Германия менен Нидерланддын 10 миллиард евролук аскердик жардам көрсөтүү тууралуу билдирүүсүн кубаттады.
Финляндия өкмөтү Орусия менен чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттерди эки аптага, 13-декабрга чейин жапканын билдирди. Премьер-министр Петтери Орпо 28-ноябрда түшүндүргөндөй, буга үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын болуп көрбөгөндөй агымы түрткү болду.
“Орусия өзү бул кырдаалды жаратты, эми өзү чекит коюшу керек”,-деди Орпо.
Ал Финляндияга Орусия аркылуу 600дөй качкын киргенин билдирди. Ал арада Финляндиянын тышкы иштер министри Мари Рантанен мындан ары деңиз аркылуу же аба каттамы менен келгендер гана башпаанек сурап, кайрылса болорун айтты.
Расмий Хельсинки финн-орус чек арасындагы "Рая-Йоосеппи" бекетинен башка өткөрмө бекеттерди жабуу чечимин 22-ноябрда чыгарган.
Финляндия бийлигинин эсебинде Орусия бул мигранттарга чек арадан өтүүгө жардам берип улуттук коопсуздук коркунучун жаратууда. Бир эле ноябрь айында Финляндияга Орусия аркылуу Ирак, Сирия,Сомали, Пакистан, Йемен жана башка өлкөлөрдүн 900дөй жараны өткөн. Мурда бул көрсөткүч күнүнө бир нечеден ашчу эмес.
Москва Хельсинкинин кадамын “рационалдуу эмес” жана “провокациялык” деп атады.