Украинанын Куралдуу күчтөрү туткунга түшкөн аскерлерин орус тарап атып салышы мүмкүн делген видеону текшерип жатканын билдирди. Аталган видео украиналык DeepState Телеграм-каналында жарыяланган.
Маалыматта украин аскерлери ок-дарысы түгөнгөндүктөн, багынып берүүгө аргасыз болгону айтылат.
Видеодо эки аскер блиндаждан колдорун көтөрүп чыгып келе жатканы, кийин аларды орус жоокерлери атканы көрсөтүлгөн. Окуя Авдеевкадан түндүк-батыш тараптагы Степовое айылынын аймагында болгон.
Буга чейин да туткундагы жоокерлердин атылышы боюнча Украина менен Орусия бири-бирин согуштун мыйзамдарын бузганы үчүн айыптап келген. Эки тараптан тең аскерлердин атылганын көрсөткөн бир катар видеолорду БУУ жана башка укук коргоо уюмдары болгон окуя деп сыпаттап келген.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн «Таврия» ыкчам стратегиялык башкармалыгынын өкүлү Александр Штупун видео текшерилип жатканын билдирди. Орус тарап окуя тууралуу коммментарий бере элек.
Херсон жана Донецк облустарын аткылоодон кеминде эки киши мерт болду. Херсон облустук аскердик администрациясы маалымдагандай, аймакка 300дөн ашуун снаряд атылган. Натыйжада бир жай тургун набыт болуп, дагы бирөө жараат алды.
Донецк облусунун бийлиги Часов Яр шаарында ракета соккусунан бир адам мерт болуп, экөө жараат алганын билдирди.
Аткылоого Харьков облусунун чек арага жана фронтко жакын жайгашкан айыл-кыштактар да кабылды. Аймактын аскердик администрация башчысы Олег Синегубовдун сөзүнө караганда, авиабомбадан Куриловкадагы үй жана гараж кыйраган. Жай тургундар жабыркаган эмес.
Акыркы суткада орус армиясы Запорожье облусундагы 17 шаар-кыштакты 99 ирет аткылаганын облустун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Малашко 2-декабрда билдирди. Анын айтуусунда үй менен сарай жабыркаган.
Одесса облусуна 11 дрон менен чабуул жасалган, алардын ону жок кылынган. Аткылоолор жана жарылуулар Днепрде да болгону кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги адатта Украинадагы аскердик жайларды гана бутага алганын билдирип, көптөгөн далилдерге карабастан калктуу конуштарды, жарандык инфраструктураларга сокку урганын моюнга албай келет. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Украин президенти Владимир Зеленский аскерлеринин жайындагы контрчабуулу Киев күткөндөй жыйынтык бербегенин моюнга алды. Зеленский муну союздаштарынан зарыл курал-жарактарды албаганына байланыштырды.
Украин президенти бул тууралуу Associated Press агенттигине курган маегинде билдирди.
"Биз ыкчам натыйжа болсо деп каалаганбыз. Бул жагынан караганда биз күткөндөй жыйынтык болгон жок. Бул факт", - деген Зеленский ошол эле учурда бул Киев капитуляцияга барууга түрткү боло албасын белгиледи. "Биз өзүбүздүн ишибизге ишенебиз жана өзүбүзгө таандык жер үчүн күрөшүп жатабыз", - деди ал.
Зеленский согуштун жаңы фазасы алдыда экенин, кышында согуш фронтто гана эмес, шаарларда да жүрө турганын белгиледи. "Душмандын шаарларга карай дрон, ракеталар, анын ичинде баллистикалык ракеталар менен чабуулдары күч алат", - деди ал.
Украин лидери дүйнө коомчулугунун көңүлү Жакынкы Чыгышка бурулганын белгилеп, ошол эле учурда Украинада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки ири, глобалдуу согуш жүрүп жатканын унутпоого чакырды.
Мурдараак украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный Economist журналына маек куруп жатып, Орусия менен согуш "туюктукка кептелгенин", чабуулдар позициялык согушка айланып, узак жылдарга созулуу коркунучу бар экенин айткан. Зеленский кийинчерээк анын сөзүн жокко чыгарган.
Октябрь айында АКШ президенти Жо Байден Украинага коргонуу үчүн берилүүчү 105 млрд долларлык жардамды бөлүүсүн сурап Конгресске кайрылган. Анын ичинен 61,4 млрд доллар Украинага, 14,3 млрд доллар Израилге. Конгресс анын сунушун колдой элек.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл быйыл жазда үч баскычтуу планын жарыялаган. Ага ылайык, Евробиримдик Украинаны 12 ай ичинде адегенде учурдагы запастар аркылуу, андан кийин биргелешкен сатып алуу келишимдери жана өндүрүштү көбөйтүү аркылуу бир миллион артиллериялык курал менен камсыздашы керек болчу. Жыл аягына жакын Еврошаркет ага жетише албай турганы кабарланган.
Орусиянын армиясындагы кызматкерлердин саны дээрлик 170 миң адамга көбөйөт. Мындай жарлыкка президент Владимир Путин 1-декабрда койду. Документ Кремлдин сайтына жарыяланып, кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирерин ТАСС кабарлады.
Путиндин буйругуна ылайык, куралдуу күчтөрдөгү аскерлердин саны 2 млн 209 130 адам болот, анын ичинде 1 млн 320 миң адам аскер кызматкерлери. Буга чейинки документте бул көрсөткүч 2 млн 039 758 адам болчу, анын ичинде 1 150 628и аскер кызматкери. Күчүн жоготкон буйрук 2023-жылдын 1-январынан тарта иштеди.
"Куралдуу күчтөрдүн штаттык санын көбөйтүүгө - атайы аскердик операцияга байланыштуу биздин өлкөгө коркунуч күч алышы жана НАТО улам кеңейип баратканы себеп болду", – деп жазылган Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө. Мекеме ошондой эле өлкөдө жаңы мобилизация пландалбаганын билдирип, аскерлердин саны өз эрки менен келишимдик негизде кызмат өтөгөндөрдүн эсебинен көбөйөрүн маалымдады.
Орусияда аскерге мобилизация 2022-жылы күзүндө жүргөн. Ал убакта орус куралдуу күчтөрүнүн катарына 300 миңдей киши чакырылганы кабарланган.
Аскерге чакырылгандарды окутуп-үйрөтүүгө, кийим-кечесине жана тамак-ашына каражат жетишсиз экени айтылып келет. Ушундан улам орус армиясында жоготуулар күч экенин Украинадагы согушта набыт болгон аскерлердин санын иликтеген журналисттер белгилеп келет.
Ал арада Орусия Украинага кол салгандан бери орус армиясынын 38 261 жоокери набыт болгонун Би-Би-Синин орус кызматы "Медиазона" басылмасы жана ыктыярчылар менен бирге жүргүзгөн иликтөөсүндө жарыялады.
Иликтөөчүлөрдүн маалымдашынча, 17-ноябрдан 1-декабрга чейинки аралыкта каза болгондордун тизмесине 1200 адамдын аты-жөнү кошулган. Журналисттер аскерлердин өлүмү көбөйүп жатканын фронттогу катуу салгылашуулар менен байланыштырууда.
Маалыматка ылайык, ноябрдын башынан тарта Донецкиден алыс эмес жайгашкан Авдеевкада набыт болгон жоокерлерге жазылган некрологдордун саны өскөн. Херсон облусунда - Днепр аралы жана Крынки кыштагындагы салгылашуулар күч алган аймактарда өлгөндөр тууралуу кабарлар көбөйгөн.
Би-Би-Синин орус кызматы "Медиазона" басылмасы жана ыктыярчылар менен бирге Украинадагы согуш башталгандан тартып, анда өлгөндөрдүн эсебин жүргүзүп келет.
Иликтөөдөгү жоготуулар коомчулукка ачык жарыяланган гана маалыматтардын негизинде эсептелген. Журналисттер өлгөндөр жөнүндө, алардын тажыялары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары жана маркумдардын жакындары жазган маалыматтарды колдонушкан. Авторлор жоготуулардын реалдуу саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгилейт.
Би-Би-Синин орус кызматы буга чейин Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 50 миң адам каза болгон деген божомолун жарыялаган.
Орусия да, Украина да согуштагы жоготуулары тууралуу ачык маалымдабайт. Орусиянын Коргоо министрлиги былтыр сентябрда согушта 5937 аскери өлгөнүн билдирген. Быйыл жазында америкалык чалгын кызматынын маалыматтарында Украина 17 миңге чукул аскеринен ажыраганы, 110 миң чамалуу жоокери жаракат алганы тууралуу жазылган.
Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган.