Орусиянын Коргоо министрлиги 5-декабрга караган түнү украиналык 41 дронду атып түшүргөнүн билдирди. Маалыматка караганда, түн ичинде Азов деңизи жана аннексияланган Крым жарым аралынын үстүнөн 22 учкучсуз учак жок кылынды, 13ү колго түшүрүлдү.
Эртең менен таң эрте Азовдун үстүнөн дагы төрт дрон жок кылынган.
«Свобода» радиосу жазгандай, Крым көпүрөсү төрт сааттан ашык жабык турду. Жарым аралдын тургундары ондон ашык жарылуунун добушун укканын айтышты. Коргоо министрлиги чабуулдар үчүн Киев режимин айыптады. Украина бул маалыматты комментарийлеген жок.
Ал эми Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү ушул эле түнү Орусия өлкө аймагына Иранда жасалган 17 дрон учурганын жана алты даана С-300 ракета атканын, Украинанын аймактарынан 10 учкучсуз учак жок кылынганын Телеграм-каналында маалымдады. Орусия дагы бул маалыматты комментарийсиз калтырды.
Харьков облусунун администрация башчысы Олег Синегубовдун айтымында, чабуулдан Чугуевдин жашоочусу жабыркады, турак жайлар, дүкөн жана маданият үйү зыян тартты.
Эгер АКШ Конгресси Украинага кошумча жардам көрсөтүү үчүн каржы бөлүүнү жактырбаса, Вашингтон буга чейин бөлгөн акча жыл соңунда түгөнөт. Бул тууралуу Ак үйдүн Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсонго жолдогон катта белгиленет. Каттын мазмуну 4-декабрда жарыяланды.
"Конгресс аракет кылбаса, жыл соңуна чейин Украинга көп көлөмдөгү курал-жабдык жана техника алып берүү үчүн ресурсубуз калбайт. Бизде акча калбай калды, убакыт жок”,-деп кайрылган Жонсонго Ак үйдүн административдик бюжет боюнча башкармылыгынын директору Шаланда Янг.
Ал кошумчалагандай, америкалык техника менен курал-жабдыкты жеткирүүнү токтоп калышы украиндердин жетишкендиктерин тобокелчиликке кептебестен, согушта Орусиянын жеңүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Ноябрдын ортосуна чейин Пентагон Украинага бөлүнгөн 62,3 миллиард доллардын 97% короткон. Октябрь айында АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украина, Израил жана Инд-Тынч океан аймагындагы операциялар үчүн жалпы 106 миллиард доллар бөлүп берүүнү суранган.
Мыйзам чыгаруучулар азыр бул боюнча бир пикир таба элек.
Орусиянын күчтөрү 4-декабрга караган түнү Украинанын аймагына 23 жолу "Шахед" дрондору менен чабуул койду. Украин армиясы билдиргендей, алардын 18и абадан атып түшүрүлдү. Андан тышкары Х-59 башкаруучу авиабомбасы жарактан чыгарылды.
Херсон шаарынын мэри Роман Мрочко билдиргендей, 3-декабрда Днепр дарыясынын сол жээгиндеги орус күчтөрү калаанын борбордук бөлүгүн артиллерия менен аткылады. Соккулардын бири көп кабаттуу үйгө тийген. Андан тышкары шаардагы эки медициналык мекеме дагы аткылоого дуушар болгону кабарланды. Маалыматка караганда, эки карапайым тургун набыт болуп, жетиден көп киши жараат алды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 4-декабрда тараткан маалыматка ылайык, Авдеевка, Купянск, Лиман жана Шахтерск багыттарында айыгышкан салгылашуу уланууда. Соңку бир суткада 68 кагылышуу катталды.