Непалдын бийлиги Москваны өлкө жарандарын орус армиясына жалдабоого жана келишимдерге кол койгондорду демобилизация кылууга чакырды. Reuters агенттиги кабарлагандай, буга чейин Украинада Орусиянын тарабында согушкан непалдык алты киши каза тапкан.
Агенттик Непалдын жалданма аскерлери жакшы машыккан, мыкты согуштук чеберчилиги менен белгилүү болорун, муну алар британ жана Индия армияларында далилдегенин жазды. Ал мамлекеттер менен Непалдын тиешелүү келишими бар, бирок Орусия менен түзүлгөн эмес.
Маркумдар кандай жагдайда набыт болгону айтылган жок. Непалдын Тышкы иштер министрлиги Москваны алардын сөөктөрүн кайтарууга жана жакындарына кенемте төлөөгө үндөдү. Дагы бир маалыматка ылайык, непалдык жаран украин аскерлеринин туткунуна түшкөн. Катманду бийлиги аны бошотууга аракет көрүүдө. ТИМ непалдыктарды кайсы тарапта болбосун, Украинадагы согушка катышпоого чакырды.
The Kathmandu Post басылмасы жазганына караганда, орус армиясына Непалдын 200 жараны азгырылган. Бул маалыматты басылма ал өлкөнүн Москвадагы элчисинен алганын билдирди. Дипломат мекендештерин "жалданма согушкерлер" деп атаган. Кеп армия же менчик аскердик компаниялар тууралуу жүрөбү белгисиз.
Орусия бул маалыматка комментарий кыла элек. Непал Гималайда, Индия жана Кытай ортосунда жайгашкан.
Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө Украинадагы согушта Орусиянын тарабында кармашкан жүзгө жакын борборазиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени айтылган.
Иликтөөдө "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттары тууралуу жазылган.

Украинанын Херсон шаарында орус аскерлеринин аткылоосунан кеминде эки киши мерт кеткенин, үчөө жараланганын шейшембиде бийлик өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, саат 9 чамасында болгон сокку 48 жаштагы эркек кишинин жана тек-жайы аныктала элек аялдын өмүрүн кыйды.
Аймактык прокуратура соккуларга байланыштуу "согуш кылмышы" беренеси менен иш ачты.
Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Телеграм-каналына эки сөөк жаткан жердин сүрөттөрүн жарыялап, “террористтер” деген сөз айтты.
Херсондун мэри Роман Мрочконун айтымында, 5-декабрда шаардын дагы бир жеринде медициналык жай артиллериядан аткыланганда эки дарыгер жараат алды.
Бул тууралуу маалымат тараткан Reuters кабар агенттиги ошол окуялардын чоо-жайын бышыктай албасын жазды.
Орусиянын армиясы былтыр Херсон шаарынан Днепр дарыясынын башка жээгине чегингенден кийин калааны такай аткылап келет.
Орусиянын Коргоо министрлиги 5-декабрга караган түнү украиналык 41 дронду атып түшүргөнүн билдирди. Маалыматка караганда, түн ичинде Азов деңизи жана аннексияланган Крым жарым аралынын үстүнөн 22 учкучсуз учак жок кылынды, 13ү колго түшүрүлдү.
Эртең менен таң эрте Азовдун үстүнөн дагы төрт дрон жок кылынган.
«Свобода» радиосу жазгандай, Крым көпүрөсү төрт сааттан ашык жабык турду. Жарым аралдын тургундары ондон ашык жарылуунун добушун укканын айтышты. Коргоо министрлиги чабуулдар үчүн Киев режимин айыптады. Украина бул маалыматты комментарийлеген жок.
Ал эми Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү ушул эле түнү Орусия өлкө аймагына Иранда жасалган 17 дрон учурганын жана алты даана С-300 ракета атканын, Украинанын аймактарынан 10 учкучсуз учак жок кылынганын Телеграм-каналында маалымдады. Орусия дагы бул маалыматты комментарийсиз калтырды.
Харьков облусунун администрация башчысы Олег Синегубовдун айтымында, чабуулдан Чугуевдин жашоочусу жабыркады, турак жайлар, дүкөн жана маданият үйү зыян тартты.