Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:25
Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Трамп Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү "жакшы" деп баалады

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:44 8.12.2023

Украина америкалык "Вампирлерди" алат

АКШ Украинага учкучсуз учактар менен күрөшүү үчүн Vampire ("Вампир") системасынын 14тү берет. Бул тууралуу АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн башкармалыгы билдирди. Буга чейин украиналык аскерлер мындай системадан төрттү алган.

Vampire – телекамера жана тепловизор менен жабдылган мобилдик зениттик комплекс. Аны APKWS зениттик ракеталарын атуу үчүн колдонушат. Бул жаңы ойлоп табылган жабдык, "Вампирлер" сыноодон биринчи жолу 2021-жылы өткөн.

Ал арада Вашингтондо өткөн АКШ жана Украинанын коргоо индустриясынын жыйынында аскердик өндүрүш боюнча меморандумга кол коюлган. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак билдирди. Анын айтымында, жаңы өндүрүш Украинанын аймагында жайгашмакчы.

Украинанын стратегиялык өндүрүшү боюнча министр Андрей Камышин кеп 155-миллиметрлик артиллериялык снаряддар тууралуу болуп жатканын тактады. Украина армиясы учурда курал-жарактан өксү болууда. Өлкөнүн бул каруу-жаракты жасаган өз өндүрүшү жок. Министрдин айтымында, өндүрүштү ишке киргизүүгө эки-үч жылдык убакытты алат.

20:28 7.12.2023

Шаршембинин кечинде АКШнын Сенаты Украина жана Израилге аскердик, Газага гуманитардык жардам берүү каралган мыйзам долбоорун колдобой койду. Добуш берүү алдында президент Жо Байден Вашингтон Владимир Путиндин согушту жеңишине жол бере албасын айткан.

Сенаттагы добуш берүү

Мыйзам долбооруна республикачылардын бардыгы жана көз карандысыз сенатор Берни Сандерс каршы добуш беришти. Республикачыл мыйзам чыгаруучулардын көбү Киевге жардам берүүнү улантууну колдогону менен, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылууда. Ал эми Сандерс Израилдин «гумандуу эмес аскердик стратегиясына» тынчсыздануусун билдирип келет.

АКШнын Конгресси
АКШнын Конгресси

Натыйжада долбоорду 49 сенатор колдоп, 51и «жок» деп добуш беришти. Акча бөлүү жөнүндө талкууну баштоо үчүн 60 добуш зарыл болчу.

Сенаттагы республикачыл азчылыктын лидери Митч Макконнелл «Американын улуттук коопсуздугундагы артыкчылыктуу, анын ичинен өлкөнүн өзүндөгү маселелерди чечүү зарылдыгын» белгиледи.

Колго салынган мыйзам долбоорунда чек араларды бекемдөөгө, Украинага жана Израилге аскердик жардам, Газага гуманитардык жардам бөлүү каралган.

Демократтар менен республикачылар Украина менен Израилге акча бөлүү маселесинде бир нече жумадан бери мунаса таба албай келатышат.

Октябрдын аягында президент Жо Байден Конгресстен эл аралык коопсуздукка жумшалчу каражатты бекитүүнү өтүнгөн. Украинага ал пакеттин алкагында 61 млрд доллар берилмек.

“Путиндин жеңишине жол бере албайбыз"

Сенаттагы добуш берүү алдында Байден мыйзам чыгаруучуларга кайрылып, Конгресстен Кристмасс (жаңы жыл) майрамдарына чейин Киевге мындан аркы каржылык жардамды бекитүүнү талап кылды:

"Путиндин Украинадагы аёосуз аракеттерине күбө болдук. Башка өлкөгө басып кирип, кошунасын өзүнүн темирдей бийлигине баш ийдирүүнү көздөп жатат. Украинанын тынч элине каршы ырайымсыздык кылууда, энергетика секторун бомбалап, элди кычыраган кыштагы суукта, караңгыда калтырууга аракеттенүүдө".

Байден Орусия жеңсе, Украина менен токтоп калбай, башка өлкөлөргө, анын ичинен НАТОдогу союздаштарга да чабуул коюшу ыктымал деп ишенерин белгиледи.

“Андай болсо, америкалык армиянын орус армиясы менен кармашына жетиши мүмкүн”, - деп айтты АКШнын мамлекет башчысы.

Жо Байден
Жо Байден

“Путиндин жеңишине жол бере албайбыз. Бул биздин улуттук коопсуздугубузга, өнөктөштөрүбүздүн эл аралык кызыкчылыктарына төп келет. Украинага жардам берүүнүн үзгүлтүккө учурашы Путиндин позицияларын күчтөндүрөт”.

Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери АКШ Киевге жалпысынан 110 млрд доллардан көп жардам бөлдү.

Орусия Одессадагы маанилүү портко сокку урду

Сенаттагы добуш берүү алдында Reuters агенттигинин кабарчысы сөзгө тарткан Киевдин тургундары Батыштын аскердик жардамы кечеңдегенине тынчсыздануусун билдиришти:

"Кошмо Штаттар жардам бербесе, Украинага абдан жаман болот. Өзүбүз көбүрөөк акча чогултууга, ыктыярчыларды көбүрөөк тартууга аргасыз болобуз деп ойлойм. АКШнын жардамы токтосо, терс таасир этет", - деп айтат Анна Никитенко.

Евгений Ризаев да ушундай эле ойдо: "АКШ колдоосун токтотсо, арты биз үчүн жакшы болбойт. Европа Биримдигинин кээ бир өлкөлөрү жардам берүүнү улантат деп үмүттөнөм. Германия аскердик жардамын көбөйтүүдө жана колдоп жатат. Кыйын болуп калат, бирок биздин колубуздан эмне келет? Коргоно беребиз".

Ал арада 7-декабрда украин президенти Владимир Зеленский Токио Киевге 1 млрд доллар кошумча жардам бөлүүгө убада бергенин, бул акча өлкө экономикасына “чоң колдоо” болорун билдирди.

Шаршембиде Вашингтондо АКШнын жана Украинанын коргоо министрлери Ллойд Остин менен Рустем Умеров жолугушту.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү ошол эле күнү курал-жаракты биргелешип чыгарууну тездетүү жана маалымат алмашуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Измаил порту. Архив
Измаил порту. Архив

Орус армиясы бейшембиде да кошуна өлкөдөгү ар кайсы жерлерди учкучсуз учактардан аткылоону улантты. Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Измаил портундагы маанилүү инфраструктура соккуга учураганын Телеграм-каналга жазды.

Анын айтымында, бир айдоочу каза болду, буудай элеватору, дан сакталган кампа, жүк ташыган машиналар зыян тартты.

Ага чейин украин аскерлери Одесса жана Хмельницкий аймактарында Иранда жасалган 18 дрондун 15и атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Ошондой эле Донецк облусундагы Авдеевка шаары үчүн кармаш уланууда. Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бейшембиде эртең менен маалымдагандай, майдандын 94 жеринде салгылаш жүрдү, Авдеевкада аскерлер 34 чабуулдун мизин кайтарды.

Далилдер көп экенине карабай, Украинага басып киргенден бери Москва жарандык жайларды бутага албаганын айтып келатат.

12:10 7.12.2023

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрдагы маалымат жыйынында 2022-жылы Орусиянын абактарында жаткандарды Украинадагы согушка тарткан учурлар болгонун ырастады.

Ал "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, министрликтин кызматкерлери Орусиядагы миңден ашуун түрмөлөрдү кыдырып, ал жакта кармалып турган мигранттар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтты.

"2022-жылдын башында ошондой маалыматтар болгон. Биз Орусиянын бийлигине түз кайрылып, "биздин жарандарга чакыруу кылбагыла" деп айтканбыз. Биздин консулдар миңден ашуун түрмөнү кыдырып, маалымат алды. Ал жакта кармалып тургандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ким согушка барса, Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Украинадагы согушка Кыргызстандын канча жараны кеткени боюнча так маалымат жок. Биз деле факты болгондо гана билип жатабыз. Анткени алар жашыруун кол коюп, жашыруун кетип жатышат", - деди Кулубаев.

Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткандардын көбү Украинадагы согушка "Вагнер" жеке менчик аскер компаниясы аркылуу барышкан. Алардын ичинен кыргызстандык жарандар да согушка азгырылып, айрымдары көз жумганы кабарланган.

"Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып көз жумган кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө Украинадагы согушта Орусия азгырган жүзгө жакын борбор азиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени айтылган.

Эл аралык чалгын кызматтары өткөн айда Орусияда негизделген "Вагнер" жалданма аскерлер тобунун ордун эми "Редут" деп аталган жеке аскердик компания ээлей баштаганын, ыктыярчылар деген шылтоо менен жалданма адамдарды, анын арасында мурдагы "вагенрчилерди" азгыруу менен алектенип жатканын маалымдашууда.

12:09 7.12.2023

Американын Украинага кезектеги жардамы аба соккусунан коргонуучу куралдар, HIMARS үчүн жана артиллериялык курал-жарактар, радиацияга, танкка каршы ок-дарылар, аскер техникаларынын тетиктери жана башкаларды камтыйт.

Бул тууралуу "Америка авазы" радиосу маалымдады.

"Орусия согушту жана ырайымсыз баскынчылыгын токтотуп, аскерлерин Украинадан чыгарып кетмейинче, АКШ Украинанын артында турган 50дөн ашуун өлкөнүн коалициясын жетектөөнү улантканы өтө маанилүү", - деп билдирди АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен.

Блинкендин сөзүнө караганда, Конгресс улуттук коопсуздукту камсыздоого кошумча каражат бөлүү чечимин кабыл албаса, бул Украинага берилүүчү акыркы жардамдардын бири болот.

Мамкатчы Украинага Орусиянын баскынчылыгынан коргонууга жана анын келечегин камсыздоого берилүүчү жардам АКШнын улуттук коопсуздугуна тиешелүү экенин жана жалпы дүйнөдөгү тынчтык менен туруктуулукка таасири тиерин айтты. Конгресс улуттук коопсуздукту камсыздоого каражат бөлүүнү тез арада чечүүсү зарыл экенин белгиледи.

Шаршембиде АКШ президенти Жо Байден Конгресстеги республикачыларга кайрылып, Украинага жаңы жардам берүүгө чакырган. Ал Москва Украинаны жеңип алса, НАТОнун мүчөлөрүнө жана анын өнөктөштөрүнө кол салышы мүмкүн экенин эскертти.

"Путин Киевди каратып алуу менен токтобойт, - деп белгиледи Байден, - Ал НАТОнун өнөктөштөрүнө кол салат, мына ошондо америкалык армия орус армиясы менен согушат".

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Бул аралыкта АКШ Украинага коопсуздугун камсыздоо үчүн 44 миллиард доллардан ашуун аскердик көмөк көрсөттү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG