Орусиянын аскерлери Харьков облусундагы Купянск шаарын аткылашканын, эки аял набыт болгонун облус администрациясынын башчысы Олег Синегубов Телеграм каналга жазды.
Маалыматка караганда, 33 жаштагы киши жарадар болду. Жер там зыян тартты. Великий Бурлук айылында окуу жайдын жатаканасы кыйрап калды. Дагы бир айылда 51 жаштагы аял жабыркады.
“Азаттыктын” украин кызматы Энергетика министрлигине шилтеме менен кабарлагандай, калк жашаган кеминде 450 пункт орус армиясынын аткылоолорунан жана аба ырайынан улам электр жарыгысыз калды.
Ал арада украин президенти Владимир Зеленский Аргентинанын жаңы президенти Хавьер Милейдин ант берүү салтанатына катышуу үчүн Латын Америкасына барды.
Украиналык маалымат каражаттары президент Буэнос-Айресте Киевдин Еврошаркетке кирүү маселесинин айланасындагы пикир келишпестиктерди талкуулоо үчүн Венгриянын премьери Виктор Орбан менен жолугушуусу мүмкүн деп жазышты.
Ушул аптада Орбан Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелге жолдогон катында эмки жумада өтчү саммиттин күн тартибининен Украинанын мүчөлүгүн талкуулоону алып салууну талап кылганы кабарланган.
Брюсселдеги жыйында Украина жана Молдова менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөргө байланышкан чечим кабыл алынмакчы. Буга чейин шаркеттин аткаруу органы – Еврокомиссия оң чечим чыгарууну сунуш кылган.
Биримдиктин лидерлери ошондой эле Киевге 50 млрд евро жардам берүүнү талкууламакчы.
Украинанын оккупация болгон Мариуполь шаарында орусиялык аскерлер "коргонуучу жайларын жапырт кеңейтүүдө". Бул тууралуу шаардын мэринин кеңешчиси Петр Андрющенко кабарлап, видео чыгарды.
Орусиялык армия Херсон облусундагы Берислав шаарына дрон менен сокку урду. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин аткылоодон бир адам каза таап, дагы бирөө жараат алганын билдирди. Учурда жабыркаган адамга жардам көрсөтүлүүдө.
Украинанын өзгочө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы өткөн суткада Херсон облусуна ар кандай үлгүдөгү 41 снаряд атылганын, жыйынтыгында бир имарат, гараж жана автомобилдер жабыркаганын билдирди.
.
Украинанын куралдуу күчтөрү орусиялык беш учкучсуз учакты жок кылганын билдирди
8-декабрга караган түнү Украинанын аймагына орусиялык күчтөр "Шахед" үлгүсүндөгү жети учкучсуз учак жана алты С-300 ракетасы менен чабуул койду.
Бул тууралуу Украинанын аскер-аба күчтөрү билдирди. Дрондор Днепропетровск облусуна, С-300 – Харьков облусуна карай учурулган. Мекеменин маалыматында беш учкучсуз учак жок кылынды.
Аткылоодон Харьковдо эки адам жарадар болгонун аймактык администрация башчысы Олег Синегубов билдирди. Турак үйлөргө, окуу жайларга жана 20 автомобилге зыян келтирилген. Андан тышкары Купянск районундагы Куриловка кыштагы аткылоого кабылып, анын айынан беш кабаттуу үйдө өрт чыкты.
Днепропетровск облусундагы Павлоградск районуна урулган соккудан бир адам каза таап, төртөө жабыркады. Бул тууралуу аймактык аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар ооруканага жеткирилди, эки адамдын абалы оор.