- автор Айнура Жекше кызы
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдагы сапары учурунда Киевдин аскердик жардамга муктаж экенин түшүндүрүүгө аракеттенүүдө. 12-декабрда Зеленский президент Жо Байден менен жолугушуп, Сенатка кайрылмакчы.
Өткөн аптада республикачыл сенаторлор Украина жана Израилге аскердик жардам берүү каралган мыйзам долбоорун колдобой койгон. Ал эми ушул жумада Еврошаркет Украина менен мүчөлүк жөнүндө сүйлөшүүлөрүн баштоо-баштабоо маселесин чечүүгө тийиш.
Украинанын үмүтү
Дүйшөмбүдө украин мамлекет башчысы АКШнын Улуттук коргонуу университетинде сүйлөгөндө Вашингтонго буга чейинки жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, колдоо мындан ары да уланат деп ишенерин айтты:
"Бүтүндөй дүйнө бизге назарын бурууда, башка эркин өлкөлөрдү өз алдынча жашоо же чөгөлөп калуу тагдыры күтүшү мүмкүн экенине күбө болууда. Украина багынган жок жана багынбайт. Биз эмне кылууну билебиз, сиздер Украинага ишенсеңер болот, биз дагы силерге таяна алабыз деп үмүттөнөм”.
Өткөн аптада АКШнын Сенаты Украина жана Израилге аскердик жардам берүү маселеси каралган мыйзам долбоорун колдобой койгон. Республикачылар адегенде Мексика менен чек араны бекемдөөгө, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшкө көбүрөөк каражат бөлүүнү талап кылууда.
Октябрдын аягында президент Байден Конгресстен эл аралык коопсуздукка жумшалчу каражатты бекитүүнү өтүнгөн. Украинага ал пакеттин алкагында 61 млрд доллар берилмек.
Ак үй Киевге аскердик жардам жанданбаса, согуш Орусиянын жеңишине алып келип, Кошмо Штаттардын коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн экенин эскерткен.
Дүйшөмбүдө АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби президент Конгрессти Киевге кошумча жардам бөлүүгө ынандыруу аракетин улантканын, айдын аягына чейин маселе оңунан чечилип калышы мүмкүн экенин билдирди.
Орусия кошуна өлкөсүнө согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери Вашингтон Киевге жалпысынан 110 млрд доллардан көп жардам берди.
Ошол эле күнү Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристалина Георгиева Зеленский менен жолугушууда Украинага 900 миллион доллар кредит бөлүү чечими жактырылганын айтты.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Зеленский менен Байдендин сүйлөшүүсүнө жакындан байкоо саларын билдирди:
"Украинага берилген ондогон миллиард доллар согуш талаасында ийгиликке жетүүгө жардам бербегенин түшүнүү керек. Украина өз экономикасы үчүн алууну көздөгөн мындан аркы он миллиарддаган доллардын тагдыры да ушундай болот".
Еврошаркетке мүчөлүк маселеси
Украин президенти АКШга Буэнос-Айрестен кийин барды. Согуш башталгандан бери Латын Америкасындагы алгачкы сапарында ал Аргентинанын жаңы президенти Хавьер Милейдин ант берүү аземине катышты. Ал өлкөнүн сенатынын Ютуб каналы тараткан видеодо Зеленский менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын 20 секундадай сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Дүйшөмбүнүн кечинде Телеграм-каналына чыккан кайрылуусунда украин президенти “ачык-айкын сөздөр айтылганын, кеп европалык иштер тууралуу жүргөнүн” билдирди.
Орбан Евробиримдиктин Киевге кошумча жардамына бөгөт коёрун, Украинанын шаркетке мүчө болуп киришине каршы болорун эскертип келатат.
Мүчөлүк тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо же баштабоо маселеси 14-15-декабрь күндөрү Брюсселдеги саммитте каралмакчы.
Брюссель Киевге талапкер макамын Москва согуш ачкандан 4 ай өткөндө ыйгарган. Мунун арты менен Украинада Еврокомиссия белгилеген артыкчылыктуу тармактарда реформалар башталган. Өткөн айда комиссия 7 сунуштун төртөө аткарылганын билдирген.
Ал эми 8-декабрга карай украиналык депутаттар дээрлик бардык талаптарга жооп берген мыйзамды кабыл алышты.
Майдандагы абал оор бойдон калууда
Маалыматтарга караганда, орус аскерлери Лиман, Бахмут жана Авдеевка багыттарында жоготууларга учураганы менен, жай болсо да, алдыга жылууда. Украин армиясы дүйшөмбүнүн кечинде жана шейшембиге караган түнү 15 дрондун тогузун жана эки канаттуу ракетаны атып түшүргөнүн билдирди. Калган дрондор кайда түшкөнү айтылган жок.
Харьков облусунун жетекчиси Олег Синегубов Купянск шаарын аткылоо маалында жергиликтүү тургун набыт болгонун, дагы бирөө жараат алганын Телеграм каналына жазып, сүрөттөрдү жарыялады.
11-декабрда украин башкалаасы баллистикалык ракеталардын соккусуна кабылганы кабарланган.
2023-жылы Орусияда жергиликтүү авиакомпаниялардын учактары бузулган же кырсыкка кабылган 180ден ашуун окуя катталды. Бул 2022-жылга салыштырмалуу үч эсе көп.
Newsweek журналисттеринин эсебинде, учактарга байланышту жагымсыз окуялар ылдам көбөйүүдө. Мисалы, 12 учак бузулса, декабрдын алгачкы он күнүндө эле бузулган учактардын саны 14кө жетти.
Эксперттер муну Орусиянын авиация тармагына киргизилген санкциялардын жыйынтыгы деп баалап, буга чектөөлөрдөн улам учактар сапаттуу тейленбей калганын жүйө келтирип жатышат. Алар орусиялык компаниялар учактарын өз алдынча оңдоп, көбүнчө квалификациясы жок жумушчуларды тартууга мажбур болуп жатканы белгилешүүдө.
Москванын Украинадагы согушунан улам жарыяланган санкцияларга байланыштуу орусиялык авиакомпаниялар учактардын тетиктерин чет мамлекеттерден түз сатып ала албайт.
2022-жылы Европа Биримдиги Орусиянын 21 авиакомпаниясын учууга кооптуу деген жүйө менен кара тизмеге киргизген. Алардын арасында "Урал аба жолдору", "Аэрофлот", "Победа", S7, "Россия" жана "Ютейр" бар.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 11-декабрда Вашингтонго барды. Ал АКШга Аргентинадагы сапарынан кийин кайрылды. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Зеленскийди Вашингтонго чакырган.
Украин президенти Конгресстин өкүлдөрүнө жолугуп, Киев канчалык жардамга муктаж экенин жана Американын колдоосу канчалык маанилүү экенин түшүндүрөрү күтүлүүдө.
Маалыматка караганда, Зеленский 11-декабрда Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинде сүйлөйт. Ал эми Байден аны Ак үйдө 12-декабрда кабыл аларын мааалымат катчы Карин Жан-Пьер билдирди. Андан тышкары Зеленский Өкүлдөр палатасынын республикачы сенатору Майк Жонсон менен жолугары күтүлүп жатат.
6-декабрдын кечинде АКШнын Сенаты Украина жана Израилге аскердик, Газага гуманитардык жардам берүү каралган мыйзам долбоорун колдобой койгон.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 11-декабрда Брюсселде Евробиримдиктеги кызматташтары менен жолукту. 15-декабрдагы саммитте Киевдин шаркетке мүчө болушу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо жана Украинага 50 миллиард евролук экономикалык жардам бөлүү боюнча чечим кабыл алынат.
Орусиянын армиясы 11-декабрга караган түнү Украинанын баш калаасы Киевге ракеталар менен чабуул койду. Калаанын аскердик администрациясы билдиргендей, ракеталар асмандан атып түшүрүлгөндө сыныктары Дарницкий жана Голосеевский райондоруна кулаган.
Дарницкий районунда менчик үйдүн терезелери күбүлүп, үч киши, анын ичинде бир бала жараат алганын аскердик администрациянын жетекчиси Сергей Попко билдирди. Мэр Виталий Кличко төрт киши жараат алганын тактады.
Украин армиясы Киевди карай учурулган ракеталардын сегизи асманда жок кылынганын билдирди.
Британиянын аскердик эксперттери боолгогондой, Орусиянын армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасын талкалоого багытталган жаңы кампаниясын баштады.
Орусиянын Коргоо министрлиги бир гана аскердик жайларга сокку урганын билдирип келет. Жайкын тургундардын өлүмү жана жарандык инфратүзүмдөрдүн талкаланышы тууралуу комментарий бербейт.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.