Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдан келатып, Норвегияга күтүүсүз токтоду. Ал Ослодо Дания, Финляндия, Исландия, Норвегия жана Швециянын лидерлери чогулган саммитке катышууда. Анын алдында өкмөт башчы Йонас Гар Стере менен жолугушкандан кийинки маалымат жыйында Украина Батыштын көмөгүсүз Орусиянын агрессиясына туруштук бере албастыгын билдирди.
“Бүгүн биз миңдеген украиндердин өмүрлөрүн сактап кала турган жана агрессорго басымды күчөтүү тууралуу сүйлөштүк жана сүйлөшөбүз”,- деди Зеленский.
Стере Киевге үч миллиард крон (273 миллион доллар) бөлөрүн айтты. Бул беш жылдын ичинде берилчү 75 миллиард крондук жардамдын бир бөлүгү.
Зеленский Норвегиянын алдында Вашингтонго барып, Конгресс өкүлдөрүнө Украина канчалык жардамга муктаж экенин түшүндүрүүгө аракет кылды. Ал АКШ президенти Жо Байден, Сенаттын өкүлдөрү жана Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон менен жолукту.
Байден Вашингтон Киевди колдоону улантарын айтканы менен, Зеленский республикачы мыйзам чыгаруучуларды ынандыра алган жок.
Ослого жеткенден кийин Зеленский Телеграмга Байден экөө абадан коргонуу системаларынын санын көбөйтүү багытында кызматташууну макулдашканын жазды.
13-декабрга караган түнү Орусиянын армиясы Киевге чабуул койду. Абадан коргонуу системалары он ракетанын баарын атып түшүрүлгөнү менен, алардын сыныктарынан элүүдөн көп киши жабыркаганы кабарланды.
"Он баллистикалык ракета. Баары атып түшүрүлдү. Кечээ эле президент Байден менен Украинадагы абадан коргонуу системаларын көбөйтүү боюнча кызматташууну макулдаштык. Террордук мамлекет бул канчалык маанилүү чечим экенин дагы бир ирет көрсөттү",-деди Зеленский.
14-15-декабрь күндөрү өтө турган Евробиримдиктин саммитинде Киевдин шаркетке кошулушу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо жана Украинага каражат бөлүү маселеси каралат. Бул эки маселеге тең Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан каршылыгын билдирүүдө.
АКШ президенти Жо Байден Орусиянын лидери Владимир Путин “АКШ Украинага жардам бере албайт деп үмүттөнбөй эле койсо болот” деп билдирди.
Байден 12-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленскийди кабыл алгандан кийинки маалымат жыйында республикачылар кошумча жардам бөлүүгө каршы чыгып жатканына карабастан Киевге колдоону улантууну убада кылды.
АКШ президенти Киевдин Москванын чабуулуна туруштук бере алганын "жеңиш" деп атады.
Байден Конгрессти Украинага кошумча жардам бөлүүнү караган мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырып, бул Киевдин согуштагы жеңишин камсыздай турган мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
Зеленский өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы бир да согушта жеңишке жетпегенин белгиледи.
Украинанын президенти ошондой эле АКШ сенаторлору менен жолугуп, Өкүлдөр палатасынын республикачы спикери Майк Жонсон менен өз алдынча сүйлөштү.
Жолугушуудан кийин Жонсон Украинага кошумча жардам берүүгө каршы экенин айтты.
АКШнын Сенаты 6-декабрдын кечинде Украина жана Израилге аскердик, Газага гуманитардык жардам берүү каралган мыйзам долбоорун колдобой койгон.
Октябрдын аягында президент Жо Байден Конгресстен эл аралык коопсуздукка жумшалчу каражатты бекитүүнү өтүнгөн. Украинага ал пакеттин алкагында 61 млрд доллар берилмек.
Республикачыл мыйзам чыгаруучулардын көбү Киевге жардам берүүнү улантууну колдогону менен, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылууда.
Орусиянын армиясы 13-декабрга караган түнү Украинанын баш калаасы Киевге ракеталык сокку урду. Шаар мэри Виталий Кличконун айтымында, чабуулдан 53 киши жабыркады. Алардын 20сы ооруканага жеткирилди. Арасында он чакты бала бар.
Киев облустук администрациясы билдиргендей, Голосеевский районунда ракетанын сыныгы жолдун боюна түшкөн. Дарницкий районунда менчик үй жабыркап, өрткө чалдыкты. Деснянский районунда тогуз кабат үйдүн жетинчи кабатында өрт тутанды. Сегиз автоунаа зыянга учурады. Днепровский районунда балдар ооруканасы талкаланды.
Жалпысынан Орусия он ракета менен сокку урган. Украин армиясы билдиргендей, алардын баары абадан атып түшүрүлгөн.
Андан тышкары 12-декабрдын кечинде Одесса облусуна орус армиясы он дрон учурулуп, баары абадан атып түшүрүлдү. Учкучсуз аппараттын калдыгы автоунаа оңдогон жайга түшкөн. Эки киши жараат алып, 11 машинеге зыян келтирилген.
Буга чейин АКШ Орусиянын армиясы Украинадагы жарандык инфратүзүмдөргө соккуларын күчөткөнүн билдирген.
Орусиянын Коргоо министрлиги ар кандай далилдерге карабастан, аскердик жайларга гана сокку уруп жатканын билдирип келет.
Украинадагы “Киевстар” ири уюлдук операторунун миллиондогон абоненттери 12-декабрда байланышсыз калышты. Компания мунун себебин хакердик чабуул менен түшүндүрдү. Forbes журналынын украин редакциясы жазгандай, компаниянын 24 миллион абоненти бар.
Dev.ua басылмасы өз булактарына таянып, хакерлер компаниянын борбордук түйүндөрүнө чабуул койгонун жазды.
Ишкананын генералдык директору Александр Комаров кол салуу Орусия ачкан согуштун “жыйынтыгы” экенин белгиледи.
Украинанын Коопсуздук кызматы уюлдук операторго жасалган чабуулду аймактык бүтүндүккө кол салуу жана мамлекеттик чыккынчылык беренелери боюнча иликтеп жатканы маалымдалган.
Атайын кызмат бул чабуулдун артында Орусиянын коопсуздук кызматтары турат деп эсептейт.
Кремль комментарий бере элек.