Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:49
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Орусиянын Украинага соккусу: Каза тапкандар, жараат алгандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:29 14.12.2023

Орусияда азыр мобилизациянын зарылдыгы жок экенин президент Владимир Путин түз эфирде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

14-декабрда ал «жыл жыйынтыгын» чыгарган басма сөз жыйын өткөрүп, элдин суроолоруна жооп берди.

Путин согушка 486 миң киши өз ыктыяры менен тартылганын, күнүгө бир жарым миңдей киши жалданып жатканын айтты. Ошол эле маалда "былтыр армияга алынгандар демобилизация болобу?" деген суроону жоопсуз калтырды.

«Свобода» радиосу жазгандай, 1-декабрда Путин куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөрдүн санын 170 миңге көбөйтүү буйругуна кол койгон. Коргоо министрлиги ошондо жаңы мобилизация пландалбаганын айткан.

Орус президенти сөз болгон маалымат жыйында Украинадагы аскерлердин саны 617 миңге жетерин билдирди. Ал согуш Украинаны «денацификациялоо, демилитаризациялоо, бейтарап статуска келтирүүнү көздөрүн» кайталап, ошол максаттарга жеткенде тынчтык орной турганын айтты.

Бириккен Улуттар Уюму 21-ноябрда Орусия басып кирген былтыркы февралдан бери Украинада 10 миңден ашуун жайкын тургун курман болгонун билдирип, чыныгы көрсөткүч мындан көп болушу мүмкүн экенин, себеби кармаштар жүрүп жаткан аймактарда эсеп жүргүзүүгө шарт жоктугун белгиледи.

Президентин маалымат жыйыны жана түз эфир Москва Украинага басып киргенден бери биринчи жолу уюштурулуп жатат. Бир нече күн мурун Путин эмки жылдын мартында президенттик кызматка дагы бир жолу ат салышарын билдирген.

14:58 14.12.2023

Москванын мэри бейшембиде таң эрте башкалаанын үстүнөн эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Сергей Собянин Телеграм-каналга жазганына караганда, жарадар болгондор, жабыркагандар жок.

Интерфакс кабар агенттиги орус Коргоо министрлигине шилтеме менен Калуга жана Москва облустарында украиналык тогуз учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.

Москва дрондор чабуулуна туш болгону акыркы жолу 29-ноябрда маалымдалган.

Ал эми украиналык Телеграм-каналдар орус армиясы 14-декабрга караган түнү Дунайдагы портторго сокку урганын кабарлашты.

Одесса облусунда дрондордун чабуулунан 11 киши жабыркаганын жана өрт чыкканын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы тараткан маалыматка ылайык, түн ичинде 42 дрондун 41и атып түшүрүлдү. Мындан тышкары орус армиясы түн ортосунда Херсон жана Николаев облустарына С-300 зениттик комплекстеринен алты ракета менен сокку урганы айтылды. Алар жана бир дрон кайда тийгени кабарланган жок.

20:02 13.12.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдан келатып, Норвегияга күтүүсүз токтоду. Ал Ослодо Дания, Финляндия, Исландия, Норвегия жана Швециянын лидерлери чогулган саммитке катышууда. Анын алдында өкмөт башчы Йонас Гар Стере менен жолугушкандан кийинки маалымат жыйында Украина Батыштын көмөгүсүз Орусиянын агрессиясына туруштук бере албастыгын билдирди.

“Бүгүн биз миңдеген украиндердин өмүрлөрүн сактап кала турган жана агрессорго басымды күчөтүү тууралуу сүйлөштүк жана сүйлөшөбүз”,- деди Зеленский.

Стере Киевге үч миллиард крон (273 миллион доллар) бөлөрүн айтты. Бул беш жылдын ичинде берилчү 75 миллиард крондук жардамдын бир бөлүгү.

Зеленский Норвегиянын алдында Вашингтонго барып, Конгресс өкүлдөрүнө Украина канчалык жардамга муктаж экенин түшүндүрүүгө аракет кылды. Ал АКШ президенти Жо Байден, Сенаттын өкүлдөрү жана Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон менен жолукту.

Байден Вашингтон Киевди колдоону улантарын айтканы менен, Зеленский республикачы мыйзам чыгаруучуларды ынандыра алган жок.

Ослого жеткенден кийин Зеленский Телеграмга Байден экөө абадан коргонуу системаларынын санын көбөйтүү багытында кызматташууну макулдашканын жазды.

13-декабрга караган түнү Орусиянын армиясы Киевге чабуул койду. Абадан коргонуу системалары он ракетанын баарын атып түшүрүлгөнү менен, алардын сыныктарынан элүүдөн көп киши жабыркаганы кабарланды.

"Он баллистикалык ракета. Баары атып түшүрүлдү. Кечээ эле президент Байден менен Украинадагы абадан коргонуу системаларын көбөйтүү боюнча кызматташууну макулдаштык. Террордук мамлекет бул канчалык маанилүү чечим экенин дагы бир ирет көрсөттү",-деди Зеленский.

14-15-декабрь күндөрү өтө турган Евробиримдиктин саммитинде Киевдин шаркетке кошулушу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо жана Украинага каражат бөлүү маселеси каралат. Бул эки маселеге тең Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан каршылыгын билдирүүдө.

16:40 13.12.2023

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын лидери Владимир Путин “АКШ Украинага жардам бере албайт деп үмүттөнбөй эле койсо болот” деп билдирди.

Байден 12-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленскийди кабыл алгандан кийинки маалымат жыйында республикачылар кошумча жардам бөлүүгө каршы чыгып жатканына карабастан Киевге колдоону улантууну убада кылды.

АКШ президенти Киевдин Москванын чабуулуна туруштук бере алганын "жеңиш" деп атады.

Байден Конгрессти Украинага кошумча жардам бөлүүнү караган мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырып, бул Киевдин согуштагы жеңишин камсыздай турган мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Зеленский өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы бир да согушта жеңишке жетпегенин белгиледи.

Украинанын президенти ошондой эле АКШ сенаторлору менен жолугуп, Өкүлдөр палатасынын республикачы спикери Майк Жонсон менен өз алдынча сүйлөштү.

Жолугушуудан кийин Жонсон Украинага кошумча жардам берүүгө каршы экенин айтты.

АКШнын Сенаты 6-декабрдын кечинде Украина жана Израилге аскердик, Газага гуманитардык жардам берүү каралган мыйзам долбоорун колдобой койгон.

Октябрдын аягында президент Жо Байден Конгресстен эл аралык коопсуздукка жумшалчу каражатты бекитүүнү өтүнгөн. Украинага ал пакеттин алкагында 61 млрд доллар берилмек.

Республикачыл мыйзам чыгаруучулардын көбү Киевге жардам берүүнү улантууну колдогону менен, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG