Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын Православ чиркөөсүнүн башчысы – патриарх Кириллге (Владимир Гундяев) издөө жарыялады.
Украинанын Ички иштер министрлигинин издөө базасындагы маалыматка ылайык, ага “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салуу” жана “Агрессивдүү согушту баштоо жана жүргүзүү” беренелери менен айып коюлган.
Украинанын Коопсуздук кызматы ноябрь айында патриарх Кириллге Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси - “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салуу”, “Орусиянын Украинага куралдуу агрессиясын актоо” жана “Агрессивдүү согушту баштоо жана жүргүзүү” беренелери менен сыртынан айып тагылганын билдирген.
Венгрия Евробиримдиктин саммитинде Украинага 50 миллиард евро көлөмүндөгү экономикалык жардам берүүгө вето койду. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан 15-декабрда билдирди.
“Түнкү нөөмөттүн жыйынтыгы: Украинага кошумча акча бөлүүгө вето. Биз бул маселеге кийинки жылы Европа кеңешинде кайтабыз. Ага жакшылап даярдык көрөбүз”,-деп жазды өкмөт башчы.
Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель шаркетке мүчө мамлекеттердин лидерлери Украинага кошумча каражат табуу маселесинде орток пикир таба алышпаганын ырастады. Бирок ал кайсы өлкө каршы чыкканын тактаган жок.
Шаркетке мүчө айрым мамлекттердин лидерлери Украинага жардам январь айындагы жыйында бекитилиши мүмкүн деген оптимисттик ойлору менен бөлүштү.
Нидерланддардын өкмөт башчысы Марк Рютте убакыт бар экенин, Украина жакынкы жумаларда акчасыз калбастыгын айтты.
Андан бир нече саат мурда Евробиримдик Украинаны шаркетке кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алган. Орбан ага дагы вето коюуга ниеттенип жаткан. Кийин добуш берүү маалында ал залдан чыгып кеткени маалым болду.
Евробиримдик төрт жылдын ичинде Украинага 50 миллиард евро экономикалык жардам бөлүп берүүгө ниеттенүүдө. Андан тышкары бюжетке Киевге аскердик жардамга бөлүнө турган 24 миллиард еврону да киргизүү пландалууда.
Евробиримдик Украинанын жана Молдованын шаркетке кошуулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштайт. Мындай чечим Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин 14-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынганын Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель жарыялады.
Эки күндүк саммиттин биринчи күнүндө ошондой эле Грузияга шаркетке кирүүгө талапкер мамлекет макамы берилди. Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык лидерлерге ыраазычылыгын билдирип, алардын чечимин “дем-күч берген Украинанын жана бүтүндөй Евробиримдиктин жеңиши” деп атады.
Шаркетке мүчө мамлекеттердин арасынан Украина менен сүйлөшүүлөрдү баштоого бир гана Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан каршы чыкты. Маалыматка караганда, ага добуш берүү жүрүп жатканда сыртка чыгып турган.
Киев шаркетке кошулуу тууралуу арызын 2022-жылдын 28-февралында берген. Украинанын Евробиримдикке кошулуу жараяны узак жылдарга созулушу мүмкүн.
Орус армиясы өткөн түнү Одесса, Херсон жана Николаев облустарына дрон менен чабуул койду. Анда 11 киши жараат алганы айтылууда. Украин куралдуу күчтөрү дээрлик бардык дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Москванын мэри Сергей Собянин бейшембиде таң эрте башкалаанын үстүнөн эки дрон атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар жок экенин билдирди.
Ал тапта орус лидери Владимир Путин жылдык маалымат жыйынын өткөрүп, "Украинада качан тынчтык орнойт" деген суроого учкай жооп берди.
Орусиянын армиясы түнү менен Украинанын бир катар аймактарына дрон жана ракеталар менен чабуулун улантты. Соккудан Одесса облусунда 11 киши жабыркады. Жарандык жана энергетикалык инфратүзүмдөргө олуттуу залака келтирилгенин калаа мэри Геннадий Труханов кабарлады.
Украин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдиргендей, түн ичинде 42 дрондун 41и атып түшүрүлдү. Мындан тышкары орус армиясы түн ортосунда Херсон жана Николаев облустарына С-300 зениттик комплекстеринен алты ракета менен сокку урганы айтылды.
Ал эми Москванын мэри бейшембиде таң эрте башкалаанын үстүнөн эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Сергей Собянин Телеграм-каналга жазганына караганда, жабыркагандар болгон жок.
Интерфакс кабар агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип, Калуга жана Москва облустарында украиналык тогуз учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.
Орбан: Жети шарттын үчөө аткарылган жок
14-декабрда Брюсселде башталган Евробиримдиктин саммитинде Киевдин шаркетке кошулушу тууралуу сүйлөшүүлөр өтүүдө. Анда Украинага каражат бөлүү маселеси да каралат. Бирок бул эки маселеге тең Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан каршылыгын билдирүүдө.
"Биз жети шарт койдук, анын үчөө аткарылган жок. Андыктан азыр Украинаны мүчөлүккө алуу боюнча сүйлөшүүгө эч кандай негиз жок", - деди Орбан.
Ал ошондой эле Украина бардык шарттарды аткаргандан кийин гана Евробиримдик бул маселеге кайтып келиши керектигин кошумчалады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бир күн мурун АКШдан келатып, Норвегияга күтүүсүз токтогон. Ал өкмөт башчы Йонас Гар Стере менен жолугушкандан кийинки маалымат жыйынында Украина Батыштын көмөгүсүз Орусиянын агрессиясына туруштук бере албастыгын билдирди.
"Бүгүн биз миңдеген украиндердин өмүрүн сактап калуу үчүн агрессорго каршы басымды күчөтүү тууралуу сүйлөштүк жана дагы сүйлөшөбүз", - деди Зеленский.
Украин лидери Норвегияга келерге чейин Вашингтонго да барып, Конгресс өкүлдөрүнө Украина канчалык жардамга муктаж экенин түшүндүрүүгө аракет кылган. АКШ президенти Жо Байден Вашингтон Киевди колдоону улантарын айтканы менен, Зеленский республикачы мыйзам чыгаруучуларды ынандыра алган жок.
Путин: Aзыр мобилизацияга зарылдык жок
14-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин "жыл жыйынтыгын" чыгарган басма сөз жыйын өткөрүп, элдин суроолоруна жооп берди. Анда Украинадагы согуш тууралуу сөз болуп, "качан тынчтык орнойт?" деген суроо берилди.
"Биз максаттарыбызга жеткенде гана тынчтык орнойт. Биз буга чейин айтып келе жаткандай эле, Украинаны демилитаризациялоо, денацификациялоо жана бейтарап статуска келтирүүнү көздөйбүз", - деди Путин.
Ал Орусияда азыр мобилизациянын зарылдыгы жок экенин кошумчалады. Путин согушка 486 миң киши өз ыктыяры менен тартылганын, күнүгө бир жарым миңдей киши жалданып жатканын айтты.
Ошол эле маалда ал "былтыр армияга алынгандар демобилизация болобу?" деген суроону жоопсуз калтырды. "Свобода" радиосу жазгандай, 1-декабрда Путин куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөрдүн санын 170 миңге көбөйтүү буйругуна кол койгон. Коргоо министрлиги ошондо жаңы мобилизация пландалбаганын айткан.
Орус президенти сөз болгон маалымат жыйында Украинадагы аскерлердин саны 617 миңге жетерин билдирди.
Бириккен Улуттар Уюму 21-ноябрда Орусия басып кирген былтыркы февралдан бери Украинада 10 миңден ашуун жайкын тургун курман болгонун билдирип, чыныгы көрсөткүч мындан көп болушу мүмкүн экенин, себеби кармаштар жүрүп жаткан аймактарда эсеп жүргүзүүгө шарт жоктугун белгиледи.
Президентин маалымат жыйыны жана түз эфир Москва Украинага басып киргенден бери биринчи жолу уюштурулуп жатат. Бир нече күн мурун Путин эмки жылдын мартында президенттик кызматка дагы бир жолу ат салышарын билдирген.