Financial Times Батыш өлкөлөрү Орусиянын камакка алынган активдерин Украинанын пайдасына конфискация кылуу жолдорун изилдеп жатканын жазды.
Басылманын маалыматы боюнча, акыркы апталарда АКШ эсеби жабылган орус активдерин конфискациялоо боюнча жеке сүйлөшүүлөрдө ушул позицияны катуу карманарын билдирген.
“Чоң жетинин” (G7) жыйындарында АКШ активдерди конфискациялоонун “эл аралык укукка ылайык келген” жолу бар экенин жарыялаган.
“Чоң жетинин” мүчөлөрү жана башка мамлекеттер Орусияны агрессиясын токтотууга каршы чара катары Орусиянын активдерин конфискация кылышы мүмкүн”, - деп айтылат Financial Times гезити таанышкан АКШнын документинде.
Орусиянын камакка алынган активдери боюнча сүйлөшүүлөр акыркы апталарда Украинага 100 миллиард доллардан ашык каржылык жардам көрсөтүү аракети ишке ашпай калгандыктан жанданганы айтылды.
Батыш өлкөлөрү Орусиянын Борбордук банкынын 300 млрд доллардай каражатын камакка алган.
Welt Залужный жаңы чабуулду ойлонуп жатканын жазды
Немистердин Welt басылмасы белгилүү аскер аналитиги Нико Лангеге таянып, Батышта тарап аткан Украинанын аскердик келечеги тууралуу пессимисттик маанай реалдуулукка анча дал келбесин жазды. Украиналык аскерлер жаңы чабуулду 2024-жылга пландоодо.
Нидерланддык Oryx порталынын маалыматында Украинага жеткирилген Батыштын каруу-жарагынын басымдуусу, ушул күздөгү чабуулда колдонулган эмес. Чабуулдун жыйынтыгы Украинанын өзүндө да, анын өнөктөштөрүндө да жетишсиз деп бааланган. Айрым европалык куралдар жиберилгени менен фронтко жете элек. Мисалы, немистердин Leopard 1 танкынын 200 даанасы берилгени менен Украинага анын 30у эле жетти.
Чабуул Украинада заманбап кыргын салуучу учактар жоктугунан абадан колдоосуз башталганын Украина армиясынын башчысы, генерал Залужный эскерткен. Welt жазгандай мындай чабуулду ал саясий басым астында гана, жөө аскерлердин айрым бөлүктөрү менен баштоого макул болгон.
Басылма мындан тышкары Украина өнөктөштөрүнөн Black Hawk жана Apache тик учагын, F-16 жана F-18 кыргын салуучу учагын, алыскы радусту мелжеген ракеталык жабдыктарды, Abrams танкын, бир катар учкучсуз учактарды жана каруу-жарак сурап атканын белгилеген.
Welt болжолдогондой жаңы чабуул үчүн плацдарм катары украин армиясы бошоткон Днепрдин жээгиндеги жана Херсондогу аймактар пайдаланылышы мүмкүн. 14-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин фронттун бул аймактарына өзгөчө басым жасаган. Ал Украина бул аймакка өз аскерлерин өлүмгө айдап жатканын, бул аймакты кармап калуу аскердик жактан маанилүү эместигин айткан.
Белгород облусунда минага жарылган чиновник каза тапты
Белгород облусунда машинеси менен минаны тепсеп алган чиновник каза тапты. Бул тууралуу аймактын губернатору Вячеслав Гладков билдирди.
Маркум - райондук администрациясынын башчысынын орун басары Игорь Бондаренко экенин "7x7" жазды. 13-декабрда аны менен кошо эки адам чогуу түшкөн машине минага жарылган. Жүргүнчүлөр мээси чайкалып, бутунан, көкүрөгү жана курсагынан жараат алган. Жарылуудан Бондаренконун буту жулунуп кеткен. Ал жандандыруу бөлүмүнө жасалма дем алдырууга жаткырылган.
"7x7" Орусия Украинага кол салгандан бери Белгород облусуна жасалган дрон чабуулунан, минага жарылуудан 67 адам каза тапканын эсептеген.
Ал эми Орусия басып алган Украинага караштуу Мариупол шаарында орусиялык офицер машинеси жарылып, оор жараат алды.
Шаардык украиналык администрациянын башчысынын кеңешчиси Петр Андрющенко Телеграмга офицер ооруканага жеткирилгенин жазды. Жабырлануучу "кавказ бөлүктөрүнүн" биринде кызмат өтөгөн.
Андрющенконун маалыматында басылып алынган аймактардагы жарылуу артында "украиналыктардын каршылык көрсөтүү кыймылы" турат. Диверсия 15-декабрда болгон. Бул күнү Мариуполго карай украиналык армия ок атып, жардыруулар болгон. Расмий Киев маалыматты ырастай элек.
Херсон облусунун аймагы өткөн түнү орусиялык күчтөр тарабынан аткыланды. Жарадарлар жарандык коомдун өкүлдөрүнүн арасында да бар.
Облустук аскердик аймактын башчысы Александр Прокудиндин маалыматында 55 жаштагы шаар тургуну бутунан, Херсондун башка жашоочусу башынан жараат алган.
Херсондогу Степановка конушунда дрондун сыныгы медициналык мекемеге түшүп, дарыгер жараат алган. Учкучсуз учактын чабуулу Дарьевка аймагында да байкалган, жабыр тарткандар жок.