Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигине быйылкы жылдын армияга күзгү чакыруу өнөктүгүн аскерге милдеттүүлөрдүн бирдиктүү реестри аркылуу жүргүзүү жана аскердик каттоого өзү барбаса деле тургузуу, чакыруу кагаздарынын электрондук түрүн иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу маалымат Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.
Бирдиктүү реестр жана электрондук чакыруу кагаздары боюнча жооптуу деп коргоо министри Сергей Шойгу жана Санарип өнүктүрүү министри Максут Шадаев дайындалышты.
Тапшырманын аткарылышы боюнча маалыматын алар 15-январга, бирдиктүү реестр боюнча отчетун 1-ноябрга чейин берүүгө милдеттүү.
Быйыл 11-апрелде Мамлекеттик Дума Орусияда аскердик кызматка чакырууну жөнгө салуучу мыйзамга өзгөртүү киргизип, аскердик каттоонун бирдиктүү реестрин түзүү чечими кабыл алынган.
Бирдиктүү электрондук реестрде аскерге чакырылып жаткан адамдын жеке маалыматы, жашаган жери, аскердик-катоо кесиби тууралуу кабар камтылат.
Электрондук чакыруу кагазы жарандын «Мамлекеттик кызматтар» порталындагы виртуалдык жеке кабинетине жөнөтүлүп турат. Мындай чакыруу жөнөтүлгөндөн тартып ал адам аскер комиссариатына барганга чейин Орусиянын аймагынан чыгууга тыюу салынат.
Жаңы талап аскерге чакырылуучу курактагы орусиялыктар арасында кооптонуу жаратууда.
Чакыруу документи электрондук реестрде пайда болгондон же “Мамлекеттик кызматтар” порталына жөнөтүлгөндөн тартып ал окулдубу, жокпу, расмий түрдө жеткирилди жана тапшырылды деп эсептелет. Аскердик комиссариатка барбай калгандар үчүн административдик жоопкерчилик ошол учурдан тартып карала башталат.
Кыргызстандын жүз миңдеген жараны Орусияда мигрант болуп жүрөт. Мигранттарды Украинадагы согушка жөнөтүүнүн амалын табыш үчүн орус бийлиги түрдүү рейддерди уюштуруп, мыйзамдарын өзгөртүүдө.
Санкт-Петербург шаарынын полициясы шаршембиде маалымдагандай, жарандык алуу салтанатында «жакынкы чет өлкөлөрдөн чыккан 11 кишиге» аскердик каттоого туруу чакыруусу тапшырылды.
Маалыматка караганда, Орусиянын жараны катары ант бергенден кийин аскердик комиссариаттардын өкүлдөрү Тергөө комитетинин аскердик жетекчилигинин катышуусунда аларга тиешелүү кагаздарды берди.
Буга чейин Москва шаарынын Тергөө комитети орус паспортун алган бир нече борбор азиялык жаранга армияда кызмат өтөөдөн качкан деген негизде 22 кылмыш иш козгогон. 80 киши орус куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн.
Орусияда мыйзамга ылайык, жарандыкты алган адам эки жума ичинде аскердик каттоого турушу зарыл. Буга чейин Мамлекеттик Думанын бир катар депутаттары паспорт алып, бирок армияга баруудан баш тарткандарды жарандыктан ажыратып, депортациялоо тууралуу сунуштарын айтышкан.
Сентябрда Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин да андай демилгени көтөргөн.
Жазында орус президенти Владимир Путин согуш маалында армияда кызмат өтөө келишимин түзгөн чет элдиктерге жарандыкты жеңилдетилген тартипте берүүгө жол ачкан токтомго кол койгон.
Айрым маалымат каражаттары жана укук коргоочулар Борбор Азия менен Кавказдан барган мигранттар урушка күчкө салынып же алдап тартылганын, алар топтолгон жерлерде – базарларда, мечиттерде рейддер жүргөнүн айтып келишет.
Ноябрда Воронеж шаарынын полициясы ресторандардын биринде туулган күндү белгилөө үчун чогулган азербайжандык 50 кишиге аскердик комиссариатка чакыруну тапшырганы кабарланган.
Ошондо күбөлөр тартип коргоо органдарынын кызматкерлери адегенде документтерди текшерип, андан кийин аскердик кызматка чакыруу кагаздарын тарата баштаганын айтып беришкен.
Согушта украин армиясына жоокерлер жетишпей жатат. Бул тууралуу аскердик эксперттер, украин бийлигинин өкүлдөрү жана аскерлер өзүлөрү айтышууда. Дал ушул темага украин президенти Владимир Зеленский 19-декабрда өткөн маалымат жыйында дагы кайрылды. Азырынча ал жарым миллиондой кишини мобилизациялоого макул эмес. Жыйында Зеленский АКШнын каржылык колдоосу, фронттогу кырдаал, Залужный менен мамилеси тууралуу да айтты.
Согуш качан аяктайт?
Украинанын согушта жеңилүү тобокелчилиги жок. Мындай пикирин украин президенти 19-декабрда жергиликтүү жана чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бөлүштү.
Журналисттердин баамына караганда, Зеленский фронттогу кырдаал тууралуу кеп сүйлөгүсү келген жок. Согуштун аяктоо мөөнөтү тууралуу суроого бул тууралуу так жооп эч кимде жок деп жооп берди:
"Менимче, эч ким жообун билбейт. Керек болсо ошол эле олуттуу адамдар, биздин командирлер да, батыштагы өнөктөштөр да бул согуш узак жылдарга созуларын айтышууда. Алар деле билишпейт".
Зеленский 2022-жылы Украина мындан жаман абалда болгонун, өлкөнүн көп бөлүгү оккупацияланганын, кийин Киев блокаданы жырып өтө алганын белгиледи. Ал ошондой эле орус бийлиги башында Украинаны үч күндө багынтууну көздөгөнүн эске сала кетти.
"Орусия бир да жеңишке жеткен эмес. Кайдагы үч күн? Эки жыл өттү. Биздин жоокерлер, элибиз азамат. Мен аларга дагы бир жолу ыраазымын", - деди украин президенти.
Фронттогу жоокерлердин жетишсиздиги
Фронтто украин армиясына жоокерлер жетишпей жатат. Бул тууралуу аскердик эксперттер, украин бийлигинин өкүлдөрү жана аскерлер өзүлөрү айтып жатышат. Жогорку Радада Украинадагы мобилизациянын тартибин өзгөртүүнү караган мыйзам долбоорун даярдалууда. Жоокерлерди мобилизациялоонун натыйжалуу ыкмалары керек экенин буга чейин Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный да айткан. Ал Economist басылмасына курган маегинде Орусия согуш талаасында адам ресурстары жагынан үч эсе алдыда экенин айткан.
19-декабрда эки саатка созулган маалымат жыйында Зеленский ага жарым миллиондой кишини мобилизациялоо сунушу түшкөнүн, бирок ал кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарганын билдирди:
"Башкы штабдын аскердик позициясы боюнча, алар кошумча 450 -500 миңдей кишини мобилизация аркылуу тартууну сунушташты. Бул абдан олуттуу сан. Мен бул демилгени колдоо үчүн башка аргументтердин кереги жоктугун айттым".
Президент кошумча мобилизация үчүн 13 миллиарддан ашуун доллар зарыл экенин белгилеп, бул каражатты кайдан алуу керек деген маселе ачык бойдон турганын кошумчалады. Ал ошондой эле фронтто эки жылдан бери жүргөндөрдү кайтаруунун да планы керек экенин айтты.
Зеленский азырынча аялдарды согушка тартуу тууралуу мыйзамга кол коюуга даяр эместигин белгиледи.
Зеленскийдин Залужный менен мамилеси кандай?
Соңку айларда Зеленский менен украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын ортосундагы пикир келишпестик тууралуу кептер арбын айтыла баштады.
Батыш маалымат каражаттары белгилегендей, Залужныйдын популярдуулугу жана анын ноябрда Economist журналына берген маеги президенттин кыжырын келтирген. Анда Залужный фронттогу кырдаал туңгуюкка кептелгенин айткан эле. Кийин “РБК Украина” маалымат порталынын “Уруш талаасындагы кырдаал туңгуюкка кептелди деп эсептейсизби?” деген суроосуна Залужный “Жок” деп жооп берди.
Бирок генерал Украина кышында контрчабуулду улантарын же улантпай турганын ачык айтпастан, бул маселе абдан сезимтал экенин түшүндүргөн.
Мындан улам маалымат жыйында бир нече журналист экөөнүн алакасы тууралуу суроо узатты.
"Менин Залужный менен иш боюнча эле мамилем бар. Ал генералдык штаб менен бирге башкы командачы катары согуш талаасындагы жыйынтыктар үчүн жооп бериш керек. Абдан суроо көп", - деди мамлекет башчы.
Эл аралык жардам
Владимир Зеленский АКШ Украинага алдыда жардам көрсөтөрүнө ишенет.
“АКШ бизди сатып кетпейт жана ортодо макулдашылгандын баарын аткарышат деген ишеничтемин. Биз бул жардамды күтүп жатабыз. Алар эмне үчүн керек экенин билишет. Президент Байден жана сенаторлор менен бири-бирибизди түшүнө алдык окшойт. Эки партиянын тең өкүлдөрү менен жолуктук. Көрөбүз. Маселе даталарда", - деди ал.
Буга чейин Америка президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага бөлүнгөн каражат жыл соңуна чейин түгөнөрүн эскертип, Киевге кошумча 61 миллиард доллар бөлүп берүү суранычы менен Конгресске кайрылган. Республикачылар миграция маселесине каражат бөлүнсө гана Киевге кошумча жардам берүүгө макул болорун айтышууда. Жыл соңуна чейин Конгресс бул маселени карабастыгын Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер 19-декабрда билдирди.
Жакында Венгрия Евробиримдиктин саммитинде Украинага 50 миллиард евро көлөмүндөгү экономикалык жардам берүүгө вето койгон. Шаркетке мүчө айрым мамлекеттердин лидерлери Украинага жардам январь айындагы жыйында бекитилиши мүмкүн деген оптимисттик ойлорун бөлүшүүдө.
Дүйшөмбүдө украин армиясынын башкы командачысы Валерий Залужный майдандагы абал туңгуюкка кептелди деп эсептебей турганын билдирди. Ошол эле маалда украин аскерлерине дүрмөттөр жетпей жатканы, айрым жерлерде операциялардан баш тартууга туура келгени маалымдалууда.