25-декабрда украиндер алгачкы жолу Рождествону майрадап жатканда аскерлер иран өндүрүшүнөн чыккан ондогон «Шахид» дрондорун жана орустардын эки истребителин атып түшүргөнүн билдирди.
Жекшембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командири Николай Олещук Телеграм каналына Су-34 үлгүсүндөгү бомбалоочу истребитель Мариупол багытында атып түшүрүлгөнүн жазды. Ошол эле күнү украин аскерлери Кара деңизде Су-30 истребителин атып түшүргөнү маалым болду.
22-декабрда орустардын үч Су-34 истребители Днепр дарыясынын сол жээгинде Херсон облусунда жок кылынган.
Орусия Донецк облусунда аскерлери алдыга жылып, тынч заманда 19 миң киши жашаган Марьинка шаарын “ээлегенин” билдирди. Азыр шаар толук талкаланып, ээн калган.
Британ чалгын кызматы орус күчтөрү Марьинканы ээлеп алуу үчүн Кураховону көздөй жылып баратканын билдирди.
Киев мамлекеттик чыгымдарды жабуу үчүн Дүйнөлүк банктан 1.34 миллион доллар кошумча колдоо алганы да белгилүү болду. Финансы министрлигинин маалыматында бул акча “Украинанын коопсуздук жана коргонуу тармагы менен байланышпаган мамлекеттик бюджетинин чыгымдарын жабууга, пенсияга жана Чукул кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине төлөнөрү” айтылат.
Украинанын православ чиркөөсү быйыл Рождествону 25-декабрда христиан дүйнөсүнүн басымдуу бөлүгү менен бирге белгилөөнү чечкен. Буга чейин украиндер бул майрамды Юлиан календарына ылайык 7-январда майрамдачу.
25-декабрда Украинанын православ чиркөөсүнүн митрополити Епифаний Киевдеги Ыйык Михаил соборунда атайын жөрөлгө өткөрүп, украиндерге "жаңы жылда бакубат жашоо жана жеңишке жетүүнү" тиледи.
Америкалык Согушту изилдөө институту (ISW) Украина 2023-жылдын соңуна чейин F-16 кыргын салуучу учагын алышы мүмкүн деген божомолун айтты.
Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон сүйлөшүүсүндө F-16 кыргын салуучу учагынан 18 даана бере турганын билдирди.
2023-жылы Украинадагы орусиялык аскерлердин жоготуулары бир жыл мурдагы караганда 1,5 эсеге өсүп, согуш башталгандан бери өлгөндөр 80 миң адамга жеткен.
Би-Би-Синин журналисттери ачык булактарга таянып, өлгөндөрдүн аты-жөнүн тактаган тизме түзгөндөн кийин ушундай жыйынтыкка келишкен.
Би-Би-Синин жана "Медиазонанын" журналисттери ыктыярчылар командасы менен бирге өлгөн жоокерлер тууралуу аймактардагы администрациялардын, туугандарынын, досторунун билдирүүлөрүн жана ачык реестрдеги маалыматтарды изилдеп келе жатышат.
Декабрдын акырына карата алар Орусия Украинага басып киргенден бери өлгөн 40 миң жоокердин аты-жөнүн тактай алышкан. Ошол эле кезде чыныгы сан мындан эки эсе көп болушу мүмкүн экенин айтышат. Ал эми жикчил аймактагы топторду кошкондо бул сан 100 миңге чейин жетиши ыктымал экенин белгилешкен.
Мындан тышкары дагы 200дөй адам оор жаракат алып, согушка кайра кирүүгө жараксыз деген тыянакка келишкен. Журналисттердин маалыматы боюнча, аты-жөнү такталгандардын ичинен 15520 жоокер 2022-жылы, ал эми 24100 жоокер 2023-жылы өлгөн.
Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган.