27-декабрга караган түнү орусиялык аскерлер Украинанын аймагына учкучсуз 46 учак менен чабуул жасаганын, алардын 32си атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрү маалымдады.
Украинанын түштүк аймактары Shahed-131/136 учактарынын чабуулуна кабылды. Одесса облусунда 12, Николаевде үч, Винницада эки жанкечти дронду атып түшүрүшкөнү кабарланды.
Атып түшүрүүгө үлгүрбөй калышкан дрондордун көбүнүн чабуулу согуш жүрүп жаткан аймакка жакын Херсон облусуна туура келгени, соода борбору жана көп кабаттуу үйлөр жабыркаганы белгилүү болду.
26-декабрда Херсон шаарынын вокзалы аткыланып, полициянын бир кызматкери каза болгон. Эвакуациялык поездди күтүп турган 140 жай тургунду Николаевге чейин автобус менен, андан ары Киевге поезд менен жеткиришкен.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный бүгүн 26-декабрда согуш башталгандан берки алгачкы пресс-конференциясын берип, фронттогу кырдаал жана башка бир катар маселелер боюнча суроолорго жооп берди. Донецк облусунун соңку күндөрү айыгышкан кармаш жүргөн Марьинка шаары тууралуу айтып жатып ал Орусиянын аталган калаа толугу менен орус тарапка өткөнү жөнүндөгү билдирүүлөрүн четке какты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Херсондун темир жол вокзалына сокку урулганын шейшемби күнү кечинде билдирди. Андан эвакуациялык поездге залал келтирилген.
"Азыр бардык кызматтар окуя болгон жерде жүрөт, өлтүрүлгөндөр жана жараат алгандар такталууда. Ал жерде жай тургандар көп болгон", - деди Зеленский. Ал соккунун кесепети тууралуу тийиштүү кызматтар маалымат бере турганын кошумчалады.
"Украина темир жолу" ишканасы Херсонду аткылоонун натыйжасында вокзал жана темир жолдун кыймылдуу курамы жабыркаганын билдирди. "Азыркы тапта жараат алган бир нече жумушчулар тууралуу маалымат бар. Жүргүнчүлөр баш калкалоочу жайда", - деп белгиледи жүк ташуучу.
Компания жүргүнчүлөрдү Николаевдеги автобустарга отургузуу үчүн вокзалдагы абалды турукташтыруу күтүлүп жатканын, резервдеги вагондор даярдаларын кошумчалады.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко станцияны аткылоонун натыйжасында Кировоград облусунун полициясынын лейтенанты каза болгонун билдирди. Ал адамдарды эвакуациялоо учурунда жарадар болгон.
Министрдин айтымында, эки полиция кызматкери жараат алып, ооруканага жаткырылды. Эки жай тургун жарадар болгон, аларга дагы снаряддын сыныктары тийген. Клименконун айтымында, аткылоо башталганда станцияда 140ка жакын адам болгонун РБК Украина билдирди.
Херсон облусунун башчысы Александр Прокудин орус армиясы бир күн бою аткылап турганын билдирди. Үч киши өлгөнү жана бир нечеси жараат алганы белгилүү болгон.
Орусия согуш башталгандан бери сокку аскердик объектилерге гана багытталганын айтып келет. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Украинанын Марьинка шаарын орус армиясы толук көзөмөлгө алганы тууралуу маалыматты Киев четке какты.
Дүйшөмбү күнү Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге Украинанын Донецк облусундагы Марьинка шаары толук басып алынганын билдирген жана орус күчтөрү илгерилөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айткан.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Александр Штупун Шойгунун сөздөрү чындыкка дал келбей турганын белгиледи. Ал шаарда салгылашуу уланып жатканын, украин аскерлери админстративдик аймактардан чегинбей турганын кошумчалады.
Би-Би-Си кабарлагандай, Марьинка орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнү тууралуу маалымат ырасталса, анда Орусия андан ары Новомихайловка аймагындагы украин армиясынын турумдарына сокку урушу мүмкүн. Орусиялык күчтөр андан ары Угледар багытында чабуулга өтөт.
Согуш маалында таратылган маалыматтарды ыкчам бышыктоо мүмкүн эмес.
Марьинка Донецкинин түштүк-батыш тарабында. Орусия Украинага бастырып киргенге чейин бул шаарда 9 миңден көбүрөөк адам жашаган. 2022-жылдын мартынан бери Марьинканын тегерегинде айыгышкан салгылашуулар уланууда. Калаа дээрлик толук талкаланган.