Соңку бир сутка ичинде орус күчтөрү Херсон жана Херсон облусуна бир нече ирет авиабомбалар менен сокку урду.
Бул тууралуу 28-декабрда украин армиясынын маалымат кызматынын өкүлү Наталья Гуменюк билдирди.
Херсон облустун аскердик администрациясынын өкүлү Александр Толоконников кошумчалагандай, түнкү аткылоодон бир кишинин өмүрү кыйылды.
Украин Куралдуу күчтөрү маалымдагандай, бейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын башка аймактарына “Шахед” жанкечти дрондору менен чабуул койду.
Билдирүүгө караганда сегиз дрон Краснодар аймагынан учурулган. Алардын жетөө Днепропетровск, Кировоград жана Запорожье облустарында абадан атып түшүрүлгөнү маалым болду.
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын аймагында украиндердин эки учкучсуз аппараты атып түшүрүлгөнүн билдирди. 28-декабрга караган түнү оккупацияланган Крымдын аймагында жардыруулар болгонун бир катар Телеграм-каналдар жазышты.
"Крымский ветер" күбөлөргө таянып, Севастополдо беш кубаттуу жардыруу болгонун жазды. Ал эми Astra Телеграм-каналы Крым көпүрөсү жабылганын кабарлады.
Орусиянын бийлиги бул тууралуу расмий комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
27-декабрга караган түнү орусиялык аскерлер Украинанын аймагына учкучсуз 46 учак менен чабуул жасаганын, алардын 32си атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрү маалымдады.
Украинанын түштүк аймактары Shahed-131/136 учактарынын чабуулуна кабылды. Одесса облусунда 12, Николаевде үч, Винницада эки жанкечти дронду атып түшүрүшкөнү кабарланды.
Атып түшүрүүгө үлгүрбөй калышкан дрондордун көбүнүн чабуулу согуш жүрүп жаткан аймакка жакын Херсон облусуна туура келгени, соода борбору жана көп кабаттуу үйлөр жабыркаганы белгилүү болду.
26-декабрда Херсон шаарынын вокзалы аткыланып, полициянын бир кызматкери каза болгон. Эвакуациялык поездди күтүп турган 140 жай тургунду Николаевге чейин автобус менен, андан ары Киевге поезд менен жеткиришкен.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный бүгүн 26-декабрда согуш башталгандан берки алгачкы пресс-конференциясын берип, фронттогу кырдаал жана башка бир катар маселелер боюнча суроолорго жооп берди. Донецк облусунун соңку күндөрү айыгышкан кармаш жүргөн Марьинка шаары тууралуу айтып жатып ал Орусиянын аталган калаа толугу менен орус тарапка өткөнү жөнүндөгү билдирүүлөрүн четке какты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Херсондун темир жол вокзалына сокку урулганын шейшемби күнү кечинде билдирди. Андан эвакуациялык поездге залал келтирилген.
"Азыр бардык кызматтар окуя болгон жерде жүрөт, өлтүрүлгөндөр жана жараат алгандар такталууда. Ал жерде жай тургандар көп болгон", - деди Зеленский. Ал соккунун кесепети тууралуу тийиштүү кызматтар маалымат бере турганын кошумчалады.
"Украина темир жолу" ишканасы Херсонду аткылоонун натыйжасында вокзал жана темир жолдун кыймылдуу курамы жабыркаганын билдирди. "Азыркы тапта жараат алган бир нече жумушчулар тууралуу маалымат бар. Жүргүнчүлөр баш калкалоочу жайда", - деп белгиледи жүк ташуучу.
Компания жүргүнчүлөрдү Николаевдеги автобустарга отургузуу үчүн вокзалдагы абалды турукташтыруу күтүлүп жатканын, резервдеги вагондор даярдаларын кошумчалады.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко станцияны аткылоонун натыйжасында Кировоград облусунун полициясынын лейтенанты каза болгонун билдирди. Ал адамдарды эвакуациялоо учурунда жарадар болгон.
Министрдин айтымында, эки полиция кызматкери жараат алып, ооруканага жаткырылды. Эки жай тургун жарадар болгон, аларга дагы снаряддын сыныктары тийген. Клименконун айтымында, аткылоо башталганда станцияда 140ка жакын адам болгонун РБК Украина билдирди.
Херсон облусунун башчысы Александр Прокудин орус армиясы бир күн бою аткылап турганын билдирди. Үч киши өлгөнү жана бир нечеси жараат алганы белгилүү болгон.
Орусия согуш башталгандан бери сокку аскердик объектилерге гана багытталганын айтып келет. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.