Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:23
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Орусиянын Украинага соккусу: Каза тапкандар, жараат алгандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:33 28.12.2023

Орусия Украинага чабуулун улантууда. Херсон облусу авиабомбалар менен аткыланды. Кара деңизде ири десанттык кемесинен айрылган Орусия бул аймакта күзөт иштерин күчөттү.

28-декабрга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына сегиз жанкечти дрон менен чабуул жасаганын, анын жетөө Днепропетровск, Кировоград жана Запорожье аймактарында атып түшүрүлгөнүн Украинанын Аскердик аба күчтөрү кабарлады. Мындан тышкары Херсон облусу башкарылуучу авиабомбалар менен аткыланып, үйлөр жана машиналар талкаланганы кабарланды.

Кремль 2014-жылы аннексиялап алган Крымда бейшембиге караган түнү Украинанын эки дрону атып түшүрүлгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдады.

Ал арада Кара деңизде Украинанын соккусунан ири десанттык кемеси жабыркагандан кийин, Орусия аймакта күзөттү күчөткөнү маалым болду.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы күзөт кемелери буга чейин дээрлик байкалбай келген Кара деңизде 27-декабрда төрт кеме нөөмөттө турганын, 28-декабрда алардын саны алтыга жеткенин билдирди.

26-декабрда Украинанын Куралдуу күчтөрү Кара деңиздеги Феодосия портун канаттуу ракеталар менен аткылап, Орусиянын жээкте турган "Новочеркасск“ кемесине сокку урган.

“Аны кайра оңдосо болобу деп сурап жатасыздар. Бирок сүрөтүнөн көрүнүп тургандай, кеменин тулкусу эле калды. Калганы баары күйүп жок болду. Жанындагы инфраструктура, башка да кемелер жабыркады”, - деди Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат.


Орусиянын расмий органдары портто бир нече жарылуу болгонун ырастап, "Новочеркасск" жабыркаганын гана билдирген, андан башка маалымат айтылган эмес.

Кемедеги моряктардын кеминде 33ү дайынсыз болуп жатканын 27-декабрда "Астра" Телеграм-каналы өз булактарына таянып жазды.

Орусиянын Кара деңиздеги флагманы болгон "Москва" 2022-жылы апрелде Кремль Украинага кол салган алгачкы айларда украин аскерлеринин чабуулунан кийин чөгүп кеткен. Бул окуя согуш башталганда Кара деңиздин жээгиндеги өз аймактарынын көбүн башкара албай калган Украинанын алгачкы ири жеңиши болгон.

Украина 28-декабрда Орусиянын согуштагы жоготуулары боюнча жаңы маалыматын жарыялады. Башкы штаб Орусия Украинага кол салгандан бери 356 670 аскеринен ажыраганын, алардын 920сы соңку бир суткада жок кылынганын маалымдады. Согуш талаасында Орусиянын дээрлик 6 миңдей танкы, 8 миңден ашуун артиллериялык системасы, 329 учагы, 23 кемеси жана башка он миңдеген техникасы жана курал-жабдыгы талкаланганы айтылды.

Украина Орусиянын агрессиясынан берки жоготуулары 9 миңдей аскер кызматкери экенин бир жыл мурда кабарлаган.

Москва бир жыл мурда маалымат таратып, Орусия 6 миңдей, ал эми Украина 60 миңден ашуун аскеринен ажыраганын билдирген.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

“Мындан ары эмне болот, чынын айтсам, билбейм. Баары Кудайдын колунда. Балдарымды, каза болгон уулумдун балдарын тарбиялап чоңойтууга күч-кубат берсе экен. Өтө оор заман болуп турат”, - деди фронтто курман болгон украин жоокеринин апасы Анна Бойчук.


Киев облусунда 28-декабрдан тартып 6-январга чейин Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Блокпосттор көбөйтүлүп, адамдар көп чогулган жерлерде текшерүү күчөдү.

Ал тапта АКШ өкмөтү Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам бөлгөнүн мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдирди. Бул жолку жардамга HIMARS жана NASAMS системаларына ок-дары, Stinger зениттик ракеталары, Javelin системалары да кошулду.

Украина: АКШ 250 млн долларлык аскердик жардам берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

18:11 28.12.2023

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын лидери Си Цзинпинге Орусия Украинада кеминде беш жыл согушарын айткан.

Бул тууралуу Nikkei жапон басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда бул жөнүндө Синин 2023-жылдын март айында Москвага жасаган сапары учурунда кеп болгон. Басылма жазгандай, Путин Орусия үчүн узакка созулган согуш пайдалуу экенин жана жыйынтыгында Москва жеңүүчү болуп чыгарын ишендирүүгө аракет кылган.

Nikkei өз булактарына таянып белгилегендей, Кытай бийлиги Путиндин бул сөздөрүнө көп деле ишенбеши мүмкүн.

23-декабрда The New York Times басылмасы эки жогорку даражалуу орус аткаминерине таянып, Путин сентябрдан бери ар кандай дипломатиялык каналдар аркылуу Батышка Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө жана жаңжалды азыркы фронттогу позициялар менен тоңдуруп коюуга даяр экенин кыйытып келет.

Nikkei басылмасынын булактарынын эсебинде, Путин балким эмдиги жылдын мартында өтө турган шайлоону утурлай ал элдешүүгө жана согушту токтотууга даяр деген иллюзия жаратып, шайлоочуларга жагынгысы келет.

14:58 28.12.2023

АКШ Украинага 250 млн долларлык жардам бөлдү

АКШ Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам бөлүп берди. Бул Киевге америкалык Коргоо министрлигинин 54-жардам пакети.

  • Кошумча каруу-жарактар;
  • Stinger зениттик ракеталары;
  • Абадан коргонуу системасы;
  • HIMARS үчүн кошумча жабдыктар;
  • 155 мм жана 105 мм калибрдеги артиллериялык снаряддар;
  • Танкка каршы Javelin жана AT-4;
  • Ок атуучу курал үчүн 15 миллиондон ашуун патрон.
14:40 28.12.2023

Соңку бир сутка ичинде орус күчтөрү Херсон жана Херсон облусуна бир нече ирет авиабомбалар менен сокку урду.

Бул тууралуу 28-декабрда украин армиясынын маалымат кызматынын өкүлү Наталья Гуменюк билдирди.

Херсон облустун аскердик администрациясынын өкүлү Александр Толоконников кошумчалагандай, түнкү аткылоодон бир кишинин өмүрү кыйылды.

Украин Куралдуу күчтөрү маалымдагандай, бейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын башка аймактарына “Шахед” жанкечти дрондору менен чабуул койду.

Билдирүүгө караганда сегиз дрон Краснодар аймагынан учурулган. Алардын жетөө Днепропетровск, Кировоград жана Запорожье облустарында абадан атып түшүрүлгөнү маалым болду.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын аймагында украиндердин эки учкучсуз аппараты атып түшүрүлгөнүн билдирди. 28-декабрга караган түнү оккупацияланган Крымдын аймагында жардыруулар болгонун бир катар Телеграм-каналдар жазышты.

"Крымский ветер" күбөлөргө таянып, Севастополдо беш кубаттуу жардыруу болгонун жазды. Ал эми Astra Телеграм-каналы Крым көпүрөсү жабылганын кабарлады.

Орусиянын бийлиги бул тууралуу расмий комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG