Орусиялык күчтөрдүн аба соккусунан Киевде эки адам каза болуп, 17 киши жарадар болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады.
Днепрде төрт киши каза тапты.
Орусиялык армия 29-декабрда Украинага канаттуу ракета жана учкучсуз учактар менен чабуул койду. Бул тууралуу Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдирди.
Харьков С-300 жана Х-22 ракеталары менен аткыланды. Шаар мэри Игорь Тереховдун билдиришинче, түндө жана эртең менен кеминде 12 жолу кол салуу катталган. Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов шаарда ок атуудан адам өлгөнүн кабарлады. Сегиз адам жараат алып, бир эркек киши каза тапкан. Электр жана транспорттун иши үзгүлтүккө учурады.
Киевде жети киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Шаар мэри Виталий Кличконун айтымында, шаардагы "Лукьяновская" метросунун станциясы жабыркаган. Бул багыттагы поезддер убактылуу токтойт.
Конотоп шаары эртең менен аткылоого кабылып, үч адам жабыркаганын Сумы облусунун аскердик администрациясы билдирди. Көп кабаттуу үйгө жана автомобилдерди техникалык жактан тейлеген станцияга зыян келтирилип, өрт чыкты. Бийликтер ракета менен сокку урулганын билдирди.
Львовго 10 дрон чабуул койгонун калаа башчысы Андрей Садовый билдирди. Анын айтымында, "критикалык инфраструктура объектисинде" өрт чыкты. Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкий Хоткевич көчөсүндөгү үйгө ракета тийип, үч адам жабыркап, бирөө каза болгонун билдирди.
Одессада дрондун сыныктары көп кабаттуу имаратка түшүп, өрт чыккан. Облустук администрация башчысы Олег Кипер жабыр тарткандар тууралуу маалымат азырынча жок экенин билдирди.
29-декабрдын таңында Украинанын бардык аймагында аба коркунучу жарыяланды. Запорожье жана Днепр аймагында жарылуулар катталды.
Днепрде соода борбору күйүп кеткенин "Суспильне" кабарлады. Жарадар болгондор жана каза тапкандар бар. Курмандыктардын так саны белгисиз.
Украинанын монитордук каналы Полтава облусундагы Миргород, Кропивницкий, Кривой Рог жана Киев облусундагы жарылуулар, ракета чабуулу тууралуу кабарлады.
Орусиянын Иркутск облусундагы Тулун шаарынын 55 жаштагы тургуну Павел Шувалов 2021-жылы оор кылмышы үчүн 24 жылга кесилген. Ал Украинадагы согушта өлгөнүн "Лента.ру" күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, билдирди.
Басылмада жазылгандай, "тулун маньягы" атка конгон адам быйыл май айында Луганск облусунда согуш талаасында өлгөн. Анын сөөгү ошол жерде кала бергенин чогуу согушкандар айтып берген.
Украинада жана Венгрияда эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусуна даярдык көрүлүүдө.
Владимир Зеленский менен Виктор Орбандын жолугушуусу жакынкы убакытта болорун украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермакка шилтеме кылып, Reuters маалымдады.
Декабрдын башында Евробиримдиктеги Венгриядан башка өлкөлөр Орбандын терс позициясын кыйгап өтүп, Украинанын биримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого макулдугун беришкен. Венгриянын лидери чечим кабыл алынып жатканда жыйын залынан чыгып кеткен.
Бирок Евробиримдиктин бюджетин талкуулап, Киевге 50 млрд евро бөлүү маселеси каралып жатканда Орбан буга каршы чыкты. Евробиримдиктин 15-декабрындагы саммитинде Венгрия Украинага экономикалык жардам берүүгө вето койду.
Мурдараак Зеленский бардык маселелерди талкуулоо үчүн эки өлкө өзүнчө жолугушуусу зарыл экенин айткан. Кийинчерээк Орбан жолугушуу сунушун кабыл алганын билдирген.
Орбан Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлеринин ичинен Кремлге эң жакын саясатчы катары сыпатталат. Венгрия Украинага аскердик-техникалык жардам бербейт.