- автор Элиза Кененбаева
Орус армиясынын 29-декабрга караган түнү Украинанын аймактарына жасаган жапырт аба соккусунан кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылды.
Жараат алгандардын саны 80ге чамалады. Киев, Львов, Одесса, Харьков жана башка шаарларга орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урганы маалым болду.
29-декабрдын таңында Украинанын бардык аймактарына чабуул тууралуу эскерткен сиреналар жаңырып, аскерлер карапайым тургундарды бомбадан калкалоочу жайларга тезинен түшүүгө чакырып жатты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 22 айдан берки эң ири аба чабуулдардын биринде Орусия "өз арсеналындагы куралдын бардык түрүн колдонгонун" жазды.
“Кинжал", C-300 ракеталары, канаттуу ракеталар жана учкучсуз аппараттар. Стратегиялык бомбалоочу учактар Х-101/Х-505 ракеталары менен сокку урду. Жалпысынан Украинага 110 ракета менен чабуул жасалды. Алардын көбү атып түшүрүлдү", - деп жазды Зеленский X социалдык түйүнүнө.
Зеленский бул чабуулдарга сөзсүз жооп болорун айтып, орусиялык күчтөрдүн аракетин террорго теңеди.
Украин армиясынын өкүлү Юрий Игнат орус күчтөрү үндүн ылдамдыгынан да тез учкан ракеталар, канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен чабуул койгонун тактады.
158 ракета, дрондун 114ү асмандан атып түшүрүлгөнү кабарланды.
Днепр шаары
Днепр шаарында жасалган аба соккулардан кеминде беш кишинин өмүрү кыйылганын облус губернатору Сергий Лысак билдирди. Маалыматка караганда, ракеталардын бири төрөт үйүнүн жанына түшкөн.
"Кудай жалгап, эч ким жабыркаган жок. Эскертүү убагында берилип, ичиндегилер эвакуацияланган", - деди Лысак.
Дагы бир ракетадан калаадагы соода борбору толугу менен талкаланды.
Запорожье шаары
Запорожье шаарына жасалган орус күчтөрүнүн аба чабуулунан куткаруучулар бир нече саат турак жайлардын урандылардын астынан тирүү калгандарды издешти.
Аймактын аскердик администрациясы тараткан алдын ала маалыматка ылайык, "Кинжал" ракеталары менен ондон ашуун сокку урулган.
"Төрт адам мүрт кеткени маалым болду. Арасында эки аял бар. 12 киши жабыркады. Алардын айрымдары ооруканада", - деди администрация башчысы Юрий Малашко.
Жардыруулардын үнү Тернополь, Черкассы шаарларында угулду. Сумы облусунун Конотоп шаарында көп кабаттуу үй жабыркап, үч киши жараат алганы кабарланды.
Львов шаары
Львов шаарында "Шахеддердин" чабуулунан үч мектеп, лицей, бала бакча жана карапайым тургундардын үй-жайлары жабыркады.
Бир кишинин өмүрү кыйылып, он бештен ашууну жараат алганын калаа мэри Андрей Садовый кабарлады.
"Көп имараттар жабыркады. Бул жерде карапайым тургундардын үйлөрү бар. Он үй талкаланды. Айрымдарынын терезелери толугу менен күбүлүп түштү. Мектеп толук кыйрады", - деди ал.
Одесса шаары
Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдиргендей, аймак борборунда орус күчтөрүнүн аба соккусунан үч кишинин өмүрү кыйылды. Жыйырмадан көп карапайым тургун жараат алды. Алардын арасында эки бала жана бир кош бойлуу аял бар. Айрымдарынын абалы оор.
Харьков шаарынын башчысы Игорь Тереховдун билдирүүсүнө караганда, түнү калаага үч ирет абадан сокку урулду. Бир ишкананын үч кызматкери мүрт кетип, ондон көп адам жараат алганы кабарланды.
Киев шаары
Киевдин мэри Виталий Кличконун билдирүүсүнө караганда, украин баш калаасына түшкөн ракетанын сыныктарынан үч кишинин өмүрү кыйылды. Отуз чакты адам ооруканага жеткирилди. Абадан атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктарынан бир кампада, карапайым тургундар жашаган бир көп кабаттуу үйдө өрт тутанган.
Украинанын Энергетика министрлиги соңку кол салуудан төрт аймакта электр жарыгы үзгүлтүкқө учураганын маалымдады.
Орусия көптөгөн видео, фото далилдерге карабастан Украинада бир гана аскердик жайларды бутага алып жатканын айтып, жарандык инфратүзүмдөргө сокку урганын четке кагып келет.
Зеленский орусиялык сокку тууралуу: "Террористтерге жооп беребиз"
Украинанын президенти Владимир Зеленский украина шаарларына орусиялык күчтөрдүн сокку урушу боюнча пикирин билдирди.
"Төрөт үйү, окуу жайлар, соода борбору, көп кабаттуу жана жеке үйлөр... Киев, Львов, Одесса, Днепр, Харьков, Запорожье жана башка шаарлар. Бүгүн Орусия бардыгына "Кинжал", С-300, канаттуу ракеталар, БПЛА менен сокку урду. Учактары Х-101/Х-505 бомбаларын таштады. 110 ракета кое берилип, көбү атып түшүрүлдү. Тилекке каршы, аткылоодон өлгөндөр жана жарадар болгондор бар. Биз алардын жакындарына көңүл айтабыз. Биз террорчуларга сөзсүз жооп кайтарабыз, өлкөбүздө коопсуздукту сактоо үчүн күрөшөбүз", - деди Зеленский.
Орусиялык күчтөрдүн аба соккусунан Киевде эки адам каза болуп, 17 киши жарадар болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады.
Днепрде төрт киши каза тапты.
Орусиялык армия 29-декабрда Украинага канаттуу ракета жана учкучсуз учактар менен чабуул койду. Бул тууралуу Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдирди.
Харьков С-300 жана Х-22 ракеталары менен аткыланды. Шаар мэри Игорь Тереховдун билдиришинче, түндө жана эртең менен кеминде 12 жолу кол салуу катталган. Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов шаарда ок атуудан адам өлгөнүн кабарлады. Сегиз адам жараат алып, бир эркек киши каза тапкан. Электр жана транспорттун иши үзгүлтүккө учурады.
Киевде жети киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Шаар мэри Виталий Кличконун айтымында, шаардагы "Лукьяновская" метросунун станциясы жабыркаган. Бул багыттагы поезддер убактылуу токтойт.
Конотоп шаары эртең менен аткылоого кабылып, үч адам жабыркаганын Сумы облусунун аскердик администрациясы билдирди. Көп кабаттуу үйгө жана автомобилдерди техникалык жактан тейлеген станцияга зыян келтирилип, өрт чыкты. Бийликтер ракета менен сокку урулганын билдирди.
Львовго 10 дрон чабуул койгонун калаа башчысы Андрей Садовый билдирди. Анын айтымында, "критикалык инфраструктура объектисинде" өрт чыкты. Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкий Хоткевич көчөсүндөгү үйгө ракета тийип, үч адам жабыркап, бирөө каза болгонун билдирди.
Одессада дрондун сыныктары көп кабаттуу имаратка түшүп, өрт чыккан. Облустук администрация башчысы Олег Кипер жабыр тарткандар тууралуу маалымат азырынча жок экенин билдирди.
29-декабрдын таңында Украинанын бардык аймагында аба коркунучу жарыяланды. Запорожье жана Днепр аймагында жарылуулар катталды.
Днепрде соода борбору күйүп кеткенин "Суспильне" кабарлады. Жарадар болгондор жана каза тапкандар бар. Курмандыктардын так саны белгисиз.
Украинанын монитордук каналы Полтава облусундагы Миргород, Кропивницкий, Кривой Рог жана Киев облусундагы жарылуулар, ракета чабуулу тууралуу кабарлады.