Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-декабрда аткылоого кабылган Белгород шаарында 18 адам каза тапканын, 100 киши жарадар экенин билдирди. Буга чейин 14 киши өлгөнү, анын экөө бала экени кабарланган.
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков өлгөн 14 адамдын үчөө бала деп айтканын "Свобода" радиосу жазды.
Би-Би-Синин орус кызматы согуш башталгандан бери Орусиянын аймагы азыркыдай ири аткылоого кабылбаганын билдирди. Буга чейин сокку урулганда мынча адам каза болгон эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери ишембиде "Белгородду тыюу салынган кассеталык дүрмөтү бар "Ольха" ракетасы жана реактивдүү жапырт ок атуучу системасы аркылуу Vampire снаряддары менен атууга аракет кылганын, бирок ал ийгиликсиз болгонун, атылган куралдын бир нечесинин сыныктары гана Белгородго түшкөнүн" билдирди.
Украин аскерлери азырынча расмий комментарий бере элек. Киев адатта орусиялык билдирүүлөргө комментарий бербейт. Украинанын "Суспильне" телеканалы ишенимдүү булактарга таянып, украин аскерлери Белгороддогу аскердик жана өнөр-жай түзүмдөрүн бутага алганын билдирди. "Украинская правда" басылмасына атайын кызматтагы булагы армия аскердик объекттерди мелжегенин, орусиялык абадан коргонуу күчтөрүнүн жөндөмсүздүгүнүн айынан сыныктар шаарга кулаганын билдирген.
Аткылоо тууралуу көз карандысыз булактардын маалыматы азырынча жок.
Телеграм-каналдардын колдонуучулары Белгородго чабуул жасалган тушта тартылган видеолорду жана сүрөттөрдү жарыялашууда. Анда жапа чеккен адамдарды, күйүп жаткан машинелерди, талкаланган үйлөрдү көрүүгө болот. Андан тышкары соода борбору да кыйраган.
Бир жарылуу болгон учур видеого түшүп калган.
Жарыяланган видеодо жарылуунун бири борбордук аянтта болгон. ӨКМдин маалыматында шаарда ондой өрт чыккан.
Шаарда аткылоодон кийин ракета коркунучу тууралуу белги берилген. Айрым жашоочулар бомбадан коргонуучу жайлар жабык болгонуна даттанышкан. Мындан улам сигнал берүү токтотулганын "Жесть Белгород" Телеграм-каналы билдирди.
Белгорддун губернатору Гладков аткылоого Валуй шаардык аймагынын Уразово кыштагы дагы кабылганын билдирди. Анын айтымында снаряд ден соолукту чыңдоочу комплекске тийип, 20 турак үйдү жана электр түйүнүн талкалаган.
Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Орусиянын президентине кырдаал тууралуу маалымат берилгенин билдирди. Андан тышкары шаарга Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жетекчиси Михаил Мурашко менен чогуу учуп кеткени кабарланды.
Орусия Белгородду аткылоого байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Британияны "аткылоонун артында турат" деп айыптады. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин жыйыны Украинанын жапырт аткыланышына байланыштуу өткөн.
БУУнун баш катчысынын кеңсеси ишемби күнү кечинде "жарандарга жана жарандык объектилерге кол салуу эл аралык нормаларды бузарын жана тез арада токтошу керектигин" билдирди.
Украина менен чектеш Белгород облусунун бийликтери украин аскерлеринин чабуулдары тууралуу буга чейин да кабарлашкан. Жай айында чек арага жакын айылдардын жашоочулары эвакуация болгон. Анда аймактын борборуна чейин учкучсуз учактар барган.
- 29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң ири чабуулга кабылган. Дээрлик бардык шаарлар ракеталар менен аткыланган. Анын айынан 40 киши каза таап, ондогону жараат алган. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын өкүлү Василий Небензя Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү так иштегенде жай тургундар өлмөк эмес деп айткан.
- Орусиянын Коргоо министрлиги 30-декабрга караган түнү Брянск, Курск жана Москва облустарында украин тарап учурган 32 дронду кармап калышканын билдирген.
- Шаардык бийликтердин кабарлашынча, Белгород жума күнү да аткылоого кабылган. Анда 50дөй үйгө зыян келтирилген. Гладков облус аймагындагы башка калктуу конуштарда да жарадарлар бардыгын, турак жайлар бүлгүнгө учураганын билдирген.
- Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз ишемби күнү украин тараптын аткылоосунан улам бир бала чарчап калганын билдирген. Телеграм-каналдагы билдирүүсүндө ал Пограск районундагы Кистер жана Борщево айылдарына 10 снаряд тийгенин жазган.
Орусиялык аскерлер 30-декабрга караган түнү Украинага "Шахед" жанкечти дрондору менен сокку урду
Бул тууралуу Украинанын Башкы штабы билдирди. Украин аскерлери орусиялык армия учурган 10 учкучсуз учактын бешөөнү атып түшүрүлгөн . Киев жарадар болгон адамдар барын, алардын саны такталып жатканын билдирди. Бир катар жарандык объектилер, турак үйлөр кыйраган.
Орусия 29-декабрдагы чабуулу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин сынына кабылды. Киев жана анын өнөктөштөрү жапырт аткылоого байланыштуу чукул жыйын өткөрүүгө чакырышты.
"Тилекке каршы 2023-жыл кандай башталса, ошондой бүтүп жатат - Украинанын калкы зомбулуктан жапа чегүүдө", - деди Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн БУУнун баш катчысынын орун басары Халед Хияри.
Кеңештин көптөгөн мүчөлөрү АКШ, Франция жана Британия чабуулду айыпташты. Кытайдын өкүлү Украинадагы кырдаалды "саясий жактан жөнгө салуу керектигин" айтты. Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украинадагы жай тургундардын өлүмүн украиндердин абадан коргонуу күчтөрүнүн ишине байланыштырды.
АКШ президенти Жо Байден орусиялык күчтөр 29-декабрда ракета жана дрон менен Украинанын аймагын жапырт аткылагандан кийин атайын кайрылуу жасады.
Чабуулдун кесепетинен Украинада 30дай жай тургун каза таап, 144 адам жарадар болгон. Шаарларга жана объекттерге абадан сокку уруу 18 саатка созулган. Бул Орусиянын 2022-жылы 24-февралда Украинага кол салгандан берки ири аба чабуулу болду.
Байден мындан улам Путин Украинаны толук жок кылып, элин кулга айланткысы келип жатканын айтты. "Путинди токтотуу зарыл", - деп чакырык таштады ал.
Америкалык президент бул кармаштын түпкү максаты Украинанын аймагы менен эле чектелбесин, НАТОнун, Европанын коопсуздугуна жана трансатлантикалык мамилелерге да терс таасирин тийгизчү коркунуч экенине токтолгон.
Байдендин айтымында, Путин АКШнын айрым союздаштарына коркунуч жаратууда. "Диктаторлор жана автократтарга Европада билгенин кылууга жол ачылганда Кошмо Штаттар бул процесске түздөн түз тартылат", - деп айтылат АКШ президентинин билдирүүсүндө.
Кайрылууда эгер Конгресс жаңы жылда чукул чара көрбөсө, АКШ Украина үчүн керектүү курал-жаракты жөнөтө албай калышы мүмкүн экени, конгресс эч ойлонбостон алдыга кадам ташташы керектиги жазылган.
"Биз Украинаны сатып кете албайбыз, эркиндиктин үнүнө кулак салбагандарга тарых катаал", - деген Жо Байдендин кайрылуусу "Америка авазы" радиосунун сайтына жарыяланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Авдеевкадагы аскерлеринин позициясына барды. Бул райондо азыр тынымсыз кармаштар жүрүп жатат. Бул маалымат Политика Телеграм-каналына жарыяланды.
Украин президенти 110-механикалаштырылган бригаданын аскерлерине сыйлык тапшырды. Ал сапар учурунда аскер жетекчилиги менен "коргонууну" жана "негизги керектөөлөрдү" талкуулаганын билдирди. Зеленский Авдеевканы "фронттогу өтө татаал тилке" деп атаган.
Авдеевкага украин президентинин кеңесинин башчысы Андрей Ермак да барган. Анын айтымында, "орусиялык күчтөр шаарды тынымсыз аткылап, талкалап" жатат.
Орусия Украинага жапырт кол салгандан бери Зеленский фронтко бир канча жолу барды. Буга чейин ал Бахмутта, Изюмда жана Херсондо болгон.
- Орусиялык күчтөр украин армиясы көзөмөлдөгөн Авдеевка шаарын октябрдын башында курчоого ала баштаган. Облусту курчоо орус президенти Путиндин тапшырмасы экенин ишенимдүү булактар билдирген.
- Ноябрдын ортосунан тарта аскердик эксперттер орусиялык күчтөрдүн бул багыттагы жетишкендиктерин белгилеп, жакын арада шаар чоң жоготуулар менен алынарын айтууда. Украин тарап болсо Авдеевкада күн сайын орусиялык миң аскер жок кылынып жатканын ырастоодо. Согуш маалында бул маалыматтардын чын-төгүнүн билүү мүмкүн эмес.
- Орусиянын дагы, Украинанын дагы Коргоо министрликтери өз тарабындагы жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек.
- Буга Би-Би-Синин жана "Медиазонанын" журналисттери ыктыярчылар командасы менен бирге өлгөн жоокерлер тууралуу аймактардагы администрациялардын, туугандарынын, досторунун билдирүүлөрүн жана ачык реестрдеги маалыматтарды изилдеп, согуш башталгандан бери 80 миңдей орусиялык аскер каза тапканын билдирген.