Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026

Украина менен Орусия 157ден туткун алмашты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:41 31.12.2023
  • Орусиялык бийликтердин билдиришинче, аткылоонун айынан Белгороддо 22 адам каза болду.
  • Харьковдо аткылоодон 20 адам жабыркады.
  • 29-декабрда Украинаны орусиялык күчтөрдүн жапырт аткылоосунан 39 адам каза тапты.
  • Орусиялык армия Купянск, Бахмут, Авдеевка, Марьинка, Вербовое жана Крынокто жүрүш жасап жатат.
  • АКШ президенти Жо Байден "Путинди токтотууга" чакырды.
  • Германиянын өкмөтү 2024-жылы Украинага 8 млрд евро жардам берет.
12:33 31.12.2023

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-декабрда Белгород шаарындагы аткылоодо каза болгондордун саны жыйырмага жеткенин билдирди. Буга чейин 18 өлүм катталганы кабарланган.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков билдиргендей, каза болгондордун үчөө балдар. Жараат алгандардын саны 111ге жеткенин “Свобода” радиосу Орусиянын ӨКМине таянып жазды.

Согуш башталгандан бери Орусиянын аймагы азыркыдай ири аткылоого кабылбаганын Би-Би-Синин орус кызматы жазды. Буга чейин сокку урулганда мынча адам каза болгон эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери ишембиде "Белгородду тыюу салынган кассеталык дүрмөтү бар "Ольха" ракетасы жана реактивдүү жапырт ок атуучу системасы аркылуу Vampire снаряддары менен атууга аракет кылганын, бирок ал ийгиликсиз болгонун, атылган куралдын бир нечесинин сыныктары гана Белгородго түшкөнүн" билдирди.

Украина азырынча расмий комментарий бере элек. Киев адатта орусиялык билдирүүлөргө комментарий бербейт. Украинанын "Суспильне" телеканалы ишенимдүү булактарга таянып, украин аскерлери Белгороддогу аскердик жана өнөр жай түзүмдөрүн бутага алганын билдирди. "Украинская правда" басылмасына атайын кызматтагы булагы армия аскердик объектилерди мелжегенин, орусиялык абадан коргонуу күчтөрүнүн жөндөмсүздүгүнүн айынан сыныктар шаарга кулаганын билдирген.

Аткылоо тууралуу көз карандысыз булактардын маалыматы азырынча жок.

Телеграм-каналдардын колдонуучулары Белгородго чабуул жасалган тушта тартылган видеолорду жана сүрөттөрдү жарыялашууда. Анда жапа чеккен адамдарды, күйүп жаткан машинелерди, талкаланган үйлөрдү көрүүгө болот. Андан тышкары соода борбору да кыйраган.

Бир жарылуу болгон учур видеого түшүп калган.

Жарыяланган видеодо жарылуунун бири борбордук аянтта болгон. ӨКМдин маалыматында шаарда ондой өрт чыккан.

Шаарда аткылоодон кийин ракета коркунучу тууралуу белги берилген. Айрым жашоочулар бомбадан коргонуучу жайлар жабык болгонуна даттанышкан. Мындан улам белги берүү токтотулганын "Жесть Белгород" Телеграм-каналы билдирди.

Белгорддун губернатору Гладков аткылоого Валуй шаардык аймагынын Уразово кыштагы дагы кабылганын билдирди. Анын айтымында снаряд ден соолукту чыңдоочу комплекске тийип, 20 турак үйдү жана электр түйүнүн талкалаган.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусиянын президентине кырдаал тууралуу маалымат берилгенин билдирди. Андан тышкары шаарга Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жетекчиси Михаил Мурашко менен чогуу учуп кеткени кабарланды.

Орусия Белгородду аткылоого байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Британияны "аткылоонун артында турат" деп айыптады. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин жыйыны Украинанын жапырт аткыланышына байланыштуу өткөн.

БУУнун баш катчысынын кеңсеси ишемби күнү кечинде "жарандарга жана жарандык объектилерге кол салуу эл аралык нормаларды бузарын жана тез арада токтошу керектигин билдирди.

Украина менен чектеш Белгород облусунун бийликтери украин аскерлеринин чабуулдары тууралуу буга чейин кабарлашкан. Жай айында чек арага жакын айылдардын жашоочулары эвакуация болгон. Анда аймактын борборуна чейин учкучсуз учактар барган.

  • 29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң ири чабуулга кабылган. Дээрлик бардык шаарлар ракеталар менен аткыланган. Анын айынан 40 киши каза таап, ондогону жараат алган. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын өкүлү Василий Небензя Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү так иштегенде жай тургундар өлмөк эмес деп айткан.
  • Орусиянын Коргоо министрлиги 30-декабрга караган түнү Брянск, Курск жана Москва облустарында украин тарап учурган 32 дронду кармап калышканын билдирген.
  • Шаардык бийликтердин кабарлашынча, Белгород жума күнү да аткылоого кабылган. Анда 50дөй үйгө зыян келтирилген. Гладков облус аймагындагы башка калктуу конуштарда да жарадарлар бардыгын, турак жайлар бүлгүнгө учураганын билдирген.
  • Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз ишемби күнү украин тараптын аткылоосунан улам бир бала чарчап калганын билдирген. Телеграм-каналдагы билдирүүсүндө ал Пограск районундагы Кистер жана Борщево айылдарына 10 снаряд тийгенин жазган.

03:01 31.12.2023

Орусиялык аскерлер ишемби күнү Харьковду аткылашты. Шаардык бийликтин маалыматында, бери дегенде алты жарылуу катталды.

Облустук администрациянын башчысы Олег Синегубовдун айтымында жарандык инфраструктаралар жабыркаган. Харьковдун мэри Игорь Терехов турак үй талкаланганын жазды. Телеграм-каналда Kharkiv Palace мейманканасынын имараты бүлгүнгө учураганын көрүүгө болот.

Акыркы маалыматтарда аткылоонун айынан 20 адам жабыр тарткан. Жарадарлар арасында Британиянын жараны, немис журналисттерин коштоп жүргөн коопсуздук боюнча кеңешчи бар. Снаряддын сыныгы анын көкүрөгүнө тийген. Андан тышкары эки бала жабыркаган. Каза тапкандар жок.

Украинанын бир катар объекттерине "Шахед" дрондору тийгени кабарланды. Шаар бийликтеринин билдиришинче, эки адам Херсондогу аткылоо маалында каза тапкан. Донецк облусунун Украина көзөмөлдөгөн аймагында үч киши окко учкан.

Ишембиде Орусиянын аймагындагы Белгород шаары бутага алынып, 18 адам каза таап, жүз киши жарадар болгон. Бул согуш болгондон бери өлкө аймагындагы ири жоготуу катары бааланууда. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинаны ракета менен сокку урганы үчүн айыптады. Украин бийлиги азырынча комментарий бере элек. Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков ишембиде орусиялык аскерлер облустун аймагында туруп Украинага сокку ура баштаганын билдирди. Белгород менен Харьковду он чакырымдай гана аралык бөлүп турат.

  • 29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң ири чабуулга кабылган. Дээрлик бардык шаарлар орусиялык ракета жана дрондор менен аткыланган. Анын айынан 40 киши каза таап, ондогону жараат алган. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын өкүлү Василий Небензя Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү так иштегенде жай тургундар өлмөк эмес деп айткан.
02:28 31.12.2023

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-декабрда аткылоого кабылган Белгород шаарында 18 адам каза тапканын, 100 киши жарадар экенин билдирди. Буга чейин 14 киши өлгөнү, анын экөө бала экени кабарланган.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков өлгөн 14 адамдын үчөө бала деп айтканын "Свобода" радиосу жазды.

Би-Би-Синин орус кызматы согуш башталгандан бери Орусиянын аймагы азыркыдай ири аткылоого кабылбаганын билдирди. Буга чейин сокку урулганда мынча адам каза болгон эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери ишембиде "Белгородду тыюу салынган кассеталык дүрмөтү бар "Ольха" ракетасы жана реактивдүү жапырт ок атуучу системасы аркылуу Vampire снаряддары менен атууга аракет кылганын, бирок ал ийгиликсиз болгонун, атылган куралдын бир нечесинин сыныктары гана Белгородго түшкөнүн" билдирди.

Украин аскерлери азырынча расмий комментарий бере элек. Киев адатта орусиялык билдирүүлөргө комментарий бербейт. Украинанын "Суспильне" телеканалы ишенимдүү булактарга таянып, украин аскерлери Белгороддогу аскердик жана өнөр-жай түзүмдөрүн бутага алганын билдирди. "Украинская правда" басылмасына атайын кызматтагы булагы армия аскердик объекттерди мелжегенин, орусиялык абадан коргонуу күчтөрүнүн жөндөмсүздүгүнүн айынан сыныктар шаарга кулаганын билдирген.

Аткылоо тууралуу көз карандысыз булактардын маалыматы азырынча жок.

Телеграм-каналдардын колдонуучулары Белгородго чабуул жасалган тушта тартылган видеолорду жана сүрөттөрдү жарыялашууда. Анда жапа чеккен адамдарды, күйүп жаткан машинелерди, талкаланган үйлөрдү көрүүгө болот. Андан тышкары соода борбору да кыйраган.

Бир жарылуу болгон учур видеого түшүп калган.

Жарыяланган видеодо жарылуунун бири борбордук аянтта болгон. ӨКМдин маалыматында шаарда ондой өрт чыккан.

Шаарда аткылоодон кийин ракета коркунучу тууралуу белги берилген. Айрым жашоочулар бомбадан коргонуучу жайлар жабык болгонуна даттанышкан. Мындан улам сигнал берүү токтотулганын "Жесть Белгород" Телеграм-каналы билдирди.

Белгорддун губернатору Гладков аткылоого Валуй шаардык аймагынын Уразово кыштагы дагы кабылганын билдирди. Анын айтымында снаряд ден соолукту чыңдоочу комплекске тийип, 20 турак үйдү жана электр түйүнүн талкалаган.

Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Орусиянын президентине кырдаал тууралуу маалымат берилгенин билдирди. Андан тышкары шаарга Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жетекчиси Михаил Мурашко менен чогуу учуп кеткени кабарланды.

Орусия Белгородду аткылоого байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Британияны "аткылоонун артында турат" деп айыптады. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин жыйыны Украинанын жапырт аткыланышына байланыштуу өткөн.

БУУнун баш катчысынын кеңсеси ишемби күнү кечинде "жарандарга жана жарандык объектилерге кол салуу эл аралык нормаларды бузарын жана тез арада токтошу керектигин" билдирди.

Украина менен чектеш Белгород облусунун бийликтери украин аскерлеринин чабуулдары тууралуу буга чейин да кабарлашкан. Жай айында чек арага жакын айылдардын жашоочулары эвакуация болгон. Анда аймактын борборуна чейин учкучсуз учактар барган.

  • 29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң ири чабуулга кабылган. Дээрлик бардык шаарлар ракеталар менен аткыланган. Анын айынан 40 киши каза таап, ондогону жараат алган. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын өкүлү Василий Небензя Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү так иштегенде жай тургундар өлмөк эмес деп айткан.
  • Орусиянын Коргоо министрлиги 30-декабрга караган түнү Брянск, Курск жана Москва облустарында украин тарап учурган 32 дронду кармап калышканын билдирген.
  • Шаардык бийликтердин кабарлашынча, Белгород жума күнү да аткылоого кабылган. Анда 50дөй үйгө зыян келтирилген. Гладков облус аймагындагы башка калктуу конуштарда да жарадарлар бардыгын, турак жайлар бүлгүнгө учураганын билдирген.
  • Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз ишемби күнү украин тараптын аткылоосунан улам бир бала чарчап калганын билдирген. Телеграм-каналдагы билдирүүсүндө ал Пограск районундагы Кистер жана Борщево айылдарына 10 снаряд тийгенин жазган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG