Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026

Украина менен Орусия 157ден туткун алмашты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:18 30.12.2023

Орусиялык аскерлер 30-декабрга караган түнү Украинага "Шахед" жанкечти дрондору менен сокку урду

Бул тууралуу Украинанын Башкы штабы билдирди. Украин аскерлери орусиялык армия учурган 10 учкучсуз учактын бешөөнү атып түшүрүлгөн . Киев жарадар болгон адамдар барын, алардын саны такталып жатканын билдирди. Бир катар жарандык объектилер, турак үйлөр кыйраган.

Орусия 29-декабрдагы чабуулу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин сынына кабылды. Киев жана анын өнөктөштөрү жапырт аткылоого байланыштуу чукул жыйын өткөрүүгө чакырышты.

"Тилекке каршы 2023-жыл кандай башталса, ошондой бүтүп жатат - Украинанын калкы зомбулуктан жапа чегүүдө", - деди Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн БУУнун баш катчысынын орун басары Халед Хияри.

Кеңештин көптөгөн мүчөлөрү АКШ, Франция жана Британия чабуулду айыпташты. Кытайдын өкүлү Украинадагы кырдаалды "саясий жактан жөнгө салуу керектигин" айтты. Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украинадагы жай тургундардын өлүмүн украиндердин абадан коргонуу күчтөрүнүн ишине байланыштырды.

13:23 30.12.2023

АКШ президенти Жо Байден орусиялык күчтөр 29-декабрда ракета жана дрон менен Украинанын аймагын жапырт аткылагандан кийин атайын кайрылуу жасады.

Чабуулдун кесепетинен Украинада 30дай жай тургун каза таап, 144 адам жарадар болгон. Шаарларга жана объекттерге абадан сокку уруу 18 саатка созулган. Бул Орусиянын 2022-жылы 24-февралда Украинага кол салгандан берки ири аба чабуулу болду.

Байден мындан улам Путин Украинаны толук жок кылып, элин кулга айланткысы келип жатканын айтты. "Путинди токтотуу зарыл", - деп чакырык таштады ал.

Америкалык президент бул кармаштын түпкү максаты Украинанын аймагы менен эле чектелбесин, НАТОнун, Европанын коопсуздугуна жана трансатлантикалык мамилелерге да терс таасирин тийгизчү коркунуч экенине токтолгон.

Байдендин айтымында, Путин АКШнын айрым союздаштарына коркунуч жаратууда. "Диктаторлор жана автократтарга Европада билгенин кылууга жол ачылганда Кошмо Штаттар бул процесске түздөн түз тартылат", - деп айтылат АКШ президентинин билдирүүсүндө.

Кайрылууда эгер Конгресс жаңы жылда чукул чара көрбөсө, АКШ Украина үчүн керектүү курал-жаракты жөнөтө албай калышы мүмкүн экени, конгресс эч ойлонбостон алдыга кадам ташташы керектиги жазылган.

"Биз Украинаны сатып кете албайбыз, эркиндиктин үнүнө кулак салбагандарга тарых катаал", - деген Жо Байдендин кайрылуусу "Америка авазы" радиосунун сайтына жарыяланды.

12:53 30.12.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский Авдеевкадагы аскерлеринин позициясына барды. Бул райондо азыр тынымсыз кармаштар жүрүп жатат. Бул маалымат Политика Телеграм-каналына жарыяланды.

Украин президенти 110-механикалаштырылган бригаданын аскерлерине сыйлык тапшырды. Ал сапар учурунда аскер жетекчилиги менен "коргонууну" жана "негизги керектөөлөрдү" талкуулаганын билдирди. Зеленский Авдеевканы "фронттогу өтө татаал тилке" деп атаган.

Авдеевкага украин президентинин кеңесинин башчысы Андрей Ермак да барган. Анын айтымында, "орусиялык күчтөр шаарды тынымсыз аткылап, талкалап" жатат.

Орусия Украинага жапырт кол салгандан бери Зеленский фронтко бир канча жолу барды. Буга чейин ал Бахмутта, Изюмда жана Херсондо болгон.

  • Орусиялык күчтөр украин армиясы көзөмөлдөгөн Авдеевка шаарын октябрдын башында курчоого ала баштаган. Облусту курчоо орус президенти Путиндин тапшырмасы экенин ишенимдүү булактар билдирген.
  • Ноябрдын ортосунан тарта аскердик эксперттер орусиялык күчтөрдүн бул багыттагы жетишкендиктерин белгилеп, жакын арада шаар чоң жоготуулар менен алынарын айтууда. Украин тарап болсо Авдеевкада күн сайын орусиялык миң аскер жок кылынып жатканын ырастоодо. Согуш маалында бул маалыматтардын чын-төгүнүн билүү мүмкүн эмес.
  • Орусиянын дагы, Украинанын дагы Коргоо министрликтери өз тарабындагы жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек.
  • Буга Би-Би-Синин жана "Медиазонанын" журналисттери ыктыярчылар командасы менен бирге өлгөн жоокерлер тууралуу аймактардагы администрациялардын, туугандарынын, досторунун билдирүүлөрүн жана ачык реестрдеги маалыматтарды изилдеп, согуш башталгандан бери 80 миңдей орусиялык аскер каза тапканын билдирген.

19:03 29.12.2023

Орус армиясынын 29-декабрга караган түнү Украинанын аймактарына жасаган жапырт аба соккусунан кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылды.

Жараат алгандардын саны 80ге чамалады. Киев, Львов, Одесса, Харьков жана башка шаарларга орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урганы маалым болду.

29-декабрдын таңында Украинанын бардык аймактарына чабуул тууралуу эскерткен сиреналар жаңырып, аскерлер карапайым тургундарды бомбадан калкалоочу жайларга тезинен түшүүгө чакырып жатты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22 айдан берки эң ири аба чабуулдардын биринде Орусия "өз арсеналындагы куралдын бардык түрүн колдонгонун" жазды.

“Кинжал", C-300 ракеталары, канаттуу ракеталар жана учкучсуз аппараттар. Стратегиялык бомбалоочу учактар Х-101/Х-505 ракеталары менен сокку урду. Жалпысынан Украинага 110 ракета менен чабуул жасалды. Алардын көбү атып түшүрүлдү", - деп жазды Зеленский X социалдык түйүнүнө.

Зеленский бул чабуулдарга сөзсүз жооп болорун айтып, орусиялык күчтөрдүн аракетин террорго теңеди.

Украин армиясынын өкүлү Юрий Игнат орус күчтөрү үндүн ылдамдыгынан да тез учкан ракеталар, канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен чабуул койгонун тактады.

158 ракета, дрондун 114ү асмандан атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Днепр шаары

Украинанын Днепр шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан соода борбору жабыркады. 29-декабрь, 2023-жыл.
Украинанын Днепр шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан соода борбору жабыркады. 29-декабрь, 2023-жыл.

Днепр шаарында жасалган аба соккулардан кеминде беш кишинин өмүрү кыйылганын облус губернатору Сергий Лысак билдирди. Маалыматка караганда, ракеталардын бири төрөт үйүнүн жанына түшкөн.

"Кудай жалгап, эч ким жабыркаган жок. Эскертүү убагында берилип, ичиндегилер эвакуацияланган", - деди Лысак.

Дагы бир ракетадан калаадагы соода борбору толугу менен талкаланды.

Запорожье шаары

Орус армиясынын Запорожье шаарына жасаган аба чабуулунун кесепети. 29-декабрь, 2023-жыл.
Орус армиясынын Запорожье шаарына жасаган аба чабуулунун кесепети. 29-декабрь, 2023-жыл.

Запорожье шаарына жасалган орус күчтөрүнүн аба чабуулунан куткаруучулар бир нече саат турак жайлардын урандылардын астынан тирүү калгандарды издешти.

Аймактын аскердик администрациясы тараткан алдын ала маалыматка ылайык, "Кинжал" ракеталары менен ондон ашуун сокку урулган.

"Төрт адам мүрт кеткени маалым болду. Арасында эки аял бар. 12 киши жабыркады. Алардын айрымдары ооруканада", - деди администрация башчысы Юрий Малашко.

Жардыруулардын үнү Тернополь, Черкассы шаарларында угулду. Сумы облусунун Конотоп шаарында көп кабаттуу үй жабыркап, үч киши жараат алганы кабарланды.

Львов шаары

Львов шаарында орус армиясынын жапырт аба соккуларынан өмүрү кыйылган кишинин жанында топтолгондор. 29-декабрь, 2023-жыл.
Львов шаарында орус армиясынын жапырт аба соккуларынан өмүрү кыйылган кишинин жанында топтолгондор. 29-декабрь, 2023-жыл.

Львов шаарында "Шахеддердин" чабуулунан үч мектеп, лицей, бала бакча жана карапайым тургундардын үй-жайлары жабыркады.

Бир кишинин өмүрү кыйылып, он бештен ашууну жараат алганын калаа мэри Андрей Садовый кабарлады.

"Көп имараттар жабыркады. Бул жерде карапайым тургундардын үйлөрү бар. Он үй талкаланды. Айрымдарынын терезелери толугу менен күбүлүп түштү. Мектеп толук кыйрады", - деди ал.

Одесса шаары

Одесса шаарынын тургундары орус армиясынын чабуулдарынан кийин. 29-декабрь, 2023-жыл.
Одесса шаарынын тургундары орус армиясынын чабуулдарынан кийин. 29-декабрь, 2023-жыл.

Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдиргендей, аймак борборунда орус күчтөрүнүн аба соккусунан үч кишинин өмүрү кыйылды. Жыйырмадан көп карапайым тургун жараат алды. Алардын арасында эки бала жана бир кош бойлуу аял бар. Айрымдарынын абалы оор.

Харьков шаарынын башчысы Игорь Тереховдун билдирүүсүнө караганда, түнү калаага үч ирет абадан сокку урулду. Бир ишкананын үч кызматкери мүрт кетип, ондон көп адам жараат алганы кабарланды.

Киев шаары

Украинанын баш калаасына түшкөн ракетанын сыныктары. 29-декабрь, 2023-жыл.
Украинанын баш калаасына түшкөн ракетанын сыныктары. 29-декабрь, 2023-жыл.

Киевдин мэри Виталий Кличконун билдирүүсүнө караганда, украин баш калаасына түшкөн ракетанын сыныктарынан үч кишинин өмүрү кыйылды. Отуз чакты адам ооруканага жеткирилди. Абадан атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктарынан бир кампада, карапайым тургундар жашаган бир көп кабаттуу үйдө өрт тутанган.

Украинанын Энергетика министрлиги соңку кол салуудан төрт аймакта электр жарыгы үзгүлтүкқө учураганын маалымдады.

Орусия көптөгөн видео, фото далилдерге карабастан Украинада бир гана аскердик жайларды бутага алып жатканын айтып, жарандык инфратүзүмдөргө сокку урганын четке кагып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG