- Одессада орусиялык дрондордун жаңы жыл түнү койгон чабуулунан бир адам каза таап, сегизи жараат алды.
- Львовдо орусиялык дрондун сыныгы түшкөндөн кийин Роман Шухевичтин музейи күйүп кетти.
- Киевде 1-январда 29-декабрда каза тапкандар үчүн Аза күтүү күнү жарыяланды. 27 адам каза болду.
- Херсондо 14 жаштагы бала каза болуп, үч адам жараат алды.
- Орусиялык бийликтердин маалымдашынча Белгороддо чабуулдан кийин 24 адам каза тапты.
- Киевде уранды астынан 29-декабрда каза болгон беш адамдын сөөгүн алып чыгышты.
- 2023-жылдын акыркы күнүндө украин президенти Владимир Зеленский 700 аскер кызматкери, (айрымдары каза болгон) сыйланды.
- Рим папасы украин элин азап тартуучулар деп атап, алар үчүн жаратканга сыйынууга чакырды.
2-январга караган түнү Орусия Украинанын аймагына ракета менен сокку урду. Бутага Харьков жана Киев алынган. Киевдин бийликтеринин маалымдашынча, шаар үстүндө жарылган ракета сыныктарынан 10 адам жабыркаган. Подольск районунда электр энергиясынын линиялары жана суу түйүндөрүнүн иши үзгүлтүккө учураган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде, Киев облусунда жана Харьковдо төрт адам каза таап, 92 адам жарадар болгонун билдирди.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный 2-январда Орусия тараптан учуп келген 35 "Шахед" дронунун баары, 10 "Кинжал", үч "Калибр" жана Х-101/Х-555/Х-55 үлгүлөрүндөгү ракеталардан 100дөн ашууну жок кылынганын билдирди. Залужныйдын айтымында, чабуул жарандык жана өнөр жай, аскер объектилерине урулган.
В Харькове сообщается о повреждении нескольких многоквартирных домов, известно об одном погибшем и не менее 20 пострадавших.
По предварительным данным, атака осуществлялась ракетами "Кинжал".
Украина өкмөтү өлкөдө мобилизациянын жаңы эрежелерин сунуштап жатат. 2024-жылы Куралдуу күчтөрдүн катарына 400–500 миң адам чакырылышы күтүлүүдө.
1-январдан тартып Норвегиядагы курал чыгаруучулар аны Украинага түз сатууга укук алышты. Негизи Норвегиянын мыйзамдары согушуп жаткан өлкөлөргө курал-жаракты түз сатууга уруксат бербейт. Бирок бул жолу Украинага түз сатууга уруксат берилди.
Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде белгилегендей, Украинаны колдоо өлкөнүн гана эмес, жалпы Европа чөлкөмүнүн коопсуздугу үчүн маанилүү.
"Биз бул мыйзамсыз согуш узакка созуларын эске алышыбыз керек", – деди ал.
Норвегиядагы курал-жарак өндүргөн ишкерлердин согуш жүрүп жаткан өлкөлөргө куралды түз сатууга тыюу салган мыйзамдары Украинадан башка өлкөлөр үчүн күчүндө кала берерин норвегия өкмөтү маалымдады.
Норвегия Евробиримдиктин мүчөсү эмес, бирок Европа экономикалык аймагына карайт. НАТОго мүчө.
Орусия Украинага кол салгандан тартып, расмий Осло Москваны айыптап, Украинага финансылык жана аскердик жардам көрсөтүүгө кошулган. Норвегия Украинаны курал менен жабдып, аскерлерин машыктырып келет.
2023-жылы Норвегия Украинага жардам катары 11 млрд крондой (1 миллиард доллардан ашуун) акча берди. Мындан тышкары гуманитардык жардамдар да берилген.