Соңку суткада Орусия Украинанын аймагына жети жолу ракеталык, 36 жолу авиациялык сокку урганын 5-январда украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Мындан тышкары өлкөнүн айрым аймактары жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 37 жолу аткыланды.
Купянск, Бахмут, Авдеевка, Марьинка, Роботино багыттарында жасалган чабуулдардын мизи кайтарылганы кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Крымда 36 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Украина Севастополдун жанындагы орусиялык аскерлер жайгашкан командалык пункт жок кылынганын билдирди.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва армиясын коңшу өлкөгө киргизгенин атайын аскердик операция деп атап келет.
Украинанын куралдуу күчтөрү: 4-январда Украинанын аймагына эки "Шахед" дрону чабуул койду
Хмельницкий облусунда эки дрон тең талкаланды. Мындан тышкары Харьков жана Донецк облусуна аткылган үч зениттик ракета тууралуу кабарланды.
Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун маалыматында эки С-300 ракетасы менен сокку урулду. Жарылуу толкунунан турак жай талкаланып, жабыр тарткандар жок.
Донецк облусунда Курахово шаары аткылоого кабылды. Донецк администрациясынын башчысы Вадим Филашкин бала бакча, мектеп, профилактория жана кафе кыйраганын билдирди. Алдын ала маалыматта курмандыктар жана жарадар болгондор жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги менен Украинанын президентинин кеңсеси акыркы алты айдын ичинде биринчи жолу туткундарды алмашуу болгонун жарыялашты.
Москва Украинадагы согушка тартылган 248 аскери, ал эми расмий Киев 230 киши мекенине кайтарылганын, анын ичинде алты адам карапайым тургундар экенин билдирди.
Орусия Украинага өткөрүп берген туткундардын арасында 2022-жылы Мариуполду коргоого катышкан аскерлер да бар экени кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, туткундар Бириккен Араб Эмираттарынын ортомчулугу менен алмашылды. Москва менен Киев туткундарды акыркы жолу 7-августта алмашкан.
Киевдин маалыматына караганда, 2023-жылдын ноябрына карата Орусиянын туткунунда 4337 адам болгон - 3574 аскер жана 763 жай тургун. Орус бийлигинин өкүлү октябрда Украина орусиялык 500дөй аскерди туткунда кармап жатканын билдирген.
- автор Рахат Кеңешова
Украина Орусиянын соңку күндөрдөгү чабуулдары мүмкүн болушунча көбүрөөк залака тийгизүүгө багытталып жатканын, 29-декабрдагы соккудан каза болгондор борбор калаа Киевде 30га жеткенин билдирди. Орусия шаршембиге караган түнү да Украина менен чектеш аймактагы Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын маалымдады.
Расмий Киев кабарлагандай, 3-январга караган түнү Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын Харьков облусун баллистикалык С-300 ракеталары менен аткылады. Ал эми күндүз Харьковдон тышкары Полтава, Сумы жана Чернигов облустары удаама-удаа бутага алынды.
3-январда Киевде 29-декабрдагы чабуулдан жараат алган дагы бир киши көз жумду. Ошентип, согуш башталгандан берки эң ири чабуулдардын бири деп мүнөздөлүп жаткан бул соккудан курман болгондор борбор калаада 30га жетти.
Өлкө президенти Владимир Зеленский өзүнүн кезектеги кайрылуусунда Орусия соңку күндөрү жүздөгөн ракета, дрон учуруп, колунан келишинче көбүрөөк зыян алып келүүгө аракет кылып жатканын айтты:
"Бүгүн эле бизге карата түрдүү типтеги 100гө жакын ракета учурулду. Алардын траекториясы атайылап болушунча көбүрөөк залака тийгизүүгө багытталды. Бул билип түрүп жасалган кадимки террор. Соңку бир нече күндө эле Орусия Украинага каршы дээрлик 300 ракета жана 200дөн ашуун «Шахед» колдонду".
29-декабрда Украина согуш башталгандан берки эң оор чабуулдардын бирине кабылды. Бул күнү Орусия коңшу өлкөнүн бир катар аймактарын түрдүү куралдарынан аткылап, жалпысынан 40ка жакын жай тургунун өлтүрдү, 150дөн ашуун кишини жарадар кылды. Киев, Львов, Одесса, Харьков, Запорожье, Днепр шаарларына орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен удаа сокку урду.
30-декабрда Орусия чек арадагы Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын маалымдады. 25 жай тургун каза болду, 100дөн ашуун адам жараат алды, 40тай көп кабаттуу үй, 50 чакты автомашина талкаланып, өрттөлдү.
Ошол эле күнү Орусия Украинанын Харьков шаарына кайрадан сокку урду, 20дай адам жараат алды.
3-январда эртең менен Орусиянын Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын, абадан айгай салынып, коргонуу системалары ишке киргизилгенин облус губернатору Вячеслав Гладков билдирди.
Гладков бул үчүн Украинаны айыптап, шаардын чет жакасында бир нече ракета атып түшүрүлгөнүн, эч ким жабыркабаганын, ал эми Солот кыштагында эки үйдүн чатыры талкаланганын айтты.
"Белгороддо абал курч бойдон турат. Эртең менен бир нече жолу чабуул жасалды, абадан коргонуу системалары иштеди. Жарык киргенде баарын текшерип чыгабыз, калыбына келтирүү иштерин жүргүзөбүз», - деди Белгород облусунун губернатору.
Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород облусунда абадан коргонуу каражаттары "Ольха" жана "Точка-У" системаларындагы ракеталарды атып түшүргөнүн кабарлады.
3-январга караган түнү Орусия аннексиялап алган Севастополь шаарына да ракета учурулганы, ал атып түшүрүлгөнү маалымдалды.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва армиясын коңшу өлкөгө киргизгенин атайын аскердик операция деп атап келет жана жай тургундардын өмүрү кыйылып жатканын моюнуна албайт:
“Силер канча кайталабагыла, Орусия Украинанын жарандарына чабуул жасаган жок. Биз Украинанын аскердик инфраструктурасын гана бутага алып жатабыз. Куралыбызды атайылап жай тургундарга каратып жаткан жерибиз жок", - деген Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Василий Небензя 30-декабрда уюмдун Коопсуздук кеңешин жыйынында.
Бул күнү Украинанын жана Орусиянын аймагына жасалган, ондогон адамдын өмүрүн алган соңку чабуулдар Коопсуздук кеңешиндеги кезектеги отурумда талкууланды. Уюмдун башкы катчысынын жардамчысы Халед Хиари кеңири чабуулда бутага жай тургундар алынып, эл аралык ченемдерге туура келбеген окуя болгонун айтты. Коопсуздук Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү Украинанын аймагына жасалган кезектеги чабуулду айыпташты. Кытай тараптарды саясий мунасага чакырды.
Ал тапта Польшанын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Радослав Сикорский Батышты 3-январда Орусиянын жапырт ракеталык чабуулдарына жооп катары Украинаны алыскы радиуска жете турган ракеталар менен жабдууга чакырды.