Польшанын жакында эле дайындалган тышкы иштер министри Радослав Сикорский 3-январда Варшавада жасаган билдирүүсүндө Батыш Орусияга каршы санкцияларды катаалдатып, Киевге узак аралыктагы ракеталарды жөнөтүшү зарыл экенин билдирди.
"Биз Украинага жасалган соңку соккуларга Путин түшүнгөн тилде жооп беришибиз керек. Ал үчүн мыйзамсыз жолдор менен тетиктерди алып, курал-жабдык чыгарууга жол бербөө зарыл. Санкцияларды катаалдатып, ракеталарды учурган аянтчаларды жана аларды башкаруучу борборлорду жок кылуу үчүн Киевге узак аралыктагы ракеталарды жөнөтүшүү абзел”,-деди Сикорский.
Согуш башталганда Батыш мамлекеттери Киевге узак аралыктагы ракеталарды берүүдөн баш тарткан. Алар украин куралдуу күчтөрү мындай ракеталар менен Орусиянын аймагын аткылайт деп кооптонушкан. 2023-жылы Британия, Франция жана АКШ Украинага 300 чакырым алыстыкка сокку ура алчу Shadow жана ATACMS ракеталарын жөнөткөн. Анткен менен Берлин Киевдин көптөн берки суранычына карабай Taurus деген ракеталарын жиберүүдөн карманып турат.
Орусия декабрдын соңунан бери Украинанын аймактарына аба соккуларын кескин күчөттү. 29-декабрда жасалган жапырт чабуулдан кырктай кишинин өмүрү кыйылган. 2-январда негизинен баш калаа Киев жана Харьков шаарлары бутага алынып, беш киши набыт болду.
Орусиялык күчтөр өткөн суткада Украинанын аймагын 89 жолу ракета 48 жолу жапырт ок чыгаруучу ракеталык система менен аткылап, 72 жолу абадан сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Башкы штабы билдирди.
"Орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан адамдар каза тапты, 130 жаран жарадар болду, арасында балдар да бар. Миңдей турак жай талкаланды жана бузулду", - деп айтылат билдирүүдө.
- автор Элиза Кененбаева
2-январда Украинанын баш калаасы Киев жана Харьков шаарларына урулган орус армиясынын аба соккуларынан кеминде беш адамдын өмүрү кыйылды.
Жүзгө чукул киши жараат алды. Украин бийлигинин маалыматында, жапырт соккуларда “Шахед” дрондору, үндүн ылдамдыгынан тез учкан “Кинжал” ракеталары колдонулган.
Баш калаа Киев жана анын айлана-тегерегине урулган соккулардан улам бир катар имараттар жана инфратүзүмдөр жабыркап, бир нече жерде өрт тутанып, төрт карапайым тургундун өмүрү кыйылганы кабарланды. Шаар башчысы Виталий Кличко абадан атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктарынан он киши жараат алганын Телеграм-каналына жазды.
Андан тышкары чабуулдан улам Киевде 260 миң киши жарыксыз калганын Энергетика министрлиги билдирди.
Харьковго жасалган соккулардан бир киши набыт кеткени маалым болду.
Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов 2-январда билдиргендей, 1,4 миллион калкы бар шаарга “кеминде төрт сокку урулган”. Жыйынтыгында Харьков калаасынын борбордук бөлүгүндөгү имараттар жана жарандык инфратүзүмдөр жабыркап, бир аял мүрт кеткен. Синегубов 45 киши жараат алганын кошумчалады.
Харьковдун мэри Игорь Терехов билдиргендей жабыркагандар арасында беш бала бар.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Валерий Залужный абадан коргонуу системасы “Кинжал” ракеталарынын баарын, жетимиштей канаттуу ракетанын 59ун жана үч “Калибр” ракетасын атып түшүргөнүн маалымдады.
Генералдын сөзүнө караганда, Орусия 29-декабрдагы жапырт чабуулун кайталады. Андагы соккуларда 40тай адамдын өмүрү кыйылган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 2-январдагы чабуулдан набыт болгондордун жакындарына көңүл айтып, “Орусия ар бир кыйылган өмүр үчүн жооп берет”, - деп Телеграмга жазды.
Президент 31-декабрдан бери орус күчтөрү Украинанын аймактарына 170тей “Шахед” дрондору жана ар кандай түрдөгү ондогон ракета менен сокку урганын, алардын көбү жарандык жайларга багытталганын кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 2-январда тараткан билдирүүсүндө соккулар "Украинанын ракеталарды, учкучсуз аппараттарды чыгарган жана аскердик техниканы оңдоп-түздөгөн аскердик-өндүрүштүк комплекстерине, Батыш жөнөткөн ракеталар, курал-жабдыктар сакталган кампаларга" урулганын жазды.
Путиндин эскертүүсү
Орусиянын президенти Владимир Путин 1-январда Украинага каршы чабуулдар “күчөтүлөрүн” эскерткен. Анын мындай билдирүүсү Орусиянын Украина менен чектеш Белгород аймагына урулган соккулардан кийин жасалды. 20дай кишинин өмүрүн алып, жүз чакты адам жараат алган чабуулду орус бийлиги Киевден көргөн. Украин бийлиги адаттагыдай эле Орусиянын аймагында болгон окуяга комментарий берген жок.
Путин Белгороддогу окуяны “террордук акт” деп атаган. 2-январда Орусиянын Воронеж облусунун Петропавловка айылына ракета түшкөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда жабыркагандар жок.
Украин басылмаларынын жазышынча, Воронеж облусуна орус күчтөрүнүн Украинага карай аткан ракеталарынын бири түшкөн. Аталган облус жетекчилиги бир нече турак-жай жабыркаганын билдирди.
Зеленский: "Миңдеген орус аскерлеринин сөөктөрү жатат"
Ал арада 1-январда The Economist басылмасында жарык көргөн маегинде Владимир Зеленский Орусияны “террордук мамлекет” деп атап, Путин тынчтыкка карай умтулуунун эч кандай белгилерин көрсөтө электигин кошумчалады.
Зеленский Орусиянын армиясы эбегейсиз жоготууларга учурап жатканын айтты:
"Миңдеген, миңдеген орус жоокерлери. Алардын сөөктөрүн эч ким алып кеткен жок", - деген украин президенти 2023-жылы Орусия бир да ири шаарды басып албаганын кошумчалады.
Ал ошондой эле өнөктөштөрдүн жардамы абдан зарыл экенин белгилеп, Украинаны колдоо менен Европа өзүн орус агрессиясынан коргоп жатканын айтты.
"Бизге курал же акчадан каралашуу менен силер өзүңөрдү колдоп жатасыңар", - деди Зеленский.
- Одессада орусиялык дрондордун жаңы жыл түнү койгон чабуулунан бир адам каза таап, сегизи жараат алды.
- Львовдо орусиялык дрондун сыныгы түшкөндөн кийин Роман Шухевичтин музейи күйүп кетти.
- Киевде 1-январда 29-декабрда каза тапкандар үчүн Аза күтүү күнү жарыяланды. 27 адам каза болду.
- Херсондо 14 жаштагы бала каза болуп, үч адам жараат алды.
- Орусиялык бийликтердин маалымдашынча Белгороддо чабуулдан кийин 24 адам каза тапты.
- Киевде уранды астынан 29-декабрда каза болгон беш адамдын сөөгүн алып чыгышты.
- 2023-жылдын акыркы күнүндө украин президенти Владимир Зеленский 700 аскер кызматкери, (айрымдары каза болгон) сыйланды.
- Рим папасы украин элин азап тартуучулар деп атап, алар үчүн жаратканга сыйынууга чакырды.