4-январда кечинде Орусиянын Белгород шаары аткылоого кабылды. Социалдык түйүндөрдө ракеталык чабуулдун фото жана видеолору жарыяланды. Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Телеграмга орусиялык Абадан коргонуу күчтөрү "10 снарядды атып түшүргөнүн" жазды. Орусиянын Коргоо министрлиги снаряддар "Ольха" жапырт ок чыгаруучу зениттик системасына таандык экенин айтты.
Жарыяланган фото-видеолордо ракета жана снаряддын сыныктары көп кабаттуу үйдүн автоунаа токтотуучу жайына түшкөнүн көрүүгө болот. Айнектер сынып, автомобилдер талкаланган.
Соңку суткада Орусия Украинанын аймагына жети жолу ракеталык, 36 жолу авиациялык сокку урганын 5-январда украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Мындан тышкары өлкөнүн айрым аймактары жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 37 жолу аткыланды.
Купянск, Бахмут, Авдеевка, Марьинка, Роботино багыттарында жасалган чабуулдардын мизи кайтарылганы кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Крымда 36 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Украина Севастополдун жанындагы орусиялык аскерлер жайгашкан командалык пункт жок кылынганын билдирди.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва армиясын коңшу өлкөгө киргизгенин атайын аскердик операция деп атап келет.
Украинанын куралдуу күчтөрү: 4-январда Украинанын аймагына эки "Шахед" дрону чабуул койду
Хмельницкий облусунда эки дрон тең талкаланды. Мындан тышкары Харьков жана Донецк облусуна аткылган үч зениттик ракета тууралуу кабарланды.
Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун маалыматында эки С-300 ракетасы менен сокку урулду. Жарылуу толкунунан турак жай талкаланып, жабыр тарткандар жок.
Донецк облусунда Курахово шаары аткылоого кабылды. Донецк администрациясынын башчысы Вадим Филашкин бала бакча, мектеп, профилактория жана кафе кыйраганын билдирди. Алдын ала маалыматта курмандыктар жана жарадар болгондор жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги менен Украинанын президентинин кеңсеси акыркы алты айдын ичинде биринчи жолу туткундарды алмашуу болгонун жарыялашты.
Москва Украинадагы согушка тартылган 248 аскери, ал эми расмий Киев 230 киши мекенине кайтарылганын, анын ичинде алты адам карапайым тургундар экенин билдирди.
Орусия Украинага өткөрүп берген туткундардын арасында 2022-жылы Мариуполду коргоого катышкан аскерлер да бар экени кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, туткундар Бириккен Араб Эмираттарынын ортомчулугу менен алмашылды. Москва менен Киев туткундарды акыркы жолу 7-августта алмашкан.
Киевдин маалыматына караганда, 2023-жылдын ноябрына карата Орусиянын туткунунда 4337 адам болгон - 3574 аскер жана 763 жай тургун. Орус бийлигинин өкүлү октябрда Украина орусиялык 500дөй аскерди туткунда кармап жатканын билдирген.