Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23
Москва шаары жана Москва облусу дрон соккусуна кабылды, 18-июнь, 2026-жыл
Москва шаары жана Москва облусу дрон соккусуна кабылды, 18-июнь, 2026-жыл

Түз ободо Москвага чабуул: Мигранттар иштеген базарды өрт каптады

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:01 6.1.2024

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын үстүнөн төрт ракета жок кылынганын билдирди. Мекеме чабуул 6-январга караган түнү болгонун, ошол маалда бир сааттай Крым көпүрөсүндөгү кыймыл токтулганын маалымдады.

Украинага ыктаган Телеграм-каналдар Евпатория жана Орусия колдонгон "Саки" аскердик аэродрому жайгашкан Новофёдоровка райондорунда жарылуулар болгонун жазышты.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн кол башчысы Николай Олещук Телеграм-каналына украин жоокерлери аталган аэродромдогу командалык бекетке чабуул жасаганын жазды.

Москва бул маалымат тууралуу комментарий берген жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги 5-январда дагы Крымга чабуул жасалып, он ракета атып түшүрүлгөнүн, ондогон дрон жок кылынганын билдирген. Николай Олещук бул аскердик операцияда Севастополдун жанындагы орусиялык армиянын командалык пункту чабуулга алынган айтып, украин учкучтарына алкыш жарыялаган.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

21:33 5.1.2024

21:32 5.1.2024

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралына 4-январда жасалган чабуулдун натыйжасында орус аскерлеринин командалык пункту гана талкаланбастан, жарым аралдын өзүн коргоо системасына да олуттуу зыян келтирилген. Бул тууралуу бүгүн 5-январда украин аскерлери билдиришти.

«Чынында өтө олуттуу күжүрмөн иш аткарылды», — деп айтты Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалымат кызматынын өкүлү Наталья Гуменюк.

Анын айтымында, бул орус аскерлерине өзүнүн коргонуу системасын кайра карап чыгууга олуттуу түрткү боло турган чабуулдардын биринчиси эмес.

4-январда Украина Крым жарым аралындагы Севастополь аймагына жакын жерде орус аскерлеринин командалык байланыш пунктуна сокку урганын кабарлаган.

Севастополдун Москва дайындаган губернатору Михаил Развожаев шаар «соңку кездеги эң оор чабуулга кабылганын» билдирген. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралында абадан коргонуу системалары Украинанын 10 ракетасын атып түшүргөнүн маалымдаган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган, 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу согуш ачкан.

17:05 5.1.2024

4-январда кечинде Орусиянын Белгород шаары аткылоого кабылды. Социалдык түйүндөрдө ракеталык чабуулдун фото жана видеолору жарыяланды. Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Телеграмга орусиялык Абадан коргонуу күчтөрү "10 снарядды атып түшүргөнүн" жазды. Орусиянын Коргоо министрлиги снаряддар "Ольха" жапырт ок чыгаруучу зениттик системасына таандык экенин айтты.

Жарыяланган фото-видеолордо ракета жана снаряддын сыныктары көп кабаттуу үйдүн автоунаа токтотуучу жайына түшкөнүн көрүүгө болот. Айнектер сынып, автомобилдер талкаланган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG