7-январга караган түнү орус күчтөрү Украинага үч С-300 ракетасы, «Шахед» дрондору менен чабуул койду. Украинанын Куралдуу күчтөрү 28 дрондун 21ин абадан коргонуу системасы атып түшүргөнүн билдирди.
Днепр шаарында 12 киши жараат алды. Жекшембиге караган түнкү чабуул масштабы жагынан буга чейинкилерге салыштырмалуу чакан болгону менен Орусия Украинанын жарандык жайларын бутага алып жатканынын дагы бир далили экенин көрсөттү.
Украин аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы Юрий Игнат жергиликтүү телеканалга «каршылаштар майданга чукул Херсон дана Днепропетровск облустарына чабуул койгонун» айтты.
Орусия бул чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.
Соңку эки аптада Орусия Украинанын аймактарын 300гө чукул ракета жана 200дөн ашуун учкучсуз аппарат менен аткылап, карапайым элдин жүрөгүнүн үшүн алууга аракеттенди.
29-декабрда украин шаараларына 120дан ашуун ракета атылып, кеминде 44 кишинин өмүрү кыйылды, алардын отузу баш калаада набыт болду.
2022-жылы февралда Орусия Украинага ар тарабынан басып киргенден бери Украинанын абадан коргонуу системасы кыйла күчтөндү. Орус күчтөрү учурган дрон, ракеталарды байкоо системасы жакшырды.
Өткөн аптада АКШнын расмийлери Орусия Түндүк Кореядан алган баллистикалык ракеталарды украин шаар-кыштактарына абадан сокку урганга колдоно баштаганын билдирген.
Украинанын Донецк облусунун Покровск районунда 6-январдын кечинде Орусиянын ракеталык чабуулунда 11 адам, анын ичинде беш бала мерт болду. Дагы сегиз киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Ага ылайык, чабуулда жер тамдар бутага алынган, анын натыйжасында бери дегенде 75 турак жай жабыркады.
Филашкин Орусиянын аскерлери С-300 үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылаганын белгиледи. Покровскиде куткаруу, урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Анын алдында Филашкин орусиялык аскерлер ишемби күнү эртең менен Пивничное кыштагын аткылаганын, эки авиабомба эки көп кабаттуу үйгө тийип, улгайган аял мерт болгонун билдирген.
Украин президенти Владимир Зеленский Покровскидеги чабуулга байланыштуу Орусияны турак жайларды бутага алганы үчүн айыптады. Ал Москва "мындай бир дагы чабуул кесепетсиз калбашын сезиши керек" деп айтты.
Орусия бул тууралуу комментарий бере элек. Москва адатта аскердик объектилерге гана чабуул жасалганын билдирип келет.
Орусиялык аскерлер 6-январда Донецк облусундагы Покров районуна ракета менен сокку урду. 11 бала каза таап, дагы сегиз адам жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Вадим Филашкин билдирди.
Анын айтымында орусиялык аскерлер С-300 ракетасын колдонушкан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш өлкөлөрүн согуш башталганда Орусиянын чет жакта эсеби жабылган 300 млрд долларлык активин Киевге берүүгө чакырды. Зеленскийдин пикиринде, бул Орусияны "агрессиясы үчүн кун төлөткөн" адилеттүү кадам болмок.
"Бул дүйнөдөгү потенциалдуу агрессорлорго туура белги болмок: башка өлкөгө кол салуу дивиденд алып келбейт, агрессор акыр-аягында кун төлөөгө тийиш" деп жазган Зеленский Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына.
Буга чейин британиялык Financial Times гезити Батыш өлкөлөрү орусиялык активдерди Украинанын пайдасы үчүн конфискация кылуу жолун караштырып жатканын жазган.
АКШ жабык өткөн акыркы сүйлөшүүлөрдө орусиялык активдерди конфискациялоо керек деген позицияны карманганы айтылууда. "Чоң жетинин" жыйындарында АКШ активдерди конфискациялоо жолун "эл аралык укуктун негизинде" тапса болоруна ынандырган.
"Чоң жетинин" мүчөлөрү жана башка мамлекеттер Орусиянын агрессиясын токтотуу үчүн жооп чараларды көрө алат" деп жазылган АКШ өкмөтүнүн гезит таанышкан документинде.
Бул маселе Орусиянын Украинага басып киргенинин эки жылдыгына карата февралда өтө турган "Чоң жетинин" жолугушуусунда талкууланышы мүмкүн. Бул сүйлөшүүгө Украинага бериле турган 100 млрд доллардык жардамдын башы ачылбай турганы себеп болууда: АКШ Конгресси Киевди 2024-жылы каржылоо чечимин кабыл ала элек, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 14-декабрда өткөн Евробиримдиктин саммитинде Украинага жакынкы жылдары бериле турган 50 млрд евролук жардамды бөгөттөдү.
Москва өз кезегинде орусиялык активдер конфискацияланса, жооп болорун айтууда.
- 2022-жылы февралда Украинага согуш ачкандан кийин Орусиянын Борбордук банкынын четтеги 300 млрд долларлык резервинин эсеби жабылган.