Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026

Украина менен Орусия 157ден туткун алмашты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:07 19.1.2024

Орусия Москва жана Ленинград облустарында дрондор кармалганын ырастады

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу 18-январда Ленинград облусунда дрон кармалганын расмий кабарлады. Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов «Ленинград облусундагы инцидентке байланыштуу» жабыркагандар жок экенин, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жергиликтүү маалымдоо каражаттары учкучсуз учактан үчөө болгонун, экөө Фин булуңуна, үчүнчүсү Санкт-Петербургдагы деңиз портуна жакын мунай терминалынын аймагына түшкөнүн, ал жакта жарылуу болуп, 130 чарчы метр жерде өрт чыкканын жазышты.

Коргоо министрлиги Москва облусунда да өткөн түнү дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Москванын мэри Сергей Собянин окуя Подольск аймагында болгонун, баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок экенин айтты.

Түшкө маал Москванын «Внуково» аэропорту да убактылуу жабык турду, учууга жана конууга тыюу салынып жатты, себеби, мамлекеттик органдар билдиргендей, түнкүсүн Москва облусунда учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.

Украина менен чектешкен Белгород облусунда 10 ракетаны атып түшүрүшкөнүн жергиликтүү бийлик башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Аталган аймак буга чейин да аткылоого кабылган. Орус тарап бул үчүн Украинаны айыптоодо. Украина эч кандай расмий комментарий бербей келет

17:24 18.1.2024

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден АКШнын чек арасындагы абалды, Украинага каржылык жардамды талкуулоо үчүн 17-январда Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачы Майк Жонсон менен, Сенат жана Өкүлдөр палатасынын башка да лидерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Байдендин администрациясы буга чейин Конгресске Украинага быйыл 60 миллиард доллардан ашуун жардам бөлүү тууралуу сунушун киргизген. Көпчүлүгүн республикачылар түзгөн Өкүлдөр палатасы президенттин бул сунушун карай элек. Республикачылар Украинаны каржылоону АКШ менен Мексиканын чек арасындагы коопсуздукту бекемдөө менен чогуу кароону талап кылып жатышат. Алар сунуштаган катаал чараларга көпчүлүк демократтар каршы болууда.

Ак үйдүн маалыматына караганда, жолугушууда Байден Украинага «Орусиянын ырайымсыз кол салуусунан коргонуу үчүн абадан коргонуу системаларын жана артиллериялык курал-жарак берүүнүн маанилүүлүгүн» белгиледи. Эгер андай жардам көрсөтүлбөсө, АКШнын өзүнүн улуттук коопсуздугуна шек келиши ыктымалдыгын, НАТОго жана “бүткүл эркин дүйнөгө” коркунуч жараларын белгилеген Байден чек арадагы коопсуздук маселесин да чечиш керектигин, Сенатта республикачылар менен демократтар бул боюнча бир пикирге келүүгө жакындап калганын айтты.

Өкүлдөр палатасынын спикери Жонсон жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мексика менен чек арадагы кырдаалды дагы эле башкы артыкчылык деп эсептей турганын, Конгресстеги республикачылар Украинага жардам зарылдыгын түшүнүп турушканын, бирок “чек арадагы кво макамы жол берилгис көрүнүш” экенин белгиледи. Биринчи кезекте мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу үчүн чек арада көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгы тууралуу сөз болууда. Айрым республикачылар чек арадагы дубалды каржылоо жана депортацияны күчөтүү керектигин белгилеп жатышат.

АКШ Конгрессинде быйылкы жылдын федералдык бюджети макулдашуудан өткөнү 7-январда белгилүү болгон.

Ак үйдүн сайтына жарыяланган билдирүүдө маалымдалгандай, быйылкы жылдын бюджети 1,6 триллион доллар болот жана бул “АКШны шатдаундан сактап калууга, улуттук артыкчылыктарды коргоого жакындатат”.

АКШда каржылык жыл октябрь айынан тартып башталат. 2023-жылдын ноябрында федералдык өкмөттүн ишин убактылуу каржылоо мыйзамы кабыл алынган.

Конгресс бул маселе 19-январга жана 2-февралга чейин чечилиши керек деген чек койгон.

17:57 15.1.2024

Украинанын Аскердик аба күчтөрү Орусиянын эки учагын жок кылганын 15-январда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Валерий Залужный билдирди. Анын айтымында, алыстан аныктоочу радиолокациялык А-50 учагы жана Ил-22 абадан башкаруучу пункту жок кылынды.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары кечээтен бери жазып жатышкан, бүгүн Украина расмий тастыктаган бул маалымат боюнча Орусия азырынча комментарий бере элек.

«Куралдуу күчтөргө Азов аймагында эң мыкты пландалган жана ишке ашырылган операциясы үчүн ыраазычылык билдирем!» — деди Залужный Telegram каналындагы билдирүүсүндө.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жок кылынганы айтылып жаткан учактар тууралуу кабары жок экенин, Коргоо министрлигине кайрылуу керектигин айтты.

15:54 15.1.2024

Согуш талаасында соңку суткада 94 жолу кагылышуу болгонун 15-январда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Жалпысынан Украинанын аймагына аскерлер жайгашкан позицияларга жана калктуу пункттарга жети ракеталык, 60 авиациялык сокку урулганы, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 64 жолу аткылоо болгону, жай тургундар арасында каза болгондор бар экени, үйлөр жана башка жарандык инфраструктура талкаланганы кабарланды.

Чабуулдар Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка, Марьинка, Запорожье жана Херсон багыттарына жасалды.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва коңшу өлкөгө басып киргенин "атайын аскердик операция" деп атап келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG