13-январга караган түнү орус аскерлери өлкөгө 40 ракета жана дрон менен кол салып, сегиз ракета атып түшүрүлдү, 20дан ашык ракета жана дрон "өз максатына жеткен жок" деп билдирди Украинанын Коргоо министрлиги.
Маалыматка караганда, Орусия "Шахед" үлгүсүндөгү үч дронду, С-300/С-400 жети зениттик ракетаны, 12ге чейин х-101/Х-555/Х-55 канаттуу ракетасын, төрт башкарылуучу х-59 авиациялык ракетасын колдонгон.
Украинанын абадан коргоо күчтөрү жети х-101/х-555/Х-55 канаттуу ракетасын жана бир башкарылуучу х-59 авиациялык ракетасын атып түшүргөнүн ырастоодо.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу кабарланган жок.
Ишемби күнү атышуулар тууралуу Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди. "Днепрге чабуул жасалды. Азыр соккулар кандай зыян келтиргенин тактап жатабыз", - деп жазды ал Телеграм-каналына. Жабыркагандар жок экени кошумчаланды.
Харьков облусунда Волчанск жана Золочев аткылоого кабылган. Облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, эки турак үй жабыркаган.
Жума күнү кечинде Херсон облусунун башчысы Александр Прокудиндин маалыматында, Берислав калктуу пункту чабуулга кабылып, андан 71 жаштагы аял уранды астында калган.
Чернигов облусуна да эртең менен чабуул жасалып, андан кыйроолор болгону менен жабыркагандар жок экенин облус жетекчиси Вячеслав Чаус билдирди.
Би-Би-Синин орус кызматынын журналисттери менен "Медиазона" булагы 2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын январына чейин Украинада каза тапкан орусиялыктар тууралуу маалымат таратты.
Келишим менен колуна курал кармагандар арасында 48 адам 2004-жылы, дагы бешөө 2005-жылы туулган жигиттер экени аныкталды.
Былтыр жазында Мамлекеттик Дума Коргоо министрлигине жарандар менен 18 жаштан тартып келишимдик негизде согушка чакырууга уруксат берген. Ошондон улам каза тапкандар арасында былтыр мектепти бүтүргөндөр да бар. Жалпысынан журналисттер фронтто каза болгон 84 кишинин аты-жөнүн аныкташты. Алардын он төртү 2022-жылдын апрелинде сууга чөгүп кеткен "Москва" кемесинин экипажындагы моряктар.
Жоготуулар ачык булактардагы ысымдар аркылуу же туугандарынын жардамы менен аныкталат.
Би-Би-Синин жана "Медиазонанын" журналисттери Орусия Украинага кол салгандар бери жана 2024-жылдын 12-январына карата фронтто кеминде 41 731 орус аскери курман болгонун, алардын 7 717си абакта жаткандар, 5 005и мобилизацияланган жарандар болгонун аныкташты.
Орусия 2022-жылдын 14-февралында "атайын операция" деген ат менен Украинага толук масштабдуу согуш башатаган. Андан мурда 2014-жылы жаз айларында Донецк облусунда Орусияны колдогон чагымчыл күчтөрдүн митингинен кийин украин коомунда тиреш башталып, расмий Москва алгач Крымды басып алган.
Согуш талаасында Орусиянын чабуулдары күчөйт деген кооптонуусун украин президенти Владимир Зеленский Балтика өлкөлөрүнө иш сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:
"Алар контрчабуулдук аракетин көрүшөт. Ооба, ошону кылат. Качан дейсизби? Ал киши шайлоого даярданып жатканын билесиздер. Ошондуктан шайлоо алдында бир аз болсо да тактикалык жеңишке ээ болууну, маалыматтык базасын бекемдөөнү каалайт. Андан кийин глобалдуу, масштабдуу бир нерсеге даярдана башташат”.
Зеленский фронттогу абалды "өтө оор" деп баалады. Аба мейкиндигиндеги Орусиянын үстөмдүгүнөн улам Украинанын колунан көп нерсе келбей жатканын белгиледи:
“Фронтто кырдаал өтө оор. Бизге курал-жарак жетпей жатат. Эгер орустарда аба мейкиндигибизди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болбосо, ал эми бизде абадан коргонуу системабыз жетиштүү болгондо алардын авиациясын жок кылат элек. Таптакыр жок кылып. Ошентип көргөнбүз. Колубуздан келген”.
Украин президенти Балтика өлкөлөрүнө сапарын 10-январда баштаган. Литва жана Эстониядан кийин 12-январда Латвияга барды. Талкууланып жаткан негизги маселе – Орусияга каршы күрөш, НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө болуу пландары.
Соңку бир сутка ичинде Орусия Украинанын калктуу пункттарына жана аскердик позицияларына үч жолу авиациялык сокку уруп, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 16 жолу аткылаганын жуманын таңында украин аскерлери билдиришти.
Ал эми согуш талаасында 64 жолу кагылышуу болду. Авиациялык чабуулга Донецк жана Херсон облустары кабылды. Херсондо бир адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Артиллериялык ок алдында Чернигов, Сумы, Харьков, Луганск, Донецк, Запорожье, Днепропетров, Херсон жана Николаев облустарындагы 130 калктуу пункт калды.
Орус бийлигинин өкүлү Украинага жасаган соккуларын, аскердик өнөр жай тармагындагы абалын "ийгиликтүү" деп сыпаттады.
"Жакында Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аскердик объектилерине жасаган бир нече өтө күчтүү жана натыйжалуу соккусу биздин аскердик өнөр жай тармагыбыз 2023-жылы ийгиликтүү жана эффективдүү иштегенин далилдей алды. Белгилүү болгондой, түрдүү курал-жарактан ар кандай сокку урдук. Азырынча ядролуктан башкасын», - деди Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев.
29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң оор чабуулдардын бирине кабылган. Бул күнү Орусия анын бир катар аймагын болгон куралы менен аткылап, жалпысынан 40ка жакын жай тургунун өлтүрдү, 150дөн ашуун кишини жарадар кылган. Киев, Львов, Одесса, Харьков, Запорожье, Днепр шаарларына орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урган.
30-декабрда Орусия чек арадагы Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын маалымдады. Соңку расмий кабарлар боюнча каза болгондор кеминде 25 адам, 100дөн ашуун адам жараат алды, 40тай көп кабаттуу үй, 50 чакты автомашина талкаланып, өрттөлдү.
12-январда Киевге иш сапар менен Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак барды. Ал быйыл Украинага 2,5 миллиард фунт жардам берилерин, бул былтыркыга караганда бул 200 миллионго көп экенин айтты.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва коңшу өлкөгө басып киргенин "атайын аскердик операция" деп атап келет.
Быйыл 15-17-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Шайлоону уткан киши өлкөнү алты жыл башкарат. Азыркы президент, бийликти 23 жылдан бери колдон чыгарбай кармап келаткан Владимир Путин жаңы мөөнөткө талапкерлигин коёрун тастыктады.
Келерки аптада Бириккен Улуттар Уюму Украинанын 2024-жылдагы гуманитардык муктаждыктары үчүн донорлордон 3,1 миллиард долларлык колдоо сурайт. Мындай сумманы БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Гуманитардык маселелерди жөнгө салуу боюнча башкармалыктын өкүлү Эдем Восорну сөз кылган.
“Азырынча Украинада согуш уланууда жана гуманитардык муктаждыктар да улам артып жатат. Каржылык колдоо солгундап кетпеши керек”, -деди Восорну.
Анын кесиптеши Йенс Лерке бул жылы Украинанын 14,6 миллион жаранына гуманитардык жардам көрсөтүлүшү керектигин, бул сан өлкөнүн калкынын 40% экенин билдирди. Мындан тышкары ар кайсы өлкөдө качкын болуп жүргөн 2,3 миллион украиналык да жардамга муктаж. Алардын муктаждыктары да жылдык планга киргизилген.
Төрт миллион украиналык, анын ичинде миллионго чукул бала өз үйүн таштап, өлкө ичинде качкын болуп баш калкалоого аргасыз болгон. Леркенин эсебинде жалпы качкындардын саны 6,3 миллионду чапчыйт.
Эдем Восорну Орусия оккупациялап алган украиналык аймактардагы адамдарга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи. Бул аймактарга БУУнун гуманитардык миссиясы жана туруму аркылуу жардам алып кирүү өтө татаал болууда.
“Бул өзгөчө муктаждык эң көп фронт линиясына жакын жайгашкан оккупацияланган аймактарда жашаган жүз миңдеген адамга тиешелүү экени өтө тынчсыздандырат”, - деди ал.