Дүйнөнүн элүү чакты өлкөсү Орусия Украинага Түндүк Кореядан алган баллистикалык ракеталар менен чабуул койгонун айыптап чыгышты. Бул үчүн орус бийлигин жоопко тартуу талап кылынарын билдиришти.
Биргелешкен билдирүү тууралуу АКШ администрациясынын расмий өкүлү Жон Кирби 9-январда билдирди. Сөз Украинага 30-декабрда жана 2-январда жасалган чабуул тууралуу болуп жатканын белгилеген Кирби атайын билдирүүгө АКШ, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Улуу Британия, Австралия, Канада, Германия, Түштүк Корея, Жапония жана Израил кол койгонун айтты:
"Мындай куралдын берилиши украин элинин башына түшкөн азапты ого бетер оорлотот, Орусиянын агрессивдүү согушуна шыкакчы болот жана курал-жаракты жайылтпоо тууралуу глобалдык тартипти бузат. Биздин өкмөттөр Түндүк Корея менен Орусиянын бири-бирине курал-жарак алышып-беришүүсүнө чечкиндүү түрдө каршы турат. Түндүк Кореянын Орусияга баллистикалык ракета берүүсү Улуттар Уюмунун коопсуздук боюнча көптөгөн резолюцияларын бузганы катары бааланат. Эртең биз союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз менен бирге бул маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде көтөрөбүз жана Орусия өзү макул болуп кол койгон эл аралык милдеттенмелерин өзү бузуп жатканы үчүн жоопко тартууну талап кылабыз”.
Орусиянын Түндүк Корея менен мындай кызматташтыгы, билдирүүгө кол койгон 47 өнөктөш өлкөнүн пикиринде, жалпы эле Европа, Инд-Тынч океан аймактарына жана Корей жарым аралына коркунуч жаратат.
Ак үйдүн маалыматына караганда, Түндүк Кореядан алынган баллистикалык ракеталар Орусиядан Украинага 6-январда да учурулган. Мындай ракеталар, адистердин айтымында, 900 чакырым аралыкка чейин бутага ала алат.
Ракеталардын бири 2-январда Харьковдун борборуна түшкөн, эки аял каза болуп, 60тан ашуун киши жараат алган.
"Түндүк Кореяда жасалган болушу ыктымал. Себеби алардын ракеталарынын куйругу ушундай болот. Ракетаны учургандар маалыматты жашырууга аракет кылышыптыр. Себеби айрым бөлүктөрүндөгү жазууларды кол менен атайылап өчүрүп чыгышкан. Бычак менен же темир араа менен өчүрүшкөн. Адатта колдонулуучу "Искандер" ракеталары мындай болбойт", - деди Харьков облустук прокуратурасынын расмий өкүлү Дмитрий Чубенко.
Орусия мындай айыптоолорго азырынча расмий комментарий бере элек.
2006-жылы Түндүк Корея өзөктүк куралын сыноодон өткөргөн. Ошондон бери бул өлкөгө Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин санкциялары жарыяланган. Түндүк Корея менен курал-жарак жаатындагы соода алакасына тыюу салган санкцияларды Орусия да колдогон.
10-январда Украин президенти Владимир Зеленский Балтика өлкөлөрүнө иш сапарын Литвадан баштады. Ал Орусияга каршы согуштун жүрүшүн, расмий Киевдин НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө болуу пландарын талкуулайт.
10-январга караган түнү Орусия Украинанын Харьков аймагына эки жолу С-300 ракетасын учурду. Балдардын дарылоо лагеринин имараты талкаланганын облус башчысы Олег Синегубов билдирди. Сумы облусуна эки дрон учурулду. Адамдар арасында жабыркагандар катталган жок.
Украинанын Башкы штабынын бүгүнкү маалыматына караганда, фронтто олуттуу өзгөрүү жок. Орус армиясы Авдеевканы курчоо аракетин улантууда.
Орус Коргоо министрлиги Саратов облусунда украиналык учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Ал тапта Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгы быйыл Украинанын өзүндө калкынын дээрлик 40% гуманитардык жардамга муктаж болорун билдирди. Уюм согуштун уланышы өлкөдөгү гуманитардык абалды начарлатарын белгиледи.
Украинанын президенти 10-январда Балтика мамлекеттерине болгон күтүүсүз сапарынын алкагында Литванын баш калаасы Вильнюска барды.
Бул тууралуу ал социалдык тармактар аркылуу билдирди.
"Эстония, Латвия жана Литва – биздин ишенимдүү досторубуз жана принципиалдуу өнөктөштөрүбүз. Бүгүн мен Вильнюска келдим, андан ары Таллин менен Ригага барам”,-деп жазды Зеленский X социалдык түйүнүнө.
Украин президенти бул өлкөлөрдүн жетекчилери менен коопсуздук, Киевдин Евробиримдик менен НАТОго интеграциясы, радиоэлектрондук күрөш жана дрондор тармагындагы кызматташтык тууралуу маселелерди талкууларын кошумчалады.
Ал арада Орусиянын армиясы 9-январда Украинанын Харьков облусун аткылоону улантты. Ракеталык чабуулдан Харьков шаарындагы балдардын саламаттык борбору талкаланганын облус жетекчиси Олег Синегубов жазды.
Маалыматка караганда, орус күчтөрү C-300 ракеталык комлекстеринен сокку урган. Андан тышкары соңку бир суткада орус армиясынын аткылоосунан Херсон облусунда эки киши жараат алганы кабарланды.
Жергиликтүү бийлик тараткан маалыматка ылайык, аткылоолордон банк, завод, билим берүү жайы жана карапайым тургундардын үйлөрү жабыркаган. Орусиянын Коргоо министрлиги адатта аскердик гана жайларды бутага алганын билдирип, карапайым тургундардын үйлөрүнө жасалган чабуулдарды танып келет.
Соңку суткада фронтто 67 жерде кагылышуу болгонун 9-январда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.
«Душман биздин жоокерлер жайгашкан жерлерге жана калктуу пункттарга жалпысынан 55 ракеталык жана 22 авиациялык сокку урду, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 35 жолу аткылоо болду», – деп айтылды мекеменин маалыматында.
Башкы штабдын кабарлоосуна караганда, Купянск багытында украин аскерлери Харьков облусунун Синьковка аймагында беш чабуулдун мизин кайтарды, ал эми Авдеевка аймагында орус аскерлеринин бул тилкени курчоого алуусуна жол бербөө аракетин улантышты.
Донецк облусунда жалпысынан 27 соккуга бөгөт коюлганы, Украинанын ракеталык аскерлеринин бөлүктөрү душмандын ок-дары сактаган эки жайын бутага алганы маалымдалды.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү спикери Наталья Гуменюк 9-январга караган түнү орус аскерлери көптөн бери алгачкы жолу Украинанын аймагына Shahed жанкечти дрондорун учурбаганын, буга аба ырайы себеп болгонун айтты.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва коңшу өлкөгө басып киргенин "атайын аскердик операция" деп атап келет.
Украинанын дээрлик бардык аймагында 8-январдын түнү жана эртең менен абадан айгай салынды. Украин армиясы Орусия ракетанын ар кандай түрү менен чабуул койгонун билдирди.
Кривой Рог, Запорожье, Днепр, Харьков жана Хмельницкийде жарылуулардын үнү угулду. Анын кесепети тууралуу азырынча расмий маалымат жок.
Жергиликтүү басылмалар Кривой Рогдо соода борбору олуттуу зыян тартканын жазышты. Запорожьеде калктуу конушка урулган соккудан эки киши жабыркаганын, аймактын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчкөнүн облустук админстрациянын башчысы кабарлады.
Харьковго бери дегенде төрт сокку урулганын, өндүрүш кампасында өрт чыкканын облустун жетекчиси Олег Синегубов маалымдады.
Москва Украинага урулган соккулар тууралуу комментарий берген жок. Орусиянын Коргоо министрлиги 8-январда эртең менен Белгород облусунун үстүнөн С-200 ракетасынын мизи кайтарылганын, оккупацияланган Донецк облусунда сегиз дрон жок кылынганын билдирди.