Соңку сутка ичинде фронтто 78 жерде кагылышуу болгонун, айрыкча Донецк облусундагы Авдеевка багытында кармаш катуу жүрүп жатканын, ал жерде орус армиясынын 44 чабуулунун мизи кайтарылганын бүгүн 5-февралда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.
5-февралга караган түнү Орусия Харьков облусунда эки шаарды аткылаганын, үйлөр, административдик имараттар, айыл чарба техникасы талкаланганын, Купянск багытында сокку күн сайын урулуп жатканын, жарым жылдан бери фронттун бул аймактагы бардык тилкесинде айыгышкан кармаш уланып келатканын жергиликтүү бийлик башчысы Олег Синегубов кабарлады.
Донецк облусунун Торецк шаарында орус аскерлеринин ракеталык чабуулунан бир кишинин өмүрү кыйылганы, дагы бир нече киши жараат алганы маалымдалды.
Кривой-Рогдо 2-февралдагы учкучсуз учактын чабуулунан жабыркаган электр тармагынын иши калыбына келтирилгени, электр жарыгы бардык абоненттерге толук бериле баштаганы маалымдалды. Бул күнү шаарда 62 миңдей керектөөчү электр жарыгысыз калган, эртеси күнү оңдоо иштери жүрүп жатканда кайрадан сокку урулган.
Украин президенти Владимир Зеленский согуштук абалдын жана жалпы мобилизациянын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартуу тууралуу мыйзам долбоорлорун Жогорку Раданын кароосуна киргизди.
Орусиянын аймагына жасалган дрон чабуулунан кийин Волгограддагы ири мунай иштетүүчү "Лукойл" заводу өрттөнүп кетти. Өрт 3-февралда саат 5:00 чамасында башталып, үч сааттан кийин гана өчүрүлдү. Бийлик заводго чабуул жасаган дрон жок кылынганын маалымдады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 300 чарчы метрдей аянттагы мунай заттар күйгөн. Облус губернатору Андрей Бочаровдун сөзүнө караганда, өрт дрон сыныгы түшкөндөн улам чыккан. "Жабыркагандар жок", - деди Бочаров.
"Лукойл" заводу Орусиядагы мунай иштетүүчү ири заводдордун бири. Ал бензин, дизелдик жана авиациялык керосинди, суу кемелери үчүн күйүүчү май иштеп чыгат.
Орусиянын Коргоо министрлиги 3-февралга караган түнү Белгороддун үстүнөн төрт, Волгограддан эки, Ростов облусунүн үстүнөн бир дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Киев Орусияга жасалган чабуулдар тууралуу маалыматтарга комментарий бербейт.
Январда Орусия менен Украина бири-биринин мунай иштетүүчү заводдорун аткылашкан. Бирок анын кесепеттери тууралуу эки тарап тең ачык маалымат берген эмес.
2-февралга карата Украинадагы согушта өлгөн орусиялык аскерлердин саны 43 600 адамга жеткени кабарланды. Мындай эсепти "Медиазона" жана Би-би-синин орус кызматы чогуу жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында чыгарды.
Өлгөндөрдүн ичинен 8099у – абактардан согушка тартылгандар болсо, 5216 киши мобилизациялангандар.
Акыркы эки жумада согушта өлгөн аскерлердин тизмесине 1176 адамдын аты-жөнү кошулду, алардын 15инин чини подполковниктен жогору.
Мерт болгондордун басымдуу бөлүгү Свердлов, Челябинск, Ростов облустарынын жана Бурятиянын тургундары экени кабарланды.
Иликтөөчүлөр согушта өлгөн аскерлердин санын ачык булактардан - жергиликтүү бийлик, ЖМК, маркумдардын жакындары жана көрүстөндөрдөн алынган маалыматтардан чогултулуп келет. Басылмада белгиленгендей, тизмеде өлгөндөрдүн аты-жөнү Орусияда көмүлгөндөн кеминде эки эсе аз болушу мүмкүн.
Мурдараак Американын Башкы чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) жетекчиси Уильям Бернс Украинага кол салгандан берки аралыкта Орусиянын өлгөн жана жараат алган аскерлеринин саны 135 миңге чамалаганын айткан. Журналисттер анын божомолу чындыкка жакын болушу ыктымал дешет.
Москва да, Киев да согушта өлгөн аскерлеринин санын ачыкка чыгарбайт.
Украин бийлиги Орусиянын ошол учакта 65 украин аскери баратканы тууралуу билдирүүсүн тастыктай элек жана бул окуяны эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылууда. Орусия андай иликтөө зарыл эместигин айтып, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырды.
24-январда Орусиянын Белгород облусунда Ил-76 аскердик-транспорттук учагы кыйраганын биринчи болуп Москва жарыялаган. Коргоо министрлиги учактын ичинде айырбаштоо үчүн салып бараткан украин согуш туткундары болгонун, баары мүрт кеткенин билдирген.
«Учактын ичинде экипаждын алты мүчөсү, айырбаштоо үчүн алынып бараткан 65 украин аскери жана коштоочу үч орусиялык аскер кызматкери болгон. Экипаж жана жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Учакты украин Куралдуу күчтөрү Харьков облусунан зениттик-ракеталык комплекстен учурулган эки ракета менен атышкан», - деди Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков.
Орусия окуя боюнча ошол эле күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү сунуштаган. Оболу сунуш колдоо таппай, кийинчерээк жыйын 25-январга дайындалганы маалым болду.
“Новости” агенттиги өзгөчө кырдаалдар кызматтарына шилтеме жасап, Ил-76 учагынын кара жашиктери табылганын кабарлады. ТАСС маалымдагандай, учуунун параметрлерин жана пилоттордун сүйлөшкөнүн жаздырган жабдыктар Москвадагы лабораторияда изилденет.
Социалдык түйүндөрдө учак кулап түшкөнү, андан кийин катуу жарылуу болгону тууралуу чөнтөк телефонго тартылган кыска видео тарады. Бул азыркы тапта окуяны баяндаган жалгыз видео.
Мындан тышкары, Орусия учак кыйраган жер деп бир нече сүрөт жарыялады. Социалдык түйүн колдонуучулары ал сүрөттөрдө набыт болгондордун сөөгү дээрлик көрүнбөгөндүктөн, "жетимиштен ашуун адам мүрт кеткени канчалык чындыкка дал келет?" деген суроо коё башташты.
Киев эл аралык иликтөөнү талап кылды
Киев расмий билдирүүсүндө пландалгандай согуш туткундарын алмашуу болбой калганын ырастап, бирок кырсыкка кабылган учак тууралуу так эч нерсе айткан жок.
Өлкө президенти Владимир Зеленский 24-январдын кечинде жасаган видеокайрылуусунда окуяга эл аралык иликтөө талап кылынарын айтты:
“Учак Орусиянын аймагында кулады. Ал жак биздин көзөмөлүбүздө эмес. Факт деген сөз азыр негизги болууда. Мен Башкы командачынын жана Башкы штабдын маалыматын уктум. Башкы чалгын кызматы туткундардын тагдырын тактап жатат. Мен Тышкы иштер министрлигине биздин өнөктөштөргө болгон маалыматтын баарын берүүнү тапшырдым. Биздин мамлекет эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылат”.
Кремль мындай иликтөө жүргүзүүгө зарылдык жоктугун, териштирүү жүрүп жатканын айтты.
Орусиянын учак кырсыгы тууралуу маалыматы чыкканга чейин бир катар украин басылмалары Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү булактарына таянып, аскердик учакты украин аскерлери "атып түшүргөнүн", бул учак менен Орусия С-300 ракеталарын ташып бараткан болушу ыктымал деп боолголошконун жазып жиберишкен. Кийин "атып түшүргөн" деген сөзүн өчүрүп коюшкан.
Андан мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлери ошол аймакта учкучсуз учакты атып түшүргөнүн маалымдаган.
Кремлдин таанымал үгүтчүсү Маргарита Симоньян учакта каза болгон туткундар деп 65 кишинин тизмесин жарыялады. Бирок андагы кеминде бир киши мурда эле айырбашталган туткун экени социалдык түйүндөрдө айтылып, тизменин аныктыгынан күмөн жаратты.
Фронтто орус армиясы Украинанын Авдеевка аймагын курчоого алуу аракетин улантууда. Украин аскерлеринин маалыматында, соңку бир суткада 58 жерде кагылышуу болду. Бейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагына 14 жолу дрон менен чабуул койгону, анын 11и атып түшүрүлгөнү, Одессада турак жайлар талкаланып, он чакты киши жараат алганы маалымдалды.
Харьков шаары бүгүн Аза күтүп жатат. Орусиянын шейшембидеги ракеталык чабуулунан шаарда он кишинин өмүрү кыйылып, бир бала жараат алган.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган, 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу согуш ачкан. Өзү муну "атайын аскердик операция" деп атоодо.