Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026

Украина менен Орусия 157ден туткун алмашты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




22:20 11.2.2024

Украинанын Коргоо министрлиги өз маалыматтарына таянып, орус аскерлери Украинанын чыгышындагы оккупациялап алган аймактарда Илон Масктын Starlink интернет кызматын “системалуу түрдө” пайдалана баштаганын билдирди. 11-февралда Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы Телеграм каналына орус аскерлеринин жашыруун жаздырылган аудиосун жарыялады. Анда эки орус аскери Starlink системасынын терминалдарын колдонуп жатканын айтышат. Украин чалгынчылары бул орус аскерлери фронттун алдыңкы тилкесинде Донецк облусундагы Бахмуттун алдындагы Клещеевка жана Андреевка райондорунда жайгашкан деп санайт.

Чалгын башкармалыгы Starlink терминалдарын орус аскерлери канчалык масштабда колдонуп жатканы же орус аскерлеринин колуна кантип тийгени тууралуу маалымат берген жок. 10-февралда Башкармалыктын өкүлү Андрей Юсов украин медиасына орус аскерлеринин америкалык системаны колдонуусу "системалуу жолго түшүп баратканын" гана айтты.

Starlink терминалдарын башкарган SpaceX 8-февралда X (мурдагы Twitter) платформасына жарыялаган билдирүүсүндө, "орус өкмөтү же анын куралдуу күчтөрү менен эч кандай бизнеси жоктугун” белгилеп, анын кызматы Орусияда иштебей турганын айтты.

Starlink — Жерди айланган 2000 спутниктен белги алып турган миндеген терминал кошулган түйүн. Бул система Украинада 2022-жылы февралда согуш башталып, Интернет байланышы үзүлгөндөн кийин ишке кирген.

Starlink Украинада фронтто байланышты гана камсыз кылбай, өлкөнүн энергетикалык жана коммуникациялык инфраструктурасын калыбына келтирүүгө тендешсиз өбөлгө болду.

Бирок ошол эле маалда бул кубаттуу система кирген SpaceX корпорациясынын ээси, миллиардер Илон Масктын Украинадагы согушка көз карашы суроолуу бойдон турат.

2022-жылы октябрда Маск Украинада Starlink системасын мөөнөтсүз каржылоого мүмкүн эмес экенин айткан. Андан соң SpaceX Пентагон менен келишим түзгөн, аскердик мекеме андан аркы каржылоону өз мойнуна алганы тууралуу айтылган.

Starlink Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында, Москва айрым бөлүктөрүн оккупациялап алган Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында иштебейт.

Былтыр күзүндө Илон Масктын өмүр таржымалын баяндаган китеп жарыкка чыкканда миллиардерди Киевдин Орусиянын Кара деңиз флотуна сокку уруу үчүн Крымга Starlink байланышын кошууну суранган өтүнүчүн четке какканы үчүн айыпташкан. Маск Starlink жарым аралда ишке кирсе АКШнын Орусияга каршы киргизген санкциясын бузуу болуп саналарын, эгер бул тууралуу Ак үй суранса гана системаны активдештире турганын айтканын, бирок андай өтүнүч болбогонун баяндаган.

22:19 11.2.2024

Орус аскерлери 11-февралга караган түнү Украинанын аймактарын "Шахед" учкучсуз учактары менен кайрадан жапырт аткылады. Дрондор Киевдин айланасына, Украинанын түштүк жана борбордук облустарына коё берилди.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, орус тарап аткан 45 дрондун 40ын абадан коргонуу системасы атып түшүрдү. Киевде эки сааттай абадан айгай жаңырып турду. Шаардын администрациясы баш калааны көздөй учкан бардык учкучсуз учактар бутага жетпей жок кылынганын кабарлады.

Николаев облусунун бийлиги бир дрон өндүрүш объектисине тийип, өрттөнгөнүн билдирди. Жарылуудан жакын турган үйлөр да жабыр тартып, бир адам жаракат алды. Днепропетровск облусунда атып түшүрүлгөн дрондон улам өрт чыгып, бир адам жабыркады.

Орусия Украинанын аймактарын дрондор менен, кээде ага кошуп ракеталар менен дээрлик ар бир түнү аткылоодо. 10-февралга караган түнү жасалган чабуулдан Харьковдо 10 үй күйүп, 7 адам өлдү. Соңку чабуул да акыркы мезгилдеги эң ири жапырт соккулардын бири болуп калды.

БУУнун 2023-жылкы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан тарта бул өлкө аймагында 10 миңдей жайкын тургун каза болду. Өлгөндөрдүн так саны мындан көп болушу ыктымал. Орусиянын аймагына урулган соккулардан ондогон адамдар набыт болду.

03:52 10.2.2024
Украина: Залужныйдын ордуна Сырский келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

15:58 9.2.2024

Орусиянын президенти Владимир Путин 8-февралда америкалык Fox News телеканалынын мурдагы алып баруучусу Такер Карлсонго курган маегинде азыркы согуштун башталышына кайрадан Украинаны жана Батышты айыптады. Украинадагы 2014-жылдагы окуяны мамлекеттик төңкөрүш деп атап, буга жана Киевдин Минск келишимдерин аткарбай койгонуна Батыш шыкакчы болгонун айтты, Вашингтонду өз позициясын кайра карап чыгууга чакырып, Орусия диалогго даяр экенин билдирди.

Путин 2000-жылдардын башында президенттикке келгенде эле Батыш менен мамилени бекемдөөгө аракет кылганын, жада калса Орусиянын НАТОго кошулуу ыктымалдыгын талкуулаган учурлар да болгонун, бирок алар макул болбой коюшканын айтты.

"Орусия «цивилизациялуу элдердин» бир тууган үй-бүлөсүнө кабыл алышат деп күткөн, бирок андай болгон жок. Кошмо Штаттар бизди алдашты. НАТО чыгыш тарапка кеңейтилбейт деп убада кылышты эле, «бирок андан бери беш жолу ошондой кадам жасашты, кеңейтүүнүн беш толкуну болду», - деди орус президенти.

Путин Орусия менен Батыштын ортосундагы азыркы тирешке НАТОнун чыгышка кеңейтилиши жана Украинанын бул Түндүк Атлантика альянсына кошулуу ыктымалдыгы алып келген деген оюн кайра кайталады.

Орус президенти Украинага каршы ачкан согушу боюнча актанып, «бир эл», «украиналыктар азыр да өзүлөрүн орус сезишет» деп айтты, бирок ошол эле учурда Украинага толук масштабдуу кол салуу Украинанын өзүнүн ичиндеги «жарандык согушка» байланыштуу болгонун кошумчалады.

Путин Вашингтон позициясын кайра карап чыгышы, Украинага курал берүүнү токтотушу керектигин, ошондо гана кармашты токтотсо, мунасага келсе болорун айтты.

"Варианттар бар, болгону, каалоо керек", – деген Путин Москва диалогго даяр экенин белгиледи, бирок кандай шартта болушу мүмкүн экенин айткан жок.

"Украинадагы уланып жаткан мобилизация, туталануу, ички проблемалар, мунун баары… Эртеби, кечпи, баары бир келишебиз", – деди ал.

Америкалык журналист Такер Карлсон Путинден интервью алыш үчүн Москвага ушул айдын башында барган. Бул маек Орусия Украинага кол салгандан берки эки жыл ичинде батыштык журналист Путиндин жеке өзү менен байланышкан алгачкы интервью болду. Карлсон Украинадагы согуш тууралуу бардык тараптардын пикирин аудиторияга жеткирүү максатын көздөп жатканын айтты жана украин президенти Владимир Зеленскийге да интервью сурап кайрылганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG