Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026

Украина менен Орусия 157ден туткун алмашты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:43 21.2.2024

Би-би-си жана "Медиазона" Украинадагы согушта каза тапкан орусиялык 45 123 аскердин аты-жөнүн тактады. Журналисттер аныктагандай, маркумдардын үчтөн эки бөлүгүнүн согушка чейин армия менен байланышы жок болчу. Башкача айтканда, алар ыктыярчылар, мобилизация болгондор, мурдагы кылмышкерлер жана менчик аскердик компаниялар жөнөткөндөр.

Мобилизацияга тартылып майдандан кайтпай калган 5406 кишинин 80 пайызы согуштун экинчи жылында каза тапкандар.

Маалыматка караганда, өлүм-житим жагынан биринчи орунда Краснодар крайы, Свердлов облусу, Башкырстан жана Челябинск облусу турат.

Журналисттер ыктыярчылардын жардамы менен былтыр каза болгон орусиялык 27 906 аскердин тек-жайын аныкташты, бул – Орусия Украинага басып кирген биринчи жылдагы такталган жоготуулардан 57 пайызга көп.

Иликтөөчүлөр былтыркы октябрдан быйылкы февралга чейин 6614 аскердин өлгөнүн аныктай алышты. Дал ошол маалда Украинанын Донецк облусундагы Авдеевка шаары үчүн жана айланасындагы кармаш күчөгөн.

Журналисттер жергиликтүү бийликтердин айткандары, медиа, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан маалымат алышат. Алардын пикиринде, реалдуу сан кеминде эки эсе ашат.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Ошондой эле согушкан тараптар адатта оз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көргөзүшөт.

19:19 20.2.2024

Орус армиясы 20-февралга караган түнү украин аймагына 23 дрон жана 3 ракета менен сокку урду. Украин куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, чабуулга Харьков, Полтава, Николаев, Днепропетровск, Запорожье жана Кировоград облустары кабылды. Абадан коргонуу күчтөрү алардын бардыгын атып түшүргөнү кабарланды.

«Азаттыктын» украин редакциясы жазгандай, Полтавада өнөр жай өбъектисин өрт чалды. Эч ким жабыркаган жок.

Днепропетровск облусунун аскердик администрация башчысы Сергей Лысактын айтымында, дрондун сыныктары дачаларга кулап түшкөндө 3 турак үйгө жана 2 машинага зыян келтирилди.

Сумы облусунда орус армиясынын аткылоосунан турак жайда эки киши каза тапканын жергиликтүү бийлик билдирди.

Калган облустарда жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Орусия көптөгөн далилдерге карабай, Украинанын карапайым тургундарын жана жарандык жайларды бутага албаганын айтып келатат.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги каршы тараптан Калуга жана Брянск облустарына эки пилотсуз учак учурулганын, экөө тең атып түшүрүлгөнүн билдирди.

18:31 17.2.2024

Зеленский: Согуштун кесепети дүйнөгө таасир этет

Орусиянын Украинага каршы согушунун кесепети дүйнөнүн көп тармагына - экономика, миграция, саясатка да таасир этет. Бул тууралуу Коопсуздук боюнча Мүнхен конференциясында украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, согуш созулган сайын, өзгөрүүлөрдүн таасири да күчтүү болот.

Зеленский украин армиясында курал-жарак, айрыкча артиллерия жана алыскы радиуска атуучу жабдыктар тартыш болуп жатканы орус президенти Владимир Путиндин таасирин күчөтүп жатканын белгиледи.

Украин армиясынын Авдеевкадан чыгып кетишине комментарий берген Зеленский бул курал жетишсиздигинен улам көрүлгөн чара экенин айтты.

Украин президенти өз сөзүндө конференция катышуучуларын Орусияга каршы күрөштө күч-аракетти топтоого чакырды. Зеленскийдин айтымында, Орусиянын кийинки президенти ким болору маанилүү эмес, анткени ар бир орусиялык лидер бул агрессивдүү тышкы саясатты уланта берет.

14:06 17.2.2024

17-февралга караган түнү украин армиясы Донецк облусунун Авдеевка шаарынан чыгып кетти. Бул тууралуу украиналык "Таврия" аскерлер тобунун командири Александр Тарнавский билдирди.

"Душман өз жоокерлеринин сөөктөрүн тебелеп, снаряддарды атып, тынымсыз бомбалап жатканда, бул бирден бир туура чечим", - деп жазды Тарнавский Телеграмга.

Анын айтымында, жоокерлер белгиленген чектерде коргонууга өттү.

Буйрукту Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Александр Сырский берип, аскерелерге коргонууга ыңгайлуу линияга өтүүнү тапшырган.

Чечим "курчоодо калбоо жана аскер кызматкерлеринин өмүрүн, ден соолугун сактоо үчүн" кабыл алынганы белгиленет.

Тарнавскийдин айтымында, акыркы бир суткада украиналык жоокерлер орустардын отуздан ашык чабуулунун мизин кайтарды, орусиялык армия абадан жана артиллериядан сокку уруп, калктуу конуштар зыян тартты.

Чегинүү маалында бир нече украин аскерлери туткунга алынганы айтылууда. Орусиянын Коргоо министрлиги маалыматка комментарий берген жок.

Авдеевка Орусиянын көзөмөлүнө өтүү коркунучу бар экенин, украин аскерлеринде курал-жарак түгөнүп жатканын 15-февралда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин спикери Жон Кирби билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG