Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:44 21.2.2024

Украинанын куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы Волноваха районунда жайгашкан орус армиясынын полигонуна сокку урганда, бери деген 60 киши каза тапкан болушу ыктымал. Бул тууралуу Би-би-синин орус кызматы булактарга таянып кабарлады. Ага чейин орусиялык айрым согуштук телеграм-каналдар да ушундай маалыматты жазган.

Би-би-си тараткан маалымат боюнча, сокку 20-февралда HIMARS реактивдүү системасынан урулду. Ал учурда полигондо 36-мотоаткычтар бригадасынын аскерлери бар болчу. 3 ротанын жоокерлери тизилип, Чыгыш аскердик округунун 29-армиясынын командачысы, генерал-майор Олег Моисеевди күтүп турушкан.

Би-би-си ал жерден тартылган сүрөттөр менен видео бар экенин, бирок этикалык жүйөдөн улам аларды жарыялабоону чечкенин белгиледи.

Украин бийлиги окуяны комментарийлеген жок.

Эртең мененки бюллетининде украин армиясы шаршембиге караган түнү Орусия “Шахед” түрүндөгү 19 дрон, төрт канаттуу ракеталары, авиациялык бир ракета жана зениттик ракета менен чабуул койгонун билдирди. Маалыматка караганда, 19 пилотсуз учак жана бир ракета атып түшүрүлдү, калган алты дрон бутага жетпей калды.

Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещуктун айтымында, Су-34 истребители атып түшүрүлдү.

Орусия бул билдирүүлөрдү жана түнкү соккуларды комментарийлеген жок.

19:43 21.2.2024

Би-би-си жана "Медиазона" Украинадагы согушта каза тапкан орусиялык 45 123 аскердин аты-жөнүн тактады. Журналисттер аныктагандай, маркумдардын үчтөн эки бөлүгүнүн согушка чейин армия менен байланышы жок болчу. Башкача айтканда, алар ыктыярчылар, мобилизация болгондор, мурдагы кылмышкерлер жана менчик аскердик компаниялар жөнөткөндөр.

Мобилизацияга тартылып майдандан кайтпай калган 5406 кишинин 80 пайызы согуштун экинчи жылында каза тапкандар.

Маалыматка караганда, өлүм-житим жагынан биринчи орунда Краснодар крайы, Свердлов облусу, Башкырстан жана Челябинск облусу турат.

Журналисттер ыктыярчылардын жардамы менен былтыр каза болгон орусиялык 27 906 аскердин тек-жайын аныкташты, бул – Орусия Украинага басып кирген биринчи жылдагы такталган жоготуулардан 57 пайызга көп.

Иликтөөчүлөр былтыркы октябрдан быйылкы февралга чейин 6614 аскердин өлгөнүн аныктай алышты. Дал ошол маалда Украинанын Донецк облусундагы Авдеевка шаары үчүн жана айланасындагы кармаш күчөгөн.

Журналисттер жергиликтүү бийликтердин айткандары, медиа, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан маалымат алышат. Алардын пикиринде, реалдуу сан кеминде эки эсе ашат.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Ошондой эле согушкан тараптар адатта оз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көргөзүшөт.

19:19 20.2.2024

Орус армиясы 20-февралга караган түнү украин аймагына 23 дрон жана 3 ракета менен сокку урду. Украин куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, чабуулга Харьков, Полтава, Николаев, Днепропетровск, Запорожье жана Кировоград облустары кабылды. Абадан коргонуу күчтөрү алардын бардыгын атып түшүргөнү кабарланды.

«Азаттыктын» украин редакциясы жазгандай, Полтавада өнөр жай өбъектисин өрт чалды. Эч ким жабыркаган жок.

Днепропетровск облусунун аскердик администрация башчысы Сергей Лысактын айтымында, дрондун сыныктары дачаларга кулап түшкөндө 3 турак үйгө жана 2 машинага зыян келтирилди.

Сумы облусунда орус армиясынын аткылоосунан турак жайда эки киши каза тапканын жергиликтүү бийлик билдирди.

Калган облустарда жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Орусия көптөгөн далилдерге карабай, Украинанын карапайым тургундарын жана жарандык жайларды бутага албаганын айтып келатат.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги каршы тараптан Калуга жана Брянск облустарына эки пилотсуз учак учурулганын, экөө тең атып түшүрүлгөнүн билдирди.

18:31 17.2.2024

Зеленский: Согуштун кесепети дүйнөгө таасир этет

Орусиянын Украинага каршы согушунун кесепети дүйнөнүн көп тармагына - экономика, миграция, саясатка да таасир этет. Бул тууралуу Коопсуздук боюнча Мүнхен конференциясында украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, согуш созулган сайын, өзгөрүүлөрдүн таасири да күчтүү болот.

Зеленский украин армиясында курал-жарак, айрыкча артиллерия жана алыскы радиуска атуучу жабдыктар тартыш болуп жатканы орус президенти Владимир Путиндин таасирин күчөтүп жатканын белгиледи.

Украин армиясынын Авдеевкадан чыгып кетишине комментарий берген Зеленский бул курал жетишсиздигинен улам көрүлгөн чара экенин айтты.

Украин президенти өз сөзүндө конференция катышуучуларын Орусияга каршы күрөштө күч-аракетти топтоого чакырды. Зеленскийдин айтымында, Орусиянын кийинки президенти ким болору маанилүү эмес, анткени ар бир орусиялык лидер бул агрессивдүү тышкы саясатты уланта берет.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG