Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:24
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Орусиянын Украинага соккусу: Каза тапкандар, жараат алгандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:57 24.2.2024

Украинадагы согуштун эки жылдыгына карата бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинде курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Ага бир катар жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар катышты. Мындан туура эки жыл мурда, 24-февралда Украинага коңшусу Орусия "атайын аскердик операция" деген жүйө менен кол салган.

Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында сары түстүү гүлдестелер тилектештик катары коюлган. Эки жыл мурда башталган согушта курман болгондорду эскерүүгө келген жергиликтүү активисттердин көпчүлүгү да сары-көк түстүү кийимдерди кийип, моюн орогучтарды оронуп келишкен.

Украинага тилектештик билдирген кыргызстандыктар.
Украинага тилектештик билдирген кыргызстандыктар.

Украинанын гимни менен башталган эскерүүгө улуттук көйнөктөрүн кийишкен элчиликтин кызматкерлери да катышты. Элчиликтин короосунда башталган эскерүү андан кийин ичкериде уланды. Кыргызстандык активисттер украин элинин эки жылдык согуштагы жоготууларына жана кыйроолорго көнүл айтып, Москванын агрессиясын айыпташты.

Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү, саясатчы Клара Сооронкулова Украинадагы согуштан Кыргызстан да сабак алууга тийиш экенин айтты:

"Эки жыл мурда Орусия Украинага каршы баскынчылыгын баштаган. Ошондон бери эле биз согушка каршылыгыбызды билдирип келебиз. Бүгүн да биз украин элине өзүбүздүн тилектештигибизди билдиргени келдик. Бизди айрымдар "силердин тиешеңер кандай?" деп сынга алышы мүмкүн. Бул согуш, бул жоготуулар жалаң эле Украина үчүн эмес, баарыбыз үчүн чоң сигнал. Анткени, орус президенти Путин "Советтер Союзун ордуна келтиришим керек, чыгып кеткен өлкөлөрдү кайтарып келем" деп айтканын билебиз. Орусиянын негизги багыты ушунда. Бул деген биздин Кыргызстандын да көз карандысыздыгына, эгемен мамлекеттүүлүгүнө чоң коркунуч келтирет. Ошондуктан, биз ага каршы турушубуз керек".

Сооронкулованын сөзүн коштой сүйлөгөн дагы бир активист Улукбек Маматаев согушту айыптап, башка эгемен өлкөлөргө баскынчылык кылгандардын саясатына каршы турууга чакырды.

"Эки жылдан берки аралыкта согуш жаңы туулган ымыркайлардан тартып, кары-картаңдарга чейин зыянын тийгизип жатат. Согуштан айыл-кыштак, шаарлар кыйрап жатканын, тынч жашаган адамдар курман болгонун көрүп атабыз. 5 миллиондон ашуун адам өмүрүнүн коопсуздугу үчүн үй-жайынан качып, башка жактарда башпаанек издеп жүрөт. Мына ушуларды көрүп туруп, биз дагы ойлонушубуз керек. Бардыгыбыз ойгонуп, өз мамлекетибиздин эркиндигин, өзүбүздүн эркиндигибизди, эгемендигибизди сактап калууга аракеттенишибиз керек", - деди Улукбек Маматаев.

Украинадагы согушка эки жыл: Бишкектеги эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко тилектештик билдирип келген кыргызстандык активисттерге ыраазычылык билдирди. Ал Украина Орусиянын баскынчылыгын токтотуп, мурдатан басып алган аймактарын бошотуп алат деген ишеничин айтты.

"Мен Украианада болуп жаткан окуяны түшүнүп, украин элине тилектештигин билдирип жаткан адамдарга терең ыраазычылык билдирем. Украина өзүн Орусиянын баскынчылыгынан коргоп келе жатканына эки жыл болду. Украин эли өз эркиндиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн күрөшүп келет. Орусиялык баскынчылар бүгүн биздин шаарларды талкалап, элибизди өлтүрүп жатат. Украин эли Орусиянын курал менен келген армиясынын баскынчылыгын токтотушу керек. Анткени бул баскынчылардын башка өлкөлөргө да бастырып кирбеши үчүн өтө маанилүү. Биз согушту жеңебиз. Украина Кыргызстанды келечеги кең, эркин, эгемен, аймактагы башка өлкөлөр үчүн үлгү болуучу мамлекет катары көрөт", - деди Жовтенко.

24-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да соңку эки жылдан бери Орусиянын агрессиясына каршы согушуп жаткан Украинага тилектештигин билдирди. Бул маалымат элчиликтин Х социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланды. "АКШ өз мекени үчүн салгылашып жаткан украин элин колдойт. Орусиянын Украинага толук басып киришине эки жыл толгонуна карата АКШ элчилиги көк жана сары түстөр менен жарыктандырылды",- деп жазылган анда. Сүрөттөн бул иш-чарага АКШ жана Украинанын Кыргызстандагы элчилери Лесли Вигери менен Валерий Жовтенко баштаган адамдар катышканын көрүүгө болот.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда туура эки жыл болду. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку урууда. Кремль көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик объектилерди бутага алганын билдирип келет. Эки жыл ичинде Украинанын ондогон шаарлары тыптыйпыл болуп, миңдеген жай тургундар каза таап, миллиондогон жарандар качкынга айланды.

Кыргызстан согуш башталганда эле бейтарап позицияда экенин билдирген.

17:36 24.2.2024

Орусиянын Украинага каршы согушунун эки жылдыгына карата Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен баштаган айрым Батыш лидерлери Киевге келди. Еврокомомиссиянын жетекчиси "кайгылуу датага" карата сапары тууралуу Х социалдык тармагындагы барагына жазды.

Анда украин президенти Владимир Зеленский баштаган өлкө башчылары менен жолугарын, Орусиянын агрессиясына каршы Киевге жардам берүүнү улантуу маселелери талкууланарын маалымдады.

"Биз Украинаны каржылык, экономикалык, аскердик жана моралдык жактан колдойбуз жана бул жатта буга чейинкиден дагы чечкиндүү турабыз. Биз муну бул өлкө эркин болгонго чейин улантабыз", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Мунун алдында, 23-февралда АКШ президенти Жо Байден Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасы киргизилгенин жарыялаган. Анда 500дөй жаңы чектөө Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйдын өлүмү, Украинадагы согушка байланыштуу кабыл алынганын билдирген. Байден Украинага кол салуу менен Путин “өтө жаңылышканын” белгилеген. АКШ президенти Өкүлдөр Палатасын Украинага бөлүнө турган кошумча жардамды жактырууга чакырган.

14:18 24.2.2024

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги соңку эки жылдан бери Орусиянын агрессиясына каршы согушуп жаткан Украинага тилектештигин билдирди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Элчилик тараткан сүрөт.
Элчилик тараткан сүрөт.


"АКШ өз мекени үчүн салгылашып жаткан украин элин колдойт. Орусиянын Украинага толук басып киришине эки жыл толгонуна карата АКШ элчилиги көк жана сары түстөр менен жарыктандырылды",- деп жазылган маалыматта.

Бул иш-чарага АКШ менен Украинанын Кыргызстандагы элчилери Лесли Вигери менен Валерий Жовтенко баштаган адамдар катышты.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда туура эки жыл болду. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет. Кремль көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

14:17 24.2.2024

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн кол башчысы Николай Олещук Орусиянын экинчи А-50 үлгүсүндөгү тыңчы учагы Краснодар аймагында атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Учактын кыйраганы тууралуу бир катар орусиялык булактар дагы кабарлады. Социалдык тармактарда асмандан атылганы, кыйрап жерге түшкөндөгү өрт чыккан маал тартылды деген видеолор тарады.

"РИА Новости" агенттигине Краснодар аймагынын чукул кызматтарынын өкүлү белгисиз учуучу аппарат кулап түшкөнүн, ал жерде камыш күйүп жатканын билдирди.

Өткөн айда Украина Орусиянын эки учагын - алыстан аныктоочу радиолокациялык А-50 учагы жана Ил-22 абадан башкаруучу пункту жок кылынганын билдирген. Киев аны “эң мыкты пландалган жана ишке ашырылган операция” катары сыпаттаган.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жок кылынганы айтылып жаткан учактар тууралуу кабары жок экенин, Коргоо министрлигине кайрылуу керектигин айтткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG