Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:03
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Орусиянын Украинага соккусу: Каза тапкандар, жараат алгандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:40 1.3.2024

Соңку бир суткада фронтто 83 жерде кагылышуу болгонун, Орусия үч ракеталык, 91 авиациялык, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 142 сокку урганын бүгүн 1-мартта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жай тургундар арасында каза болгондор жана жараат алгандар бар. Үйлөр, жарандык инфраструктура объектилери жана бир чиркөө талкаланганы маалымдалды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Авдеевка жана Курахов багыттарында “ээлеп турган позицияларды кармап калуу жана чегинген тилкелердеги турумду калыбына келтирүү” аракети көрүлүп жатканын 29-февралда билдирген.

Ушул эле күнү Улуу Британиянын чалгын мекемеси Авдеевканын батышындагы аймак Орусия аскерлеринин чабуулдарынын борборунда экенин маалымдады.

Орусия Херсон багытында да активдешкенин бүгүн 1-мартта Украинанын «Түштүк» ыкчам башкаруу борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк билдирди.

1-мартка караган түнү Харьков облусунун айрым райондору артиллериядан жана минометтон аткыланганын аймактын жетекчиси Олег Синегубов маалымдады.

29-февралда Украин президенти Владимир Зеленский Албаниянын борбору Тирана шаарында өткөн «Украина — Түштүк-Чыгыш Европа» саммитинин жыйынтыгында бул аймактагы өлкөлөр курал-жарактан жардам берүүнү убада кылышканын айтты.

Ал эми Орусия Украина менен чектеш аймактагы Курск облусунда украин аскерлеринин дрон чабуулунан төрт айыл электр жарыгысыз калганын кабарлады.

17:49 29.2.2024

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Атайын операция күчтөрү 29-февралга караган түнү 73-деңиз борборунун жоокерлери курман болгонун тастыктады. Маалыматта айтылгандай, алар «атайын тапшырманы аткаргандан кийин топтун негизги күчтөрүнүн чыгып кетишин камсыз кылып жаткан учурда» курман болушту.

Орусиялык кабарчылардын айтымында, кармаш украин аскерлери Херсон облусунун оккупациядагы бөлүгүндөгү Тендров саяңынын жээгине беш кайык менен барып түшүүгө аракет кылган учурда болгон. Орус аскерлери төрт кайыкты бутага алышкан, бешинчиси сүзүп кетүүгө үлгүргөн.

Mash басылмасынын маалыматына караганда, кеминде 20 украиналык жоокер набыт кетти.

Тендров саяңы — Кара деңиздеги, Херсон облусунун жээгине жакын жайгашкан узун кууш аралча. Эгер аны Украина өз карамагына алса, облустун Орусия оккупациялап алган бөлүгүнө чабуул коюуга мүмкүнчүлүк ачылмак.

17:48 29.2.2024

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн 29-февралда Федералдык жыйынга кайрылуусун Украина маселесинен баштады.

«Орусия азыр өзүнүн суверенитети жана коопсуздугу үчүн адилет күрөш жүргүзүп жатат», - деген Путин Украинага каршы согушун «орусиялыктардын абсолюттук көпчүлүгү колдогонун» айтты.

Белгилүү болгондой, Кремль эки жыл мурдагы Украинага кол салуусун согуш деп эмес, «атайын аскердик операция» деп атап келет.

Путин кайрадан Батыш өлкөлөрүн кескин сынга алды. "Батыш биздин өнүгүүбүзгө бут тосууга гана умтулган жок, аларга Орусиянын ордуна жок болуп бараткан мейкиндик керек", - деди орус президенти жана Батыш "адашканын" айтты.

"Батыш Орусия Европага кол салганы жатат деп калп айтуусун улантууда. Бул болбогон сөз. Украинага НАТО контингентин жөнөтүү тууралуу айта башташты. Бирок контингентин жөнөткөндөрдүн тагдыры эмне болгону биздин эсибизде. Эми интервенттер үчүн кесепеттер алда канча трагедиялуу болот. Бизде да алардын аймагын бутага алууга жөндөмдүү курал-жарагыбыз бар", - деди Путин.

Ал Орусиянын жаңы куралдануусу тууралуу айтып, жакында күжүрмөн нөөмөттө турган райондордогу "Сармат" оор баллистикалык ракеталары көрсөтүлөрүн убада кылды. Путиндин айтымында, "стратегиялык ядролук күчтөр кепилденген колдонууга толук даяр» абалда турушат. Орус президенти Батыш «ойдон чыгарып айтып, дүйнөнү коркутуп» жатканынын баары ядролук курал колдонулуучу конфликтти тутандырышы ыктымал реалдуу коркунуч экенин белгиледи.

Өткөн аптада, согуштун эки жылдыгына карата АКШ, Канада, Европа Биримдиги жана Улуу Британия Москвага каршы кезектеги санкцияларды жарыялашкан.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

26-февралда Франциянын демилгеси менен борбор калаа Парижде Украина маселеси боюнча Европадагы 20 өлкөнүн, АКШнын, Канаданын лидерлери жана өкүлдөрү катышкан саммит өткөн. Анын жыйынтыгында Европа лидерлери Украинага Орусиянын кол салуусуна каршы күрөшүү үчүн “орто жана алыс аралыкка жетүүчү ракеталарды жана бомбаларды” жөнөтүү максатында коалиция түзүүнү макулдашканын өлкө президенти Эммануэл Макрон билдирген.

Ошондой эле Макрон Украинага аскер жөнөтүү ыктымалдыгы боюнча азыр бир пикир жоктугун, бирок андайды жокко чыгаруу да болбой турганын кошумчалаган.

Европанын НАТОго мүчө бир нече өлкөсү Макрондун аскер жөнөтүү тууралуу билдирүүсүн четке кагышкан.

21:56 28.2.2024

Шаршембиге караган түнү Орусиянын аткылоосунан Украинанын аймагында үч адам каза болду. Запорожье облустук аскер башкармалыгы Пологовский районунун оккупацияланган Новое айылында 76 жаштагы аял каза таап, 53 жаштагы киши жарадар болгонун билдирди. 24 сааттын ичинде 11 калктуу конушка 234 чабуул жасалганын билдирди.

27-февралда Украин армиясы жоокерлер Авдеевкага жакын жайгашкан Северное жана Степное айылдарынан чыгарылып кеткенин билдирди. Бул эки айылда согушка чейин 100дөй тургун жашаган. Ошол эле учурда “Тоненкое, Орловка жана Бердичи аймактарында коргонуу линиясы турукташканы” белгиленди.

Шейшембиде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва Авдеевканын жанындагы Северное конушу орус армиясынын карамагына өткөнүн жарыялады:

"Соңку жумада Украинанын куралдуу күчтөрү Донецк Элдик Республикасынын Победа, Ласточкино жана Северное конуштарынан сүрүлүп чыгарылды. Башка багыттар боюнча орус аскерлери украин жоокерлеринин объектилерине ургаалдуу чабуул жасап, алардын шайын оодарууда".

Украин армиясы Авдеевкага жакын эки айылдан чыгып кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Шаршембиде Украин президенти Владимир Зеленский Албаниянын борбору Тиранага барды. Ал албан премьер-министри Эди Рама менен жолугушуп, «Украина — Түштүк-Чыгыш Европа» саммитине катышат.

"Экинчи жолу чогулуп жаткан саммитте евроатлантикалык максатка биргелешип жетишүү тууралуу сүйлөшөбүз. Украинанын калыс жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу аракетине колдоо көрсөтүүнү сунуш кылам», - деп жазды Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.

Тиранада Зеленский Сербиянын, Түндүк Македониянын, Косовонун, Босния жана Герцеговинанын жана Черногориянын лидерлери менен жолугушат.

НАТОнун мүчөлөрү: Албания, Түндүк Македония жана Черногория Орусияга каршы киргизилген санкцияларга кошулган. Алар Украинага курал-жарак жана ок-дары жагынан жардам берип келет.

Шейшембиде АКШ президенти Жо Байден Конгресстеги демократтардын жана республикачылардын өкүлдөрү менен жолукту. Республикачылар басымдуулук кылган Өкүлдар палатасы Киевге берилчү 60 млрд доллар жардамды колдойбу же жокпу белгисиз. Ушул тапта украин армиясында курал-жарак тартыш болуп, Батыштагы өнөктөштөрүнөн жардам күтүп жаткан кези.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG