Европа Биримдиги Орусия Украинага кол салгандан тартып пайда болгон коркунучтарга тийиштүү деңгээлде туруштук бере алыш үчүн коргоо өнөр жайынын жаңы стратегиясын иштеп чыгышы керек. Бул тууралуу бүгүн 28-февралда Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен билдирди. Анын айтымында, биринчи кезекте Европада жасалган курал-жарак жана ок-дарыны сатып алуу иши жөнгө салынышы зарыл:
«Согуш коркунучу, балким, түздөн-түз болбошу мүмкүн, бирок андай ыктымалдыкты четке кагуу да туура эмес. Согуш коркунучун көбөйтүп элестетүүнүн кереги жок, бирок андай ыктымалдыкка даяр туруу зарыл. Биринчи кезекте Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүү, толуктоо жана модернизациялоо керек».
Франциянын Страсбург шаарында Европа парламентинин мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп жатып фон дер Ляйен алдын ала буюртма бергендер үчүн кепилдиктер каралышы керектигин белгиледи.
Евробиримдик бүгүнкү күнгө карата жылына 1 миллион артиллериялык снаряд өндүрүү планын койгон, бирок азыркы кезде анын жарымын гана жасоого жетишүүдө.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери Европа жеке коопсуздугу үчүн тынчсызданууда.
Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 28-февралда Албаниянын борбору Тирана шаарына барды. Ал албан премьер-министри Эди Рама менен жолугушуп, «Украина — Түштүк-Чыгыш Европа» саммитине катышат.
«Экинчи жолу чогулуп жаткан саммитте евроатлантикалык максаттарга биргелешип жетишүү тууралуу сүйлөшөбүз. Украинанын калыс жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу аракетине колдоо көрсөтүүнү сунуш кылам», — деп жазды Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.
Тиранада Зеленский Сербиянын, Түндүк Македониянын, Косовонун, Босния жана Герцеговинанын жана Черногориянын лидерлери менен жолугушат.
НАТОнун мүчөлөрү Албания, Түндүк Македония жана Черногория Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизилген санкцияларга кошулган өлкөлөр. Алар Украинага курал-жарак жана ок-дары жөнөтүп келишет.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен февраль айынын башында Тиранага барганда Албаниянын Украинага көрсөтүп жаткан жардамын жогору баалаган. Орусиянын союздашы Сербия санкцияларды колдогон эмес.
Сербиянын мурдагы провинциясы, 2008-жылы көз каранды эместигин жарыялаган, калкынын көбүн албандар түзгөн, НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө болууга аракет кылып келаткан Косовонун эгемендигин Киев жана Белград тааныган эмес.
АКШ президенти Жо Байден Украинага жардам берүү менен бирге эле өкмөттү да каржылоо жолун табуу зарылдыгын белгилөөдө.
Байден шейшембиде Ак үйдүн Сүйрү залында Конгресстеги демократтар жана республикачылардын өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөдү. "Америка авазы" радиосу маалымдагандай, президент Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон, аталган палатадагы демократиялык азчылыктардын лидери Хаким Жеффрис, Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер жана Жогорку палатадагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл менен сүйлөштү. Байдендин катарында вице-президент Камала Харрис отурду.
Сүйлөшүүнүн көңүл борборунда шатдаунга - өкмөттүн иши токтоп калышына жол бербөө болгону да кабарланды.
Өкүлдөр палатасындагы республикачыларга экс-президент Дональд Трамп таасир этүүдө. Ал Ак үй АКШнын түштүгүндөгү мыйзамсыз миграция көйгөйүн чечмейинче, Киевди каржылоодон баш тартууну талап кылууда.
Шейшембидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттердин алдына чыккан Чак Шумер сүйлөшүү өтө чыңалган абалда өткөнүн, демократтар Жонсонду Украинага жардам берүүгө көндүрүүгө аракеттенгенин айтты.
Жонсон сүйлөшүүлөрдү "ачык жана чынчыл" деп атап, анын негизги иши - АКШ менен Мексиканын чек арасындагы миграция көйгөйүн чечүү экенин, бул маселени ал Байден менен жеке сүйлөшкөн учурда да бир нече жолу көтөргөнүн билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский мурдараак өлкөсү Батыштын жардамына муктаж экенин айтып, АКШ 60 млрд долларлык жардамды бекитип берерине ишенич билдирген.
"Америка авазы" радиосу Өкүлдөр палатасы Киевге көмөктөшүүгө уруксат бербегендиктен, украин аскерлери курал-жарак жетишсиздигин сезип жатышканын жазды.
Украина соңку жаңылыктар:
25-февралга караган түнү орус аскерлери Константиновка шаарын аткылап, темир жол вокзалынын имараты, православ чиркөөсү, бир нече турак жай, административдик жана соода имараттары зыянга учурады.
26-февраль. Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшембиде Киевде басма сөз жыйынын өткөрүп, биринчи жолу украин куралдуу күчтөрү канча аскеринен ажыраганын айтты. Ал 2022-жылдын 24-февралында башталган согушта 31 миңден ашуун украин аскери өлгөнүн билдирди.
Москва Швейцарияда украин маселеси боюнча Орусиясыз сүйлөшүү өткөрүү сунушун четке кагып, мындай планды «күлкү келтирерлик» деп атады жана эч ким байланышка чыкпаганын билдирди.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага азыркы тапта алыска атуучу TAURUS канаттуу ракеталарын берүүгө таптакыр каршы экенин, себеби андай кадам Германияны согушка аралаштыруу катары бааланарын билдирди.
26-февралда DPA маалымат агенттиги уюштурган редакциялык конференцияда сүйлөп жатып ал "Биз бул система жете ала турган бута менен эч кандай байланышпашыбыз керек", - деп айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн 26-февралда Киевге иш сапар менен барган «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Стивен Капус менен жолукту. Жолугушууда согуш шартында иштеп жаткан журналисттердин жумушу, абалы талкууланды.
Европа лидерлери Украинага Орусиянын кол салуусуна каршы күрөшүү үчүн “орто жана алыс аралыкка жетүүчү ракеталарды жана бомбаларды” жөнөтүү максатында коалиция түзүүнү макулдашканын 26-февралдын кечинде Франция президенти Эммануэл Макрон Парижде Европадагы 20 өлкөнүн, АКШнын, Канаданын лидерлери жана өкүлдөрү катышкан саммиттин жыйынтыгында билдирди.
Украина Орусиянын дагы бир бомбалоочу Су-34 истребителин атып түшүргөнүн 27-февралда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди.
Кремль Киевдин европалык союздаштарын эгер алар Украинага жөө аскерлерин жөнөтө турган болсо Орусия менен НАТО ортосунда согуш тутанары «турган иш» экенин эскертти.
Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 27-февралда Сауд Арабиясына иш сапар менен барды. Ал X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасына бул өлкөнүн мураскор канзадасы Мухаммед бин Салман менен сүйлөшүү жүргүзөрүн жазды.