Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:33
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Орусиянын Украинага соккусу: Каза тапкандар, жараат алгандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:20 13.3.2024

Украинада Орусиянын чабуулдарынан 13-мартка караган түнү адамдар каза болгонун, жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Донецк облусуна, администрация башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, Мирноград шаарына авиабомба ыргытылып, беш кабат үй талкаланды, эки киши каза болду, жараат алган беш кишинин бирөө оор абалда. Жалпысынан шаарда жети үй кыйрады.

Сумы облусунда беш кабаттуу турак үйгө "Шахед" дрону тийгени, 15 батир талкаланганы, каза тапкандар жана жарадарлар бар экени, уранды астынан ар кандай жараат алган он кишини алып чыгышканы, жалпысынан Орусия менен чектеш тилкеде жайгашкан бул облустун аймагы түндө жана эртең менен 18 жолу аткыланганы маалымдалды.

Орусия соңку эки жылдан бери Украинанын аймактарын болгон күжүрмөн курал-жарагы менен бутага алып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) быйылкы жылдын 21-февралына карата маалыматы боюнча, эки жыл аралыгында Орусиянын толук масштабдуу кол салуусунан Украина 10 582 жаранынан айрылды, дагы 19 875 киши жараат алды. Уюм чынында курмандыктар мындан көп деп эсептейт.

Москва кол салуусун «атайын аскердик операция» деп атап, Украинанын жарандарын өлтүрүп, жарандык инфраструктурасын талкалап жатканын далилдерге карабастан моюнуна албай келет.

17:27 12.3.2024

Ватикан Рим папасы Францисктин Украина боюнча айтканына түшүндүрмө берип, согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр биринчи кезекте Орусиянын агрессиясынын токтотулушуна негизделиши керек экенин билдирди. Бүгүн 12-мартта Corriere della Sera гезитине курган маегинде папанын өкүлү Пьетро Паролин "понтифик адилет жана туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн дипломатиялык жолдору үчүн шарт түзүү» тууралуу айтканын белгиледи.

"Мындай шарттын түзүлүшү бир гана тараптан эмес, эки тараптан тең көз каранды экени анык. Биринчи кезекте агрессия токтошу зарыл деп эсептейм", - деген Паролин папанын айткандарын жалпы контекст аркылуу кабыл алуу туура болорун кошумчалады.

Рим папасы Францисктин RSI телеканалына курган маегинин үзүндүсү 9-мартта жарыяланган. Анда ал «жеңилип жаткан» тарапка "сүйлөшүү жүргүзүү үчүн эрдик керек" деп айткан жана жообунда журналисттин суроосунда айтылган "ак желек" деген сөздү колдонгон.

Бул сөз расмий Киевдин жана Европадагы бир катар өлкөлөрдүн кескин сынын жараткан. Понтификтин басма сөз кызматы ал Украинага тынчтык каалай турганын, маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керек деп эсептерин жана «ак желек» дегенди ошол сөздү колдонуп суроо берген журналистке жооп берүүдө гана колдонгонун билдирген.

Согуш шартында ак желек каршылашына баш ийип берүү, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирүү деп эсептелет.

17:27 12.3.2024

Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан фронтко жакын тилкедеги облустарда бир нече адамдын өмүрү кыйылганын 12-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Украин аскерлери абадан коргонуу системалары Орусиянын 22 дронунун 17син атып түшүрүүгө үлгүргөнүн билдиришти.

Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовдун айтымында, Купянск районунда миномет чабуулунан бир киши каза болду, дагы үч киши жараат алды, Изюм районунда жарылуудан бир кишинин өмүрү кыйылды, Чугуев районунда бир аял жараат алды, үйлөр талкаланды. Купянск шаарына ташталган бомбадан турак жай талкаланды.

Донецк облусунда, жергиликтүү администрациянын башчысы Вадим Филашкин билдиргендей, имараттар талкаланды, беш киши жараат алды, газ жана электр түйүндөрү иштен чыгып, эки миңдей үй-бүлө электр жарыгысыз калды.

Запорожье облусунда 45 жаштагы бир кишинин өмүрү кыйылды.

Херсон облусунда да бир киши каза болду, үч тургун жараат алды, калктуу пункттар жабыркады.

Ал эми Орусиянын маалымат каражаттары украин учкучсуз учактарынын чабуулунан өлкөнүн батышындагы Орел шаарында мунай базасында жана Нижегород облусундагы мунайды кайра иштетүүчү заводунда өрт чыкканын жазышты.

15:45 11.3.2024

11-мартка караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймагына 25 “Шахед” дрондору менен чабуул койду. Алардын 15и асмандан атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди.

Харьковдо дрон соккуларынан эки көп кабатуу үй, мейманкана, коммуналдык ишкананын имараты, жарандык инфратүзүм объектилери талкаланды. Курман болгондор тууралуу азырынча маалымат жок экенин Харьков облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Синегубов билдирди.

Одесса облусунун башчысы Олег Кипер маалымдагандай, учкучсуз аппараттар административдик имараттарга тийген. Алардын биринде тутанган өрт өз убагында өчүрүлдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги азырынча бул чабуулдар тууралуу маалымат бере элек. Адатта орус бийлиги бир гана аскердик объектилерди бутага алганын билдирип келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги 11-мартта тараткан билдирүүсүндө Брянск жана Орлов облустарында алты дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Орус бийлиги дрон чабуулдарын Киевден көрүп келет. Украинанын жетекчилиги Орусиянын аймагындагы окуяларга комментарий бербейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG