Макрон: Эгер Орусия согушта жеңсе, Европага ишеним нөлгө түшөт
Франциянын президенти Эммануэл Макрон 14-мартта TF1 жана France 2 каналына интервью берип, жакында эле батыш өлкөлөрүнөн Украинага аскер жөнөтүү сунушун түшүндүрдү.
"Бизде максат бар. Орусия бул согушта жеңүүчү болбошу керек. Эки жыл катары менен биз Украинага жардам берип келдик. Эгер иш начарласа, бул үчүн жоопкерчилик Орусияда. Украинада Европа үчүн экзистенциялык мааниси бар согуш жүрүп жатат. Биз Орусия менен согушкан жокпуз. Бирок биз "Орусиянын жеңип алуусуна жол бербеш керек" деп ачык айтканыбыз оң. Эгер Орусия жеңсе, Европада мындан ары коопсуз болбойт".
Макрон андан ары Франция газга жана буудайга баанын өзгөрүшүнөн, экономикалык чынжыр үзүлгөнүнөн жабыр тартып жатканын билдирди. Француз лидеринин айтымында Орусия согушта жеңсе, Европага ишеним "нөлгө" түшөт. Макрон Украинага француз аскерлерин жөнөтүү ниетинен баш тартпаганын, бирок азырынча ал тууралуу азырынча сөз жок экенине, аскерлер кол салууга катышпай турганына токтолгон.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин опузасы тууралуу сөз кылганда, Макрон өзөктүк курал "коркутуунун куралы" эмес, коопсуздуктун ачкычы болушу керектигин айтты. "Биздин өзөктүк дараметибиз бизге коопсуздук тартуулайт" деди Франциянын президенти. Макрон андан тышкары Путин менен диалогду улантуу мүмкүн экенине токтолгон. Президенттер ким болбосун эки өлкө келечекте эки тараптуу мамилени талкуулай турган күн келерине үмүт арткан.
Учкучсуз учактар Калуга облусундагы мунай иштетүүчү заводго чабуул койду
Украинанын учкучсуз учактары жумага караган түнү Орусиянын Калуга облусундагы Полотняный кыштагындагы мунай иштетүүчү өндүрүшкө чабуул койду. Бул тууралуу украиналык медиалар өлкөнүн Коргоо министрлигинин Башкы чалгын кызматындагы булактарына таянуу менен билдирди. Учкучсуз учактын чабуулунун кесепетинен өрт чыккан видео да тарады.
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги жана Калуга облусунун губернатору Владислав Шапша төрт дрон атып түшүрүлгөнүн, жабыр тарткандар жана чыгым тарткандар жок экенин билдирди. "База" Телеграм-каналы "бардык дрондор атып түшүрүлгөнүн, бирөө түтүккө тыгылып калганы үчүн өрт чыкканын" жазды. Өрт убагында өчүрүлгөнү айтылууда. Завод ишин токтоткону тууралуу азырынча маалымат жок.
Акыркы жумада Орусиянын аймагындагы беш мунай иштетүүчү завод чабуулга кабылып, айрымдары чыгым тарткан.
Орусия Украинага каршы согушунда негизги күчүн азыркы тапта Авдеевка багытында топтоп, соңку бир нече күндөн бери украиндердин коргонуусун бузуп өтүүгө аракет кылып жатканын бүгүн 15-мартта өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди.
Сырский фронттун ошол тилкесине барып келгенин, орус аскерлеринин чабуулдары артиллериялык жана дрон соккулары менен коштолуп, авиабомбалар колдонулуп жатканын айтты.
15-мартка караган түнү Орусия Украинанын Кировоград, Николаев, Харьков, Херсон, Хмельницкий, Винницы жана Киев облустарынын аймагына учурган 27 учкучсуз учактын баары атып түшүрүлгөнүн, Харьков жана Донецк облустарына С-300/С-400 зениттик ракеталарынан жетини, ал эми Полтава облусуна Х-59 ракетасынан бирди учурганын украин аскерлери билдиришти.
Винницы облусунда орус аскерлеринин чабуулдарынан үйлөр талкаланганы, эки киши каза болгону маалымдалды.
Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет.
Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Белгород облусу аткылоого кабылып, эки киши жараат алганын бүгүн 15-мартта облус башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Андан мурдараак Коргоо министрлиги Белгород аймагында жапырт аткылоочу RM-70 "Вампир" реактивдүү системасынын жети снаряды атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.
Шаар мэриясынын маалыматына караганда, беш жеке үй жана көп кабаттуу 14 үйдө 33 батир, он чакты автомашина талкаланды, мектеп имаратынын айнектери сынды.
«РИА Новости» маалымат агенттиги ракеталык чабуул куркунучунан улам Белгород шаарындагы шайлоо бекеттеринин биринде эскертүү берилип, шайлоочулар убактылуу баш калкалоочу жайга киргизилгенин, 15 мүнөттөн кийин эскертүү алынып, добуш берүү уланганын билдирди.
Орусия бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптоодо. Украин аскерлери комментарий бере элек.
Белгород облусу аткылоого буга чейин да кабылган, соңку күндөрү чабуулдар күчөдү. Аймактын жетекчилиги Грайворон районунан 400 киши эвакуация болгонун 14-мартта билдирген.