Орусиянын Украина менен чектеш эки облусунда кайрадан атышуу болуп жатканын 14-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Курск облусунун губернатору Роман Старовойт өзүнүн Телеграм-каналына "украиналык диверсиялык-чалгын топтор" (ДРГ) Теткино кыштагы аркылуу аймакка кирүү аракетин кайрадан улантып жатышканын жазды.
Ошону менен катар Старовойт Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) чек арачылары жана орусиялык аскерлер аларга "андай мүмкүнчүлүк бербегенин жана бербей турганын" кошумчалады.
Росгвардия Теткино кыштагынын тушунда Курск облусуна кирип барууга аракет кылгандар бар экенин билдирди жана аларды диверсанттар деп атап, аскерлер салгылашып жатышканын маалымдады. Бул тууралуу "Интерфакс" жазды.
Орусиялык айрым блогерлер жана бийликке жакын пабликтер Белгород облусунда «диверсанттар» чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканын маалымдашканын Би-Би-Си билдирди.
Белгород облусунун аймагына өтүү аракети көрүлгөнүн өзүн «аскер кабарчысы» деп атаган Александр Коц жана Mash Телеграм-каналы жазышты. Сподарюшино кыштагынын тушунда, алардын айтымында, кармаш жүрүп жатат.
Дагы бир «аскер кабарчысы» Семен Пеговдун WarGonzo долбоору Сподарюшино кыштагынын жанында атышуу болуп жатканын, орусиялык аскерлер жана чек арачылар адамдарды жана алардын техникасын жок кылып жатышканын жазды.
Украина 14-мартка караган түнү Орусиянын дрон жана ракета чабуулуна кабылганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан 36 “Шахед” дрону учурулганы, алардын 22си атып түшүрүлгөнү маалымдалды.
Сумы облустук администрациясы кабарлагандай, Сумы, Шостка, Ахтырка жана Белополье шаарларынын жарандык инфраструктурасына дрон соккусу урулду. Харьковдун бийлиги С-300 баллистикалык ракетасы айрым имараттарга тийгенин, жарылуу болгонун билдирди.
Фронтто соңку суткада 79 жерде, айрыкча Новопавловка, Авдеевка жана Лиман багыттарында кагылышуу болгонун, орус аскерлери эки ракеталык жана 65 авиациялык. ал эми жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 93 жолу сокку урганын Украинанын Башкы штабы кабарлады.
Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет.
Орусиянын аскердик-техникалык жактан ядролук согушка даярдыгы бар, бирок Украина менен согушта аны колдонуу ниети болгон эмес. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 12-мартта РИА "Новости" агенттигинин башчысы Дмитрий Киселёвго курган маегинде билдирди .
Киселёв ядролук согушка даярданууга түздөн-түз үндөп жүргөн орусиялык ашынган консервативдүү философ Александр Дугинди мисал келтирип суроо берди. Путин Дугиндин айткандарына комментарий берген жок, бирок орус армиясы мындай согушка даяр экенин, мамлекеттин өзөктүк күчтөрү жогорку даярдык абалда турганын билдирди жана Орусиянын ядролук куралдануусу АКШныкынан кыйла заманбап экенин кошумчалады.
Бирок бул жолу Путин ядролук куралды биринчи баштап колдонуу ыктымалдыгы тууралуу айткан жок, андайга эгер ядролук согушту АКШ баштай турган болсо даяр экенин билдирди. Ал ядролук сыноолорду АКШ жүргүзбөсө, Орусия да өткөрбөй турганын айтты.
Киселёв 2022-жылдын күзүндө орус армиясы фронтто бир катар көйгөйгө туш болгон учурда Украинага каршы тактикалык ядролук куралды колдонуу планы болгонбу деп сурады. Путин "Мындай зарылчылык эч качан болгон эмес" деп жооп берип, фронтто маселе жаралбаганын, Херсондон орус аскерлери өзүлөрү чыгып кетишкенин айтты.
Путин Орусия Украинадагы согушту токтотуу тууралуу «сүйлөшүүлөргө даяр» экенин бул жолу да айтты, бирок, анын белгилешинче, фронттогу абал эске алынып, Орусиянын коопсуздугунун кепилдиги каралашы зарыл.
«Азыр алардын огу түгөнүп жатканы үчүн эле сүйлөшүү жүргүзүү биз тараптан болбогон нерсе болуп калат» деди ал.
Украинадагы согуш тууралуу Путин түзмө-түз эч нерсе айткан жок, бирок Киселёвдун "Одесса – орус шаары" жана "бул багытта чоң үмүт бар" деген сөзүнө "Албетте" деп жооп берди.
НАТОнун куралдуу күчтөрүн Украинага орнотуу тууралуу суроого орус президенти мындай чара согуш талаасындагы абалды эч өзгөртө албай турганын айтты.
Бул маек Орусиядагы президенттик шайлоону утурлай жарыяланды. Путин андагы негизги талапкер болуп, бешинчи президенттик мөөнөткө аттанууда. Талапкерлер арасында бийликтин саясатын, согушту сындаган бир да адам жок.
АКШ администрациясы Украинага 300 миллион доллар өлчөмүндө аскердик жардам жөнөтөрүн билдирди. Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан каражат Пентагондун келишимдерден үнөмдөп калган акчасынын эсебинен берилерин журналисттерге 12-мартта кабарлады:
«Биз жарыялап жаткан бул чукул жардам жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системалар (HIMARS) үчүн артиллериялык снаряддардан жана ок дарыдан турат. Украина азыр Орусиянын чабуулдарынан коргонуу үчүн ошондой курал-жаракка өтө муктаж болуп турат».
Салливан бул жардам кыска гана мөөнөткө жетерин, андыктан пландалып жаткан башка долбоорлор да тезирээк ишке ашышы зарыл экенин белгиледи.
60 миллиард доллардын тегерегиндеги жардам тууралуу мыйзам долбоору АКШ Конгрессинде бир нече айдан бери талкууланып, кабыл алынбай жатат.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.