Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:03
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Орусиянын Украинага соккусу: Каза тапкандар, жараат алгандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:24 15.3.2024

Беларуста Орусиядан аскердик чакыруудан качып жүргөн тажикстандык жаран кармалганын 14-мартта Москванын Тергөө комитети билдирди. Тергөөнүн маалыматына караганда, Тажикстандын 19 жана 20 жаштагы эки жараны Орусиянын жарандыгын 2019-2022-жылдары алышкан, бирок былтыр 22-октябрда аскердик анык кыматка чакырылганда Москвадагы аскердик комиссариаттын топтоо пунктунан качып кетишкен.

Орусияда аларга каршы «аскердик кызматтан баш тартуу» деген айып сыртынан тагылып, издөө жарыяланган.

Тергөөчүлөр жана кылмышкерлерди издөө кызматкерлери алардын бири Беларуста экенин аныктап чыгып, кармап, Москвага жеткиришкен. Кармалган жаран сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алган көрсөтмө берген.

19:05 15.3.2024

Финляндия Орусиянын аймагынан кирип башпаанек сурагандарга бөгөт коюучу убактылуу мыйзам иштеп чыгууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн 15-мартта финн өкмөтү билдирди.

Мыйзам кабыл алынса чек арачыларга андай адамдарды өлкө аймагына киргизбей коюу укугу берилет.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1340 чакырымды түзөт. Финляндия Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө уруксаты жоктордун агымы күчөгөнүн айтып чек арадагы өткөрмө бекеттеринин баарын былтыр жыл соңунда жаап койгон.

19:04 15.3.2024

Украина согушта каза болгон дагы 100 аскер кызматкеринин сөөгүн Орусиядан кайтарып алганын бүгүн 15-мартта өлкөнүн аскер туткундары боюнча координациялык штабы билдирди.

Куралдуу күчтөрдүн тийиштүү бөлүктөрү маркумдардын сөөгүн укук тартибин коргоо органдарына жана соттук-медициналык эксперттерге өткөрүп берип жатышканы, идентификация иши аяктагандан кийин туугандарынын колуна берилери маалымдалды.

Буга чейин Украина 58 аскеринин сөөгүн кайтарып алган, Орусияга 61 сөөктү өткөрүп берген.

Координациялык штабдын ишине Кызыл Чырым эл аралык уюму, Украинанын Коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги жана башка мекемелердин өкүлдөрү көмөк көрсөтүүдө.

19:04 15.3.2024

АКШда Украинага аскердик жардам боюнча ленд-лиз, башкача айтканда, насыя программасын иштеп чыгуу аракети көрүлүп жатканын сенатор Маркуэйн Маллин (Оклахома штатынан шайланган республикачы) билдирди.

14-мартта ал Арканзаста курал-жарак жасалуучу заводго барганда Украинага кошумча аскердик жардам демилгесин колдой турганын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG