Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:32 15.3.2024

Орусиялык соккунун кесепетинен Одессада 14 адам каза тапкан. Арасында бир куткаруучу жана медик бар. 46 адам жараат алган, алардын сегизи куткаруучу.

Орусия Одессага "Искандер" баллистикалык ракетасы менен сокку урганы кабарланууда. Мунун айынан бир катар мамлекеттик имараттар жана турак жайлар кыйраган.

20:20 15.3.2024

Украинанын Одесса шаарында бүгүн 15-мартта ракеталык чабуулдардан кеминде 14 адамдын өмүрү кыйылганын, арасында Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик башкармалыктын фельдшери жана кызматкери бар экенин облустук администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.

46 киши, арасында куткаруучулар, жараат алганы кабарланды.

16-март Одессада аза күтүү күнү деп жарыяланды. 3-мартта да бул шаарда 12 киши, арасында беш бала каза тапканда аза күтүү күнү болгон.

Бүгүн орус аскерлери Одессага сокку уруп, куткаруу иштери жүрүп жаткан жерге кайрадан чабуул койгону, баллистикалык ракета колдонулганы маалымдалды.

Одессага жасалган чабуул

19:24 15.3.2024

Беларуста Орусиядан аскердик чакыруудан качып жүргөн тажикстандык жаран кармалганын 14-мартта Москванын Тергөө комитети билдирди. Тергөөнүн маалыматына караганда, Тажикстандын 19 жана 20 жаштагы эки жараны Орусиянын жарандыгын 2019-2022-жылдары алышкан, бирок былтыр 22-октябрда аскердик анык кыматка чакырылганда Москвадагы аскердик комиссариаттын топтоо пунктунан качып кетишкен.

Орусияда аларга каршы «аскердик кызматтан баш тартуу» деген айып сыртынан тагылып, издөө жарыяланган.

Тергөөчүлөр жана кылмышкерлерди издөө кызматкерлери алардын бири Беларуста экенин аныктап чыгып, кармап, Москвага жеткиришкен. Кармалган жаран сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алган көрсөтмө берген.

19:05 15.3.2024

Финляндия Орусиянын аймагынан кирип башпаанек сурагандарга бөгөт коюучу убактылуу мыйзам иштеп чыгууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн 15-мартта финн өкмөтү билдирди.

Мыйзам кабыл алынса чек арачыларга андай адамдарды өлкө аймагына киргизбей коюу укугу берилет.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1340 чакырымды түзөт. Финляндия Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө уруксаты жоктордун агымы күчөгөнүн айтып чек арадагы өткөрмө бекеттеринин баарын былтыр жыл соңунда жаап койгон.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG