"Чоң жети" Иранга Орусияга баллистикалык ракета жөнөтпөөнү эскертти
Билдирүүдө ракета жана ага байланыштуу технология Орусияга бериле турган болсо Иран жаңы санкцияларга кабылары эскертилген. Анын ичинде мамлекеттик Iran Air авиакомпаниясынын Европага каттамдарына да чектөө киргизүү камтылган.
Буга чейин Рейтер агенттиги Иран Орусияга жетиштүү көлөмдө жакынкы аралыкка сокку уруучу баллистикалык ракета бергенин билдирген. Агенттик аты аталбаган америкалык өкүлгө таянып, ракета берилгенине далил жок экенин, бирок сүйлөшүүлөр болгонун билдирген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Венада "Орусия Украинага каршы колдонушу мүмкүн болгон Ирандын ракетасы тууралуу айтсак, биз Иранга мындай кылбоону эскерттик" деген.
Украинага согушка барып, каза тапкан орусиялык 47701 аскердин аты-жөнү такталды
Журналисттер 2022-жылы согуш башталгандан бери каза тапкан 47 701 орусиялык аскердин аты-жөнүн тактады. Маркумдардын 3 272си офицерлер. Көз карандысыз эсептөөнү Би-Би-Си жана "Медиазона" ыктыярчылар менен биргеликте жасаган. Алардын белгилешинче бул жерде аскерлер гана саналган, өлгөндөрдүн реалдуу саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн.
Акыркы маалымат даярдалып жаткан эки жума ичинде дагы 1023 адамдын өлүмү такталган.
Иликтөөчүлөр Авдеевканы курчоо жана басып алуу курмандыктардын санын көбөйткөнүн байкашкан, алар бул кырдаалды бир жыл мурдагы Бахмутту курчоого алган кезге салыштырышкан. "Айрым күндөрү жүздөгөн некрологдор жарыяланып жатты" дешет изилдөөчүлөр.
Орусиялык армия Авдеевканын жана Донецкинин чыгышында чабуулга өттү
Өткөн суткада авдеевка багытында 20дай орусиялык чабуул болгонун, Украинанын башкы штабы билдирди. Кармаш Бердичи-Орловка-Тоненьке – Первомайское линиясында жүрүп жатат. Бул багытта Авдеевкадан чегинген украин күчтөрү турган.
Орусиялык күчтөр андан тышкары Донецкинин чыгыш тарабындагы Красногоровка, Георгиевка жана Новомихайловка калктуу пункттарында чабуулга өтүп жатат, Украинанын Башкы штабы орусиялык күчтөр коргонууну жырып өтүү үчүн 22 жолу аракет кылганын билдирди.
Украинадагы согушта адам укугу бузулган окуяларды иликтеген комиссиянын эксперттери кезектеги баяндамасын даярдашканын бүгүн 15-мартта Би-Би-Си жана бир катар маалымат агенттиктери жазышты. Комиссия 2022-жылдын март айында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин чечими менен түзүлгөн.
Келерки аптада Женевада жарыялана турган документте орус аскерлеринин “системалуу жана кеңири масштабдагы” мыйзам бузуулары тууралуу баяндалганы, аларды аскер кылмышы жана адамзатка каршы кылмыш деп бааласа болору белгиленди.
Баяндаманын көпчүлүк бөлүгүндө Орусияга туткунга түшүп калган украиналык аскер кызматкерлери кабылган кыйноо жана мазактоо фактылары камтылган, алар тууралуу мурдагы туткундар жана орусиялык дезертирлер өзүлөрү айтып берген.
Уруп-сабоо, сексуалдык зомбулук, тамак же суу бербей кыйноо, электрошокер колдонуу фактылары баяндалган.
Украин жарандарынын укугу бузулган окуялар да бар экени, алар негизинен Орусия менен кызматташкан деп айыпталганы, бирок, маалымат берүүдөн таптакыр баш тартып койгон орус тарапка караганда Украинанын расмий адамдары БУУнун эксперттери менен кызматташып турганы белгиленди.