Париждеги жайкы оюндарга орусиялык 40 атлет катышышы мүмкүн. Бул тууралуу Рейтер агенттиги Эл аралык Олимпиада комитетинин вице-президенти Жон Коутска шилтеме менен жазды. Анын айтымында, бейтарап макамда орусиялык канча спортчу ат салышары белгисиз. Бирок болжолдуу саны 40ка жакын.
Орусия Украинага кол салганда кабыл алынган санкциялардын шартында эл аралык комитет Париж Олимпиадасында орусиялыктар бейтарап макамда гана жарыша алат деген чечим чыгарган. Москванын негизги союздашы Беларустун спортчуларына да ушундай чектөө киргизилген. Бул эки өлкөнүн символикаларын да колдонууга болбойт, расмий өкүлдөрү чакырылбайт.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба комитеттин өткөн декабрдагы бул чечимин айыптаган.
Буга чейин Европанын айрым өлкөлөрү менен Украина Орусияны жана Беларусту бейтарап макам менен да эч качан катыштырбоону талап кылып, уруксат берилсе, бойкот жарыялашы мүмкүн экенин айтышкан.
2023-жылдын март айында Эл аралык Олимпиада комитети согушту колдогон билдирүүлөрдү жасабаган, армияга байланышы жок орусиялык атлеттерге бейтарап желек алдында мелдештерге катышууга уруксат берүүнү сунуштаган.
Париж Олимпиадасы 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.
Украинанын Одесса шаарына Орусия 15-мартта урган ракеталык соккулардын курмандыктары кеминде 21ге жетти. Бул тууралуу Одесса облустук администрациясынын башчысы Олег Кипер 16-мартта Телеграм-каналында жазды.
Жаңы соккулардан жалпы 70тей киши жараат алган. Алардын 39у ооруканага жаткырылды, сегизинин абалы оор. Набыт кеткендердин бири дарыгер, бири куткаруучу экени кабарланды.
Мунун алдында орусиялык аскерлер "Искандер" баллистикалык ракетасы менен Одессанын бир эле жерине эки жолу сокку урганы маалымдалган. Дарыгерлер менен куткаруучулар биринчи чабуулдун кесепеттерин жоюу үчүн барган маалда курман болушкан.
16-март Одессада аза күтүү күнү деп жарыяланган. 3-мартта да бул шаарда 12 киши, арасында беш бала каза тапканда да аза күтүү күнү болгон.
Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын чабуулдарынан улам калаада үч кабаттуу имарат талкаланганын, башка жарандык инфратүзүмдөр жабыр тартканын, анын ичинде үйлөр да бузулганын кабарлады.
Орусиянын бийликчил блогерлери соккулар Украинанын полициясынын бөлүмдөрү жайгашкан имараттарга сокку урулганын жазып жатышат. Азырынча муну ырастаган маалыматтар жок. Орусиянын Коргоо министрлиги муну комментарийлей элек.
"Чоң жети" Иранга Орусияга баллистикалык ракета жөнөтпөөнү эскертти
Билдирүүдө ракета жана ага байланыштуу технология Орусияга бериле турган болсо Иран жаңы санкцияларга кабылары эскертилген. Анын ичинде мамлекеттик Iran Air авиакомпаниясынын Европага каттамдарына да чектөө киргизүү камтылган.
Буга чейин Рейтер агенттиги Иран Орусияга жетиштүү көлөмдө жакынкы аралыкка сокку уруучу баллистикалык ракета бергенин билдирген. Агенттик аты аталбаган америкалык өкүлгө таянып, ракета берилгенине далил жок экенин, бирок сүйлөшүүлөр болгонун билдирген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Венада "Орусия Украинага каршы колдонушу мүмкүн болгон Ирандын ракетасы тууралуу айтсак, биз Иранга мындай кылбоону эскерттик" деген.
Украинага согушка барып, каза тапкан орусиялык 47701 аскердин аты-жөнү такталды
Журналисттер 2022-жылы согуш башталгандан бери каза тапкан 47 701 орусиялык аскердин аты-жөнүн тактады. Маркумдардын 3 272си офицерлер. Көз карандысыз эсептөөнү Би-Би-Си жана "Медиазона" ыктыярчылар менен биргеликте жасаган. Алардын белгилешинче бул жерде аскерлер гана саналган, өлгөндөрдүн реалдуу саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн.
Акыркы маалымат даярдалып жаткан эки жума ичинде дагы 1023 адамдын өлүмү такталган.
Иликтөөчүлөр Авдеевканы курчоо жана басып алуу курмандыктардын санын көбөйткөнүн байкашкан, алар бул кырдаалды бир жыл мурдагы Бахмутту курчоого алган кезге салыштырышкан. "Айрым күндөрү жүздөгөн некрологдор жарыяланып жатты" дешет изилдөөчүлөр.