Украина орусиялык 34 дронду атып түшүргөнүн, Орусия беш аймагына чабуул болгонун билдирди
23-мартта Орусия Украинанын аймагын Shahed үлгүсүндөгү 34 учкучсуз учак менен аткылады. Чабуулга Полтава, Николаев, Днепропетровск, Херсон жана Запорожье облустары кабылганын Украинанын Аскер аба күчтөрү билдирди. Расмий маалыматта 31 дрон атып түшүрүлгөн. Жабыр тарткандар жана кыйроолор тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.
Украинанын Башкы штабы 23-марттын таңында өткөн суткада 69 аскердик кагылышуу болгонун билдирди. Айыгышкан кармаш новопавловка багытындагы - Красногоровка, Новомихайловка, Георгиевка жана Урожайное калктуу конуштарында болгон. Кандуу кармаштар Авдеевканын чыгышында да жүрүп жатат.
Ал эми 23-мартта Орусиянын беш аймагы учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды. Алдын ала маалыматта жарадар болгондор жана жабыр тарткандар жок. Соккулар үчүн орус бийлиги Украинаны айыптады.
Самара облусунда Куйбышев жана Новокуйбышев мунай заводдоруна сокку урулганын аймактын губернатору Дмитрий Азаров билдирди. Биринчисинде, мунайды иштеткен колонна күйүп кеткен, экинчисине урулган чабуулдун мизи кайтарылган. Жабыр тарткандар жана курмандыктар жок.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында түндө 12 учкучсуз учактын бешөө Брянск жана Белгород облустарында, Воронеж жана Саратов облустарында бирден атып түшүрүлгөн.
Белгороддо бизнес борборго сокку урулганын "Сота" сүрөт жана видеолор менен жарыялады. Калган аймактарда кыйроолор жана жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтыла элек.
Украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Орусиядагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууга байланыштуу билдирүү таратты. Михаил Подоляк бул окуяга Украинанын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
"Крокус Сити Холлдогу” ок атуу менен Украинанын эч байланышы жок. Мунун эч кандай мааниси да жок.”, - деди украин президентинин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк.
Биринчиден: Украинанын орус армиясы менен согушуп жатканына эки жылдан ашты. Согуш аскердик туура чечимдер жана куралдардын санына жараша аяктайт. Террористтик чабуулдар эч кандай маселени чечпейт.
Экинчиден, Украина эч качан террористтик ыкмаларды колдонгон эмес. Бул маанисиз. Баса, учурдагы согушка чейин Орусия өз жарандарына чабуул коюп, нааразы болгон этникалык топторго каршы "контртеррористтик акттарды" уюштуруу үчүн террордук ыкмаларды колдонгон. Москвадагы Кашир шоссесиндеги жана Волгодондогу окуяларды эске салуу жетиштүү.
Үчүнчүдөн: "Крокус Сити Холлдогу" окуяга чейин Москвадагы чет элдик элчиликтер кандуу окуялар болушу мүмкүн экенин эскерткенин укканбыз.
Жыйынтык: Москвадагы окуя согуштук пропаганданы, милитаризацияны, мобилизацияны күчөтүүгө, согушту жайылтууга колдонуларынан кымындай да шек санабайбыз. Андан тышкары Украинанын жай тургундарына урулган геноциддик соккуларын актоо үчүн да колдонулат", - деп жазган Подоляк.
22-мартта Киев шаарында бир нече өлкөнүн улуттук коопсуздук кеңешчилеринин жыйыны өткөн. АКШнын Украинадагы элчиси Брижит Бринк анда Орусия менен согушту токтотуу үчүн украин тарап сунуш кылган "тынчтык формуласы" талкууланганын билдирди.
22-мартта Орусия Украинанын энергетика тармагын жапырт аткылаган. Энергетика министри Герман Галущенконун айтымында, бул Украинанын энергетика тармагына урулган акыркы мезгилдеги эң ири чабуул болду. Анын айтымында, өлкөнүн ар кайсы жерлеринде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап жатат.
22-март күнү эртең менен Орусиянын Украинага чектеш Белгород шаары аткылоого кабылып, бир жергиликтүү тургун каза болгон.
Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Белгород облусу бүгүн 21-мартта да ракеталык чабуулга кабылганын, чыңалган кырдаалдан улам тургундар башка коопсуз аймактарга бара турушу зарыл экени эскертилип жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Украин чек арасынан беш чакырым аралыктагы Грайворон шаардык округунун администрация башчысы Геннадий Бондарев жергиликтүү тургундарды эвакуацияга чакырды.
«Округда калгандарга кайрылам. Кырдаал чыңалган бойдон турат. Туура чечим кабыл алып, шаар округунан убактылуу чыгып кетүүгө чакырам», – деп жазды ал өзүнүн телеграм-каналына.
Бондарев аларды Ярослав облусу кабыл алууга даяр экенин, азык-түлүк жеткирилип турарын айтты.
Грайворон округу Украинанын Харьков жана Сумы облустары менен чектешет. Соңку кезде аймак аткылоого көп кабылууда. 20-мартта эки жай тургун каза болгону маалымдалган.
Белгород облусунун саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 12-18-мартта бул аймакка жасалган соккулардан 11 киши каза болгон, жараат алгандар 82ге жеткен.
Чабуулдар үчүн орус тарап Украинаны айыптоодо. Украин бийлиги комментарий бере элек.
21-мартта Белгород облусунун аймагында жалпысынан жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 10 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Облус башчысы Вячеслав Гладков беш киши жараат алганын, баары ооруканага жеткирилгенин, көп кабаттуу үйлөрдө 30га жакын батир талкаланганын, электр зымы үзүлүп, 5 миңдей киши жарыксыз калганын айтты.
Бейшембиге караган түнү Киевде Орусиянын ракеталык чабуулунан 10 киши жараат алды. Алардын экөө ооруканага жаткырылганын шаардын мэри Виталий Кличко билдирди.
Атып түшүрүлгөн ракета сыныктары калаанын бир катар аймактарында турак жайларга, ишканаларга, бала бакчага жана автоунааларга кулады.
Подольск облусунда көмөкчордондон өрт чыгып, бир үйдүн чатыры күйүп кетти. Киевдин Шевченко районунда өрт чалган көп кабаттуу үйдүн тургундары эвакуацияланды.
Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко 20-март күнү кечинде баш калаага бир эле учурда ар кайсы багыттан атылган 30га жакын канаттуу ракеталар атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Расмий маалыматта Орусиянын ракеталык чабуулу үч саатка созулганы айтылат.
Украинанын бардык аймагында аба чабуулу тууралуу айгай салынды. Мурдараак Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Мурманск облусундагы авиабазадан кеминде тогуз Ту-95МС бомбалоочу учагы учканын кабарлаган.
Шаршемби күнү Орусиянын Харьковго ракеталык чабуулунан беш киши набыт болгон. Снаряддар басмакананы жана эмерек чыгаруучу цехти талкалаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталык соккулар тууралуу комментарий бере элек.