Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47
Украина, Орусия жана АКШ  өкүлдөрү сүйлөшүүдө, 4-февраль, 2026-жыл
Украина, Орусия жана АКШ өкүлдөрү сүйлөшүүдө, 4-февраль, 2026-жыл

Абу-Дабиде Украина, АКШ жана Орусия сүйлөшүүлөрү өтүп жатат

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:59 24.3.2024

Украинанын шаарлары аткылоого кабылды

Орус аскерлери ишембиден жекшембиге караган түнү Украинанын Львов облусун аткылады. Украин аба күчтөрүнүн жана Львов шаарынын мэри Андрей Садовдун айтымында, ракеталык чабуул эки сааттан ашык убакытка созулду.

Львов облусуна 20дай ракета жана "Шахед" үлгүсүндөгү бир нече дрон атылып, баарын украин армиясы абадан атып түшүргөн. Кыйроолор жана кыйроолор болгон жок.

Киевдин үстүнөн онго жакын канаттуу ракета жок кылынганын шаардын аскердик администрациясы билдирди. Жабыркагандар жок. Украин бийлиги жарандарды бомбадан баш калкалоочу жайларга кирүүгө чакырды.

Жекшембиге караган түнү Сумы аймагына артиллериялык чабуул болгон. Жардыруулар Кривой Рогдо да болуп, айрым турак жайларда жарык үзгүлтүккө учураган.

Орус аскерлери Украинанын аймагын күн сайын аткылап жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги аскерий буталарга гана сокку уруп жатканын билдирип, Украинанын аймактарындагы кыйраган инфраструктура, миңдеген жарандардын өлүмүнө алып келген соккулар тууралуу комментарий бербейт.

15:51 24.3.2024

Севастополго ракеталык чабуул

Ишембинин кечинде Украинанын Орусия аннексиялап алган Севастополь шаарында абадан чабуул болушу мүмкүн деген эскертүү берилди.

Жергиликтүү тургундар жардыруулардын видеолорун жарыялашты. Ракета Соловьев көчөсүндөгү Украинанын Аскер-деңиз флотунун мурдагы штабына, азыр Орусиянын Кара деңиз флотунун маалымат-эсептөө борборун бутага алып, тийген деген божомол бар.

15:31 24.3.2024

Орус аскерлери 24-мартта эртең менен Украинанын Львов облусуна "Канжар" менен сокку урду.

Облустук аскер администрациясынын башчысы Максим Козицкийдин айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча, түн ичинде аткыланган бир эле маанилүү инфраструктуралык объектиге эки жолу сокку урулган.

Ошол маалда иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөргө убагында эскертүү берилип, алар коопсуз жайга чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

23:34 23.3.2024

Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгы орус президенти Владимир Путиндин "Крокус Ситидеги” окуяга шектүү чек араны өтүүдө “украин тараптан даярдалган жол болгон” сөзүн четке какты.

Чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов Путиндин версиясы суу кечпейт турганын айтты. Юсов Орусия Украинага согуш ачкан үч жылдан бери чек ара аймактарында армия, атайын тыңчы, атайын кызматтын өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнө толуп турарын айтып, чек сызыктарында мина коюлганын жана аэрочалгын баштаган бардык жабдыктар менен эки тарап тең көз салып турарын билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-мартта, түштөн кийин телекайрылуу жасап, шектүүлөр Украинаны көздөй баратканда кармалганын, аларга чек арадан өтүп кетүүгө “жол” даярдалганын билдирген. Бирок анын чоо-жайына токтолгон эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG