Орусиянын Ростов облусунда 25-мартка караган түнү абадан коргонуу күчтөрү 11 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлап, бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптады.
Облус губернатору Василий Голубев Новочеркасск мамлекеттик райондук электр станциясында өрт чыкканын билдирди, бирок себебин тактаган жок.
Станциянын жогорку чыңалуудагы эки түйүнү иштебей калганы, оңдоо иштери жүрүп, келтирилген чыгым эсептелип жатканы, адамдар арасында жабыркагандар жок экени кабарланды.
Новочеркасск шаарынын тургундары бир нече жолу жарылуу болгонун, электр станциясы жакта түтүн чыгып жатканын билдиришкен.
Соңку апталарда Орусиянын башка аймактарында да энергетикалык объектилерде өрт чыккан, жарылуу болгон окуялар катталган.
Украина 25-мартка караган түнү да Орусиянын дрон чабуулуна кабылганы маалымдалды. Сокку өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына урулганын, бир нече аймак электр жарыгысыз калганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Украинанын түштүк аймагындагы Николаев шаарында учкучсуз учактардын соккусунан 11 жай тургун жараат алганын, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары тийген бир нече үй талкаланганын мэр Александр Сенкевич Telegram каналына жазды.
Николаев облустук аскердик башкармалыгынын башчысы Виталий Ким Shahed дронунун айынан энергетикалык объектилердин биринде өрт чыкканын билдирди.
Кара деңиздин жээгиндеги порт шаары Одессада да орусиялык учкучсуз учактардын соккусунан электр энегриясы өчүп калганын облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер Telegram каналына жазды. «Энергетикалык инфраструктурага зыян тийди. Одессанын бир бөлүгүндө электр жарыгы жок. Бардык ыкчам кызматтар иштеп жатышат», - деди ал.
Соңку күндөрү Орусия Украинанын аймактарына чабуулдарын күчөттү. 23-мартта Киев бийлиги 1 миллионго жакын жай тургун электр энергиясы жок отурганын маалымдаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнкү кечки видеокайрылуусунда “Крокус Сити Холлдогу” куралдуу чабуул боюнча комментарий берди. Ал Орусиянын президенти Владимир Путинди кол салуу үчүн Украинаны айыптоого аракеттенип жатат деп күнөөлөдү.
Муну менен катар Зеленский окуяларга Орусиянын бийлигинин өзүнүн катышы болушу мүмкүндүгүн ишарат кылды.
“Кечээ Москвада болгон окуяны Путин жана башкалар жөн гана башкаларга оодара койгусу келип жатканы көрүнүп турат. Алардын ыкмалары ар дайым окшош. Мындай буга чейин да болгон. Үйлөрдү жардыруулар да, аткылоолор да, жардыруулар да болгон. Дайыма алар башкаларды күнөөлөшөт”, - деди Украинанын президенти.
Ал Орусиянын өзүн Украинага каршы террорго айыптады.
“Алар украин жерине жүз миңдеген террористтерин алып кирип, бизге каршы согушуп жатышат. Аларга өз өлкөсүнүн ичинде эмне болуп жатканы баары бир”.
Мурдараак Украинанын Коргоо министрлиги орус президенти Владимир Путиндин “Крокус Сити Холлго” кол салгандар орус-украин чек арасына карай багыт алгандыгы жана ал жакта украин тараптан жардам даярдалып жаткандыгы боюнча билдирүүсүн четке каккан.
Украин Коргоо министрлигинин өкүлү Андрей Юсов Путиндин версиясы негизсиз жана чындыкка жатпай турганын билдирген. Юсов согуш убагында орус-украин чек арасында “аскерлер, атайын агенттер, атайын кызматтын өкүлдөрү жана күч кызматкерлери” көп экенин, чек ара сызыктарына миналар коюлганын жана катуу көзөмөлгө алынарын эске салган.
“Крокус Ситиде” кол салгандардын Украинага карай баратканы жана чек арага жакын жерде кармалганы тууралуу буга чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы билдирген.
Жекшембиге караган түнү Орусиянын Украинага чабуулдарында ракеталардын бири Польшанын аймагына өтүп кетти.
Польша бийлиги ракеталардын бири өлкөнүн аба мейкиндигинен өткөнүн ырастады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Украинага түнкүсүн 29 канаттуу ракета атылган, анын 18и атып түшүрүлгөн жана "Шахед" үлгүсүндөгү 28 дрон жок кылынды.