Зеленский: Украина АКШдан аскердик жардам албаса, аскерлерге чегинүүгө туура келет
Украинанын президенти Владимир Зеленский The Washington Post гезитине АКШ Конгрессинин аскердик жардам берүүнү кечиктиргени Киевге кымбатка түшкөнүн айтты.
"Биз жарым жылды жоготтук. Биз мындан ары убакытты жогото албайбыз. Украина партиялар ортосундагы саясий суроо болбошу керек", - деди Зеленский. Анын айтымында, "Эгер Украина жеңилсе, Путин дүйнөнү Орусиянын кастары жана достору" деп бөлөрүн айтты.
Украина АКШдан аскердик жардам албаса, анын өлкөсүнүн аскерлерине чегинүүгө туура келерин кошумчалады. "АКШнын колдоосу болбосо, бизге абадан коргонуу болбойт, "Патриот" ракеталары жок, радиоэлектрондук кармаш үчүн каражаттар да жок, 155-миллиметрлик артиллериялык снаряддар да жок. Бул биздин кадам сайын чегине турганыбызды билдирет", - деп айтты Зеленский.
Украин президенти өлкөнүн энергосистемасына жасалган орусиялык чабуулдарды дал өзүндөй жооп кайтаруу менен токтотуу керектигин айтты. Эске сала кетсек, жаз айынан баштап Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна чабуул күчөгөн.
"Эгер биздин энергосистемабызды абадан коргой албасак, орусиялыктар ага чабуул кое берет. Мен биз эмнеге анте албайбыз деп сурагым келет. Алардын коомчулугу да бензинсиз, дизелсиз, электрсиз жашоого үйрөнүшү керек. Бул чындык. Орусия токтогондо, биз да токтойбуз", - деди Зеленский.
30-мартка караган түнү Украинага 12 дрон чабуул койду
"Шахед" үлгүсүндөгү тогуз учкучсуз учак Херсон, Одесса, Днепропетровск жана Полтава облустарында атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Украинанын аскер аба күчтөрү билдирди. Орусиялык күчтөр С-300/С-400 үлгүсүндөгү төрт зениттик ракеталары менен Донецк облусун да аткылаган. Полтавада инфраструктуралык объектке түшкөн. Жабыркагандар жок экенин жергиликтүү бийликтер кабарлады.
АКШ менен Украинанын коргоо министрлери Ллойд Остин менен Рустем Умеров Вашингтондун Киевге берчү жардамын бекитүү маселесин, согушка байланыштуу соңку кырдаалды талкуулады.
Пентагондун басма сөз кызматы анда Украинада курал-жарак, ок-дары таңкыс болуп жатканы тууралуу сөз болгонун билдирди. Отин менен Умеров АКШнын Конгресси жаңы жардамдын топтомун чукул арада бекитип бериши маанилүү экенин белгилешкенин кабарлады.
АКШ Конгресси Украинага 60 миллиард долларлык жардам берүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл ала элек. Аны Сенат жактырган, бирок Өкүлдөр палатасынын колдоосуна ээ боло элек.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда "Украина. 2024-жыл" форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.
Орусиянын НАТОнун кайсы бир мүчө өлкөсүнө карата согушуу планы жок экенин орус президенти Владимир Путин билдирди. 27-мартта Тверь облусунда аскердик учкучтар алдында сүйлөп жатып, ал Орусия Польшага, Балтика боюндагы өлкөлөргө же Чехияга чабуул койбой турганын, бирок эгер Батыш Украинага F-16 кыргынчыларын бере турган болсо, алар орус аскерлери үчүн мыйзамдуу бутага айланарын айтты.
Путин АКШ баштаган альянс 1991-жылы Советтер Союзу урагандан кийин чыгышка, Орусияны көздөй кеңейгенин, бирок Москванын НАТОго мүчө өлкөлөргө чабуул коюу ниети жок экенин билдирди.
«Бизде бул мамлекеттерге карата агрессивдүү ниет жок», — деди Путин.
Украин бийлиги Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган 2022-жылдын февраль айынан бери Батыштагы союздаштарынан өзүнүн аба мейкиндигин көзөмөлдөөчү, коргоочу аскердик жардам, анын ичинен F-16 учактарын берүүнү сурап келет.
НАТОнун бир нече мүчөсү кыргын салуучу бул америкалык F-16 учактарын Украинага 2023-жылы эле берерин убада кылган.
Быйыл жайында Европанын айрым мамлекеттери Украинага убада кылган ондогон F-16 учактарынын алтоо жеткирилери айтылган.