Москва оккупациялап алган Крымда Орусиянын Ка-27 тик учагы жок кылынганын бүгүн 10-апрелде Facebook баракчасына Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн расмий өкүлү Дмитрий Плетенчук жазды.
"Крымда [бир] орусиялык Ка-27 минус болду. Бир нерсе издеген экен. Тапты", - деген Плетенчук андан башка маалыматты ачыктаган жок.
«Бул боюнча такталган маалыматты жарыялоого азырынча даяр эмесмин», — деди ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматына.
Орусия азырынча Украинанын бул билдирүүсүнө расмий комментарий бере элек.
Ка-27 тик учагы — советтик мезгилде жасалган учак. Февраль айында украиналык аскерлер Донецк облусунун Авдеевка аймагында орусиянын чабуул коюучу К-52 тик учагы жок кылынганын билдиришкен.
Украин аскерлери мындан тышкары Орусия учурган 17 согуштук дрондун 14үн атып түшүргөн. Бутага Одесса жана Николаев облустары алынганы, Одессада канаттуу эки ракета да жок кылынганы кабарланды.
Одесса облусунун губерантору Олег Кипердин айтымында, орусиялык учкучсуз учактар жана баллистикалык ракеталар энергетикалык инфраструктура объектилерин бутага алды. Эки киши жараат алганы, учак сыныгы түшкөн жерлерде маанилүү транспорттук жана логистикалык инфраструктура кыйраганы маалымдалды.
Донецк облусунун Константиновка шаарында Орусиянын чабуулунан эки кабат үй талкаланганын, куткаруучулар бир аял жана бир баланын сөөгүн уранды астынан алып чыгышканы кабарланды.
Өткөн түнү «Укрэнерго» ишканасынын подстанцияларынын биринин иши да орус аскерлеринин чабуулунан кийин үзгүлтүккө учурап, Николаев жана Херсон облустарынын айрым аймактары электр жарыгысыз калганы, шейшемби күнү гана калыбына келтирилгени маалым болду.
Financial Times басылмасы 9-апрелде жазгандай, Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине каршы чабуулдар тактикасын өзгөртүп, Киевге караганда азыраак корголгон аймактардагы электр станцияларын талкалоо үчүн жогорку тактыктагы ракеталарын колдоно баштадаы.
Орусияда Украинадагы согушту айыптаган, украиналык качкындарга жардам берген ыктыярчы Александр Демиденко тергөө абагында каза болду. Федералдык жаза аткаруу кызматынын Украина менен чектеш Белгород облусу боюнча башкармалыгы ал өз жанын өзү кыйды деген маалыматты таратты.
Мекеме окуя 5-апрелде болгонун, ошол эле күнү туугандарына кабар берилгенин билдирди. Бирок маркумдун жакындары анын өлүмү тууралуу 8-апрелде гана адвокаттан укканын айтып жатышат.
"Важные истории" басылмасынын маалыматына караганда, Демиденкону 2023-жылы 17-октябрда чеченстандык "Запад-Ахмат" батальонунун аскерлери кармап кеткенде эле ур-токмокко алып, үтүк жана электрошокер менен кыйнашкан, өзүн жана аялын коркутуп-үркүтүшкөн. "Ал ошондо эле өз жанын кыя турган абалга жетип калган", - деди басылмага маек курган адамдардын бири.
Демиденконун уулу Олег: "Аны жарым жылдан бери жакындарына жолуктурбай, китеп окутпай, психологиялык жактан өлтүрүп келатышты", - деп жазды.
Орусиянын Украинага кол салуусун ачык айыптап чыккан 61 жаштагы активист Белгород облусундагы жүздөгөн украиналык качкындарга мекенине кайтууга жардам берген. Былтыр октябрда кармалганда алгач полиция аны "коомдук жайда алкоголдук ичимдик ичип, эреже бузган" деп айыптаган. Кийин "мыйзамсыз курал алып жүргөн" деген айып тагылган.
Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусия 9-апрелге караган түнү өлкө аймагына учурган 20 учкучсуз учактын баарын атып түшүргөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Shahed согуштук дрондору Николаев, Одесса, Херсон, Днепропетров, Полтава, Винница жана Львов облустарын көздөй учурулган.
Айрым жерлерде имараттар талкаланганы маалымдалды.
Ал эми дүйшөмбү күнкү ракеталык чабуулдан Полтава облусунда бир кишинин өмүрү кыйылганын, жараат алгандар 12 киши, алардын экөө балдар экенин, үйлөр жана автомашиналар талкаланганын бүгүн Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.
Орусиянын ракеталык чабуулуна 8-апрелде Запорожье облусу да кабылган. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоровдун айтымында, төрт киши каза болду, сегиз киши жараат алды, 14 имарат, анын ичинен оорукана жана маданий мекеме кыйрады.
Орусия Запорожьени «Искандер» ракеталык комплекси менен аткылаганын билдирип, «учкучсуз учактар кампасы жана ошондой курал жасалуучу цех жок кылынды» деп маалымдаган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги Кара деңизде Украинанын "Нептун" ракетасы жана Белгород, Воронеж облустарында төрт дрону атып түшүрүлгөнүн да билдирди.
11-апрелде Орусиянын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ядролук коопсуздук боюнча уюмдарынын башкаруучулар кеңешинин кезексиз жыйыны өткөнү жатканы белгилүү болду. Бул кеңештин курамында 35 өлкө бар.
Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясындагы реактордун тосмосу дрон чабуулуна кабылганын 8-апрелде маалымдаган. Бул объект азыр Орусиянын көзөмөлүндө турат.
Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылы 24-февралда кабылгандан бери күрөшүн улантып келе жатат.
Президент Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе бул согушта жеңилиши мүмкүндүгүн 8-апрелде эскертти. Кошмо Штаттарда былтыртан бери Украинага жардам боюнча бир нече демилге көтөрүлүп, талкууланып, бирок кабыл алынбай келе жатат.
Зеленский: АКШ тезинен жардам бербесе, Украина утулушу мүмкүн
Украин президенти Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе, Украина урушта жеңилиши мүмкүндүгүн эскертти. Конгресстин Өкүлдөр палатасы жардам каражатты бөлүү чечимин былтыркы күздөн бери жактыра албай келатат.