Украин парламенти мобилизациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам бүгүн 11-апрелде Жогорку Радада экинчи, жыйынтыктоочу окууда каралып, кабыл алынды.
Ага «макул» деп добуш берген 283 депутат бийликтеги "Слуга народа" партиясынын жана башка бир катар фракциялардын өкүлдөрү болду.
Долбоордо үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин аскерден бошотуу тууралуу да жобо бар эле. Бирок аны Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы Александр Сырскийдин өтүнүчү менен алып коюшканы белгилүү болду.
Демобилизация тууралуу мыйзам өзүнчө иштелип чыгары айтылды.
Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы согушуп келе жатат.
3-апрелде Зеленский аскерге 500 миң кишини мобилизациялоо зарылчылыгы азырынча жок экенин айткан. Бирок, анын белгилешинче, бул «адилеттик маселеси», анткени азыр согуш талаасында жүргөндөр нааразылык айтпаганын алар эс албашы же ордуна башкалар барбашы керек деп кабыл алуу туура эмес. Былтыр 19-декабрдагы пресс-конференцияда Зеленскийдин аскерге 500 миң кишини чакыруу тууралуу сунуш болуп жатканы жөнүндөгү билдирүүсү кызуу талкуу жараткан.
2-апрелде украин президенти аскерге мобилизациялоого 27 эмес, 25 жаштан алуу тууралуу мыйзамга кол койгон.
Украина 11-апрелге караган түнү Орусиянын топтоштурулган жапырт ракеталык жана дрон чабуулуна кабылганын, бутага негизинен энергетика объектилери алынганын билдирди. Харьков, Одесса, Львов, Запорожье жана Киев облустарында 200дөй куткаруучу иштеп жатканын, адамдар арасында жабыркагандар жок экенин, эгер зарыл болсо мобилдик генератордук станциялар орнотуларын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусия бул жолу 40тан ашуун ракета жана сокку уруучу 40 дрон колдонгонун айтып, алардын кайсы бир бөлүгү гана кармалганын, абадан коргонуу системаларына болгон муктаждык «өтө курч» болуп жатканын билдирди.
“Дүйнө дал ушул жерде, дал азыр, дал биздин орусиялык террорду жеңүү мүмкүнчүлүгүбүз аркылуу террор кылмыш катары кабылданарын далилдей алат. Көздү жумуп отура берүү жана узакка созулган талкуу эмес, абадан коргонуу жана башка коргоо жардамы керек”, - деп жазды Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчасына.
Газ транзити үчүн жооптуу «Нафтогаз Украина» ишканасы 11-апрелдин таңында орусиялык аскерлер газды жер алдында сактоочу эки кампаны бутага алганын, чабуулдун кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жалпысынан бейшембиге караган түнү Орусия чабуул коюучу 82 каражат колдонду, алардын арасынан 57 ракета жана дрон атып түшүрүлдү. Канаттуу Х-101/Х-555 ракетасынан 20, баллистикалык Х-47М2 «Кинжал» ракетасынан алтоо, баллистических С-300 ракетасынан 12, учкучсуз «Шахед» учактарынан 40 жана башкарылуучу Х-59 авиаракетасынан төртөө колдонулганы маалымдалды.
Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе бул согушта жеңилиши мүмкүндүгүн 8-апрелде эскерткен. Кошмо Штаттарда былтыртан бери Украинага жардам боюнча бир нече демилге көтөрүлүп, талкууланып, бирок кабыл алынбай келе жатат. Конгрессте сунуш кылынган мыйзам долбоорлору колдоо таба элек.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кошмо Штаттардын Конгрессин Украинага жардам маселесин чечүүгө үндөштү. 9-апрелде Мамлекеттик департаменттеги жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Кэмерон Украинаны колдоо америкалыктардын коопсуздугу үчүн да маанилүү экенин белгиледи:
"Мен бул жакка кимдир-бирөөгө лекция окуганы же АКШдагы саясий процесстерге кийлигишүү үчүн келип олтурганым жок. Бул өлкөнүн чоң досу жана ага ишенген адам катары бөлүнгөн каражат силердин да коопсуздугуңар, кызыкчылыгыңар жана силердин да, өнөктөштөрүңөрдүн да келечеги үчүн маанилүү экенин белгилеп, өтүнгөнү келдим".
Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылы 24-февралда кабылгандан бери күрөшүн улантып келе жатат.
Президент Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе бул согушта жеңилиши мүмкүндүгүн 8-апрелде эскертти. Кошмо Штаттарда былтыртан бери Украинага жардам боюнча бир нече демилге көтөрүлүп, талкууланып, бирок кабыл алынбай келе жатат. Конгрессте сунуш кылынган мыйзам долбоорлору колдоо таба элек.
9-апрелде да Зеленский Харьков облусуна барганда Батыштагы өнөктөштөргө кайрылып, бул аймак Орусиянын чабуулуна күн сайын кабылып жатканын айтты жана “Харьков облусу - өтө маанилүү территория. Биз даяр турушубуз керек. Орусиялыктар да биз даяр экенибизди көрүшү зарыл" деп айтты.
9-апрелдин кечинде АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага 138 миллион доллар бөлүнүп жатканын, бул акча украин аскерлерине буга чейин өткөрүп берилген Hawk зениттик-ракеталык комплекстерин оңдоого жана иштетүүгө жумшаларын маалымдады. (
Москва оккупациялап алган Крымда Орусиянын Ка-27 тик учагы жок кылынганын бүгүн 10-апрелде Facebook баракчасына Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн расмий өкүлү Дмитрий Плетенчук жазды.
"Крымда [бир] орусиялык Ка-27 минус болду. Бир нерсе издеген экен. Тапты", - деген Плетенчук андан башка маалыматты ачыктаган жок.
«Бул боюнча такталган маалыматты жарыялоого азырынча даяр эмесмин», — деди ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматына.
Орусия азырынча Украинанын бул билдирүүсүнө расмий комментарий бере элек.
Ка-27 тик учагы — советтик мезгилде жасалган учак. Февраль айында украиналык аскерлер Донецк облусунун Авдеевка аймагында орусиянын чабуул коюучу К-52 тик учагы жок кылынганын билдиришкен.
Украин аскерлери мындан тышкары Орусия учурган 17 согуштук дрондун 14үн атып түшүргөн. Бутага Одесса жана Николаев облустары алынганы, Одессада канаттуу эки ракета да жок кылынганы кабарланды.
Одесса облусунун губерантору Олег Кипердин айтымында, орусиялык учкучсуз учактар жана баллистикалык ракеталар энергетикалык инфраструктура объектилерин бутага алды. Эки киши жараат алганы, учак сыныгы түшкөн жерлерде маанилүү транспорттук жана логистикалык инфраструктура кыйраганы маалымдалды.
Донецк облусунун Константиновка шаарында Орусиянын чабуулунан эки кабат үй талкаланганын, куткаруучулар бир аял жана бир баланын сөөгүн уранды астынан алып чыгышканы кабарланды.
Өткөн түнү «Укрэнерго» ишканасынын подстанцияларынын биринин иши да орус аскерлеринин чабуулунан кийин үзгүлтүккө учурап, Николаев жана Херсон облустарынын айрым аймактары электр жарыгысыз калганы, шейшемби күнү гана калыбына келтирилгени маалым болду.
Financial Times басылмасы 9-апрелде жазгандай, Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине каршы чабуулдар тактикасын өзгөртүп, Киевге караганда азыраак корголгон аймактардагы электр станцияларын талкалоо үчүн жогорку тактыктагы ракеталарын колдоно баштадаы.